Башкы прокуратура Бажы кызматына каршы иш козгоду

Башкы прокуратура Мамлекеттик Бажы кызматынын  автоматташтырылган маалыматтык системасына мыйзамсыз киргени боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши Кылмыш жана жаза кодексинин -315-204-210-беренелеринин негизинде (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “аткезчилик” жана “бажы салыктарынан качуу”) козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында, Бажы кызматынын айрым кызматкерлери жана башка кишилер 2017-жылдын ав­густ айынан октябрь айына чейин автоматташтырылган системанын сыр сөзүн жана логинин пайдалануу менен ага мыйзамсыз кирип, бажы процедураларын жасап жүргөнү аныкталган. Бул ЕАЭБге кирген өлкөлөргө болжол менен 143 млн сомдук материалдык зыян алып келген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Булак: Тамчы 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *