Башкы прокурордун үйү жок. Бирок, 150 миң сомго бааланган эмереги бар

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов киреше боюнча декларацияда өткөн, 2017-жылы 806 700 сом киреше тапканын билдирди.

Анын Бишкекте өзүнө тиешелүү турак жайы жок. Бирок, 0,6 га жер тилкеси жана 150 миң сомго бааланган эмереги бар. Мындан тышкары анын жарым миллионго бааланган ири жана майда мүйүздүү малы бар экени маалымдалган. Ал эми туугандары 128 миң сом киреше тапкан , 41,7 чарчы метр көлөмдөгү батири жана 120 миң сомго бааланган ири мүйүздүү малы бар.

Эскерте кетсек, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрель айында кызматка келген. Ал 2017-жылы Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген.

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *