Батирди саатына, cуткасына ижарага бергенге тыюу салган мыйзам аткарылбай жатат

Кыргызстанда көп кабаттуу турак-жайларда суткасына батирди ижарага берүүгө 2017-жылдын январь айынан баштап тыюу  салынган. Бирок Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдөгү каалаган батириңди бир суткага же бир нече саатка ижарага алсаң боло берээрин биздин журналисттер аныктап чыгышты

Тынч жашоого тоскоол болгондор

Көп кабаттуу үйлөрдө саатына, суткасына батирди ижарага бергендердин үстүнөн жергиликтүү тургундар арызданып келишкен. Бишкек шаар мэриясы “Чыгыш-5” кичирайонундагы батирин ижарага берген батир ээсинин үстүнөн сотко кайрылып, жеңип алгандыгы маалым. Тургундардын бир канча жолку арыз, кайрылууларынан улам Жогорку Кеңеш 2016-жылдын жылдын 16-ноябрында Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган.

Мыйзамдын демилгечиси депутат Кожобек Рысбаев көп кабаттуу үйлөрдөгү батирди саатына, суткасына ижарага бергендер тургундардын тынч жашоосуна тоскоолдук келтирип, жүрүш-туруш чегин бузуп, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирип жатат деп мыйзам долбоорун сунуштаган.

2011-жылдын 4-январында Бишкектин 8-кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн батиринен террорчу топ милициянын үч офицерин өлтүрүп кетишкендиги маалым.

Ал эми дагы бир окуяны эстесек, 2015-жылдын 11-12-октябрында Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 колониядан качкан 9 террористтин бири—Бишкектин «Достук» кичирайондогу батирди ижарага алып, ал көп кабаттуу үйдүн ижарага алынган батиринде атышып, 2 адам менен өзгөчө отряддын жоокери каза болгон.

ИИМдин маалыматы боюнча 2005-жылдан 2014-жылга чейин жеке мейманкаларда 397 кылмыш иши болуп өткөндүгү айтылган. Ал кылмыштардын арасында алдамчылык, зордуктоо, уурулук, машина айдап качуу, жеңил ойлуулардын уюгу сыяктуу мыйзам бузуулар. Эгер 2005-жылы жеке мейманканаларда 39 кылмыш иши жасалса, 2014-жылы 57 кылмыш иши жасалган.

2016-жылдын 31-декабрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Анын негизинде 2017-жылдын 10-январынан баштап батирди саатына жана суткасына ижарага берүүгө тыюу салынган.  Мыйзамды аткарбаган жарандарга 70 расчеттук эсеп же тактап айтканда 7 миң сомдон, жетекчилерге 90 расчеттук эсеп же 9 миң сом, юридикалык тараптарга  700  расчеттук эсеп же 70 миң сом айып пул салуу каралган.

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн суткасына ижарага батир бат эле табылат

Ал эми мыйзам кабыл алынгандан бери дээрлик жыл өттү. Азыркы абал кандай?

Бишкектен бир канча саатка, бир түнгө же бир суткага батир алам деген киши убара деле болбойт. Мыйзам боюнча тыюу салынганына карабай интернеттен мындай кызмат көрсөтө турган сайттарда каалаган батириңди каалаган мөөнөткө ижарага ала аласың. Мындай мүнөздөгү жарыяларды аlga.kg, diesel.elcat.kg, bishkek.kvartirka.com, lalafo.kg, bazarmazar.kg, bishkek.sutochno.ru, house.kg, bihotel.kg сайттарынан жана “Вечерний Бишкек” сымал бир катар гезиттерден табууга болот.

Суткасына ижарага берген батирлердин жарыяларынын көптүгү боюнча stroka.kg жана diesel.elcat.kg алдыда. Дизель форумунун атайын мейманкана деген бөлүгүндө күнүнө 200-250 чамалуу жарыя илинип, күн сайын жаңыланып, кошулуп турат. Ал эми stroka.kg сайтында андай мүнөздөгү жарыялардын саны 600дөн ашык экен. Батирлердин баасы шартына жана дарегине жараша өзгөрүлөт. Бардык шарттары менен болгон катардагы батирлердин суткалык ижара акысы 1000-2000 сомдун тегерегинде болсо, элиталык турак-жайлар 2500-4000 сомго чейин жетет. Ал эми саатына орточо баа менен алганда 500 сомго чейин батирди ижарага алууга мүмкүн. Бардык шарты бар батирлерде: интернет, санариптик телевизор, муздаткыч, кондиционер, микроволновка, үтүк. Кыскасы, шейшеп-жууркандан тартып эмеректин бардык түрүнө чейин болот. Үй ичи ыңгайлуу жана жылуу-жумшак экен. 

Мына ушундай жайнаган жарыялардын ичинен Абдрахманов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан батирдин бирин тандап, кардар катары суткасына ижара алууга болобу деп сурап көрдүк. Телефон чалуубузга жооп берген Бегимай шаарда анын 1, 2, 3 бөлмөлүү бир нече батири бар экендигин, жакшы ремонттолгондуктан суткасына 4000 сомго берилерин айтып берди.

Батирлерди суткасына ижарага берүүгө тыюу салынган мыйзам тууралуу билеби, билсе эмне себептен ишин улантып жаткандыгын сураганыбызда  “Мыйзам чыкты, бирок азыр күчүнө кире элек. Бизге эч ким тыюу сала элек. Милиция келбейт. Эгер бизде кандайдыр бир көйгөйлөр болгондо, биз иштебейт болчубуз да” деп жооп берди.

Андан соң филармонияда жайгашкан дагы бир батирдин жарыясы менен байланышканыбызда, Адель аттуу айым “Бета-Сторес”, Бөкөнбаев, Раззаков, Панфилов, Фрунзе көчөлөрүндөгү 3-4 бөлмөлүү батирлерин сунуштады. Батирлерди ижарага берүү тууралуу мыйзам жөнүндө билесизби, милиция келип текшереби деген суроолорубузга “Мыйзам бар экенин билем. Бирок шаарда баары эле иштеп жатпайбы. Милиция жагынан көйгөй болбойт” деп жооп берди.

Ошондой эле stroka.kg сайтындагы Чүй менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарыянын ээсине чалып көрдүк. Кызыгы жарыяда көрсөтүлгөн телефон номер мындан тышкары дагы үч башка батирдин жарыясында белгиленгенин көрдүк. Телефон чалганыбызда аталган батир бош эмес экендигин, бирок “Чыгыш-5” кичирайонундагы башка батирди сунуштай аларын айтты. “Чыгыш-5теги” батирди көрөлү дегенибизде, үй кызматкеринин (горничная) телефон номерин берди.

Оксана аттуу батир тазалоочу кыз буларды айтып берди: “Батирлер «Чыгыш-5» кичирайонундагы жаңы салынган 237-үйдө жайгашкан. Эки бөлмөлүү батир 7-кабатта, суткасына 1700 сом, бир бөлмөлүү батир 2-кабатта жайгашып, суткасына 1500 сом. Кардарлар азыр эле үйдөн кеткендиктен, аны тазалап жибергенге жарым саат керектелет. Бирок “иштеген көпөлөк” кыздарды албайбыз. Себеби, бир жолу андай кыздар эки күн  жашап, аларды милиция кууп чыккан. Андыктан, мындай учурларда менде эмес, “иштеген” кыздарда көйгөй болот”.

Суткасына батирди ижарага берүү кирешелүү бизнес

Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирди ижарага берген Айнагүл (аты өзгөртүлдү) бул бизнес менен эки жылдан бери алектенет: “Негизи кирешелүү бизнес деп билем. Бериле турган батир калаанын борборунда жайгашып, шарты мыкты болгондуктан саатына 700 сом, суткасына 4500 сомдон алам. Өзгөчө жайкысын киреше көп болот. Эми орточо алганда 50 миңден 70 миңге чейин пайда тапкан учурларым болот. Эгер айына квартиранттарды киргизсем, көп болсо 30 миңге кирет да. Батирге патент алып койгом, айына үч миң сом төлөйм. Бирок эч бир салык төлөбөй эле бир нече батирлерин ижарага бергендер четтен чыгат” деди батир ээси Айнагүл.

Мамлекеттик салык инспекциясынын пресс катчылыгынын айтымында, суткасына же айына ижарага бере турган батирлердин ээлери жеке ишкердүүлүк боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшү керек. Бирок патент алуу менен иш жүргүзүү мамлекеттик капчыкка өтө аз каражат алып келгени аз келгенсип, коммуналдык тейлөөлөрдүн төлөмү коммерциялык уюм катары эмес, катардагы үй катары ишке ашырып келишкен.

Курманжан датка көчөсүнөн баштап Фучик көчөсүнө чейинки борбордук көчөлөрдө жайгашкан батирлерге 1500 сом жана кошумча ар бир бөлмөгө 500 сомдон алынат. Ал эми шаардын чет жагында жайгашкан батирлерге бөлмөсүнө 400 сомдон салык каралган. Бишкектеги суткасына ижарага берилген турак-жайлардан түшкөн салык төлөмү канча деп сураганыбызда, мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкеринен “Мындай процессти ишке ашыруу кыйынга турат. Ал үчүн базаны казып, баарын чукуп чыгыш керек, атайын кат жазуу керек” деген гана жооп ала алдык.

“Арыз түшкөндө гана суткалык батирлерди текшеребиз”

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери Улан Рыспаковго жогоруда айтылган мыйзам ишке ашырылышы үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат деген суроого жооп алдык:

—Милиция суткасына берилген батирлерди текшерип жатат. Эгер кошуна, домкомдон арыз түшсө, участкалык милиция текшерет. Текшериш үчүн биринчи адамдар арызданышы керек. Анан гана участкалык милиция барып териштирет. Антпесе сойкуканалар толуп кетпедиби. Жеке ишкерлерге, патенти бар, документи толук болгон батир ээлерине тийишпейбиз. Сойкулар болгон учурда гана бизде катталышат. Негизи арыздар көп, биз иштеп жатабыз.

Буга чейин аталган мыйзамды ишке ашырууда милиция өп-чап иштеп жатат деген дооматтарга “Жеке үйлөрдүн эшигин сындырып кире албайбыз. Эшигин каккыласак, ачышпайт. Эшиктерин сындырып коюп кайрадан күнөөлүү болуп калабыз” деп жооп беришкен.

Ал эми мыйзамды демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев мыйзам иш күчүнө киргенине карабастан, интернетте жарыялар жаандан кийинки козу карындай жайнап турганын белгиледи:

—Суткасына квартираны ижарага берген жарыялар көп болуп жатат. Мыйзам боюнча көп кабаттуу үйдөгү батирлерди суткалык ижарага берүүгө тыюу салынган. Анткен менен шаарыбызда батирлерин саатына, суткасына ижарага бергендер абдан көбөйүп кеткен. Аталган жайлар сойкуканаларга айланып, анда адам өлтүрүлгөн фактылар да болуп, бул мыйзам долбоорун демилгелеп, суткага берүүгө такыр эле тыюу салууну көздөгөм. Анын үстүнө, шаардын тургундары көп даттанышкан. Аларды аткаруучу бийлик тыйышы керек. Азыркы учурда жарандардан мага арыз түшкөн жок. Ошондуктан, бул маселени кайра көтөргөнүм жок. Эгер арыз болбосо, өзүмдөн-өзүм эле бул теманы көтөрө беремби?- деди мыйзамдын демилгечиси, ЖК депутаты Кожобек Рысбаев.

«Чыгыш-5» кичирайонундагы №19 үйдүн соттон кийинки абалы

Бишкек шаарынын мэриясы «Чыгыш-5» кичирайонунда жайгашкан №19 үйдө батирлерди суткалап ижарага берген жеке ишкер Марина Хмельницкаянын үстүнөн сотко арыз жазып, аны утуп алган. Соттун чечимине ылайык, «Чыгыш-5» кичирайонундагы №19 үйдөгү батирлерди ижарага берүүгө тыюу салынган. Анткен менен жергиликтүү тургундар аталган үйдө суткалап ижарага берүү улантылып жатканын айтып келишкен.

Аталган көп кабаттуу үйдүн учурдагы абалын билүү максатында “Чыгыш-5” кичирайонуна келдик. Ижарага берилүүчү биринчи кабаттагы батирдин балконунда “Адвокат. Юридикалык кеңештер” деп жазылып турат (мыйзамда ар кандай тейлөө көрсөтүү максатында да батирди колдонууга тыюу салынган). Коңшулардын бир нечеси азыр батирлер суткага ижара берилбей калгандыгын бир ооздон айтып жатышты. Алардын бири Валя чоң эне төмөнкүлөргө токтолду:

—Бүгүн ошол үй ээсин көрдүм. Анын бир батиринде узак убакытка ижарага алган бир үй-бүлө жашап жатат. Экинчисинде “адвокат” деп жазылган. Бирок анын ылдыйкы №31 жана анын жанындагы №32, №33 үйдүн биринчи кабатында бир нече батирлери бар. Аларды ижарага берип жатат деп уктум.

“Батирге ачык кийинген кыздар, сакалчандар келип турат”

Маалым болгондой, Свердлов районунда суткасына жана саатына ижарага берилген 8 батир катталган. Бирок бул чоң иштин бир чети гана ачылганы экен. Ошол эле “Чыгыш-5” кичирайонундагы Мамбетов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган Лариса чоң эненин үстүңкү кабатында суткасына ижарага берилген батир бар.

—Биздин үйдүн төртүнчү кабатындагы батир суткасына ижарага берилет. Алар мени төрт жолу дубалдарымды суу кылып, ремонт жасоого аргасыз болдум. Акыркысында жерге салган килемим суу болуп араң кургаттым. Өзүм пенсионер болсом, ремонтко акчаны кайдан табам? Мындан эки күн мурда ал батирде эки кыз чачташып уруша кетип, милиция келип, аларды алып кетти. Алар бири-бири менен эки саат тепкилешти. Күн сайын адамдар алмашып турат.

Сөз болгон бешинчи кабаттагы батирдин колтукташ коңшусу Мира (аты өзгөртүлдү) үйдүн жарымынан көбү квартиранттар болгону үчүн даттанууга барышпайт деген ойдо:

—Каалоо болгондо эчак аларды батирден чыгарып жиберишмек. Домком менен коңшулардын айрымдарына акча берилгендиктен унчукпай отурушат. Башында домком баш болуп айрым коңшулар каршы болуп, милицияга чейин жетишкен. Домкомдун айтуусу боюнча, батир юридикалык тарапка ижарага берилип, алар өз учурунда суткасына батирди ижарага берип жаткан экен. Бир күнү милиция кызматкери келгенден кийин дароо тынчып, унчукпай калышты. Демек, акча берип баарынын оозун жаптырышкан окшойт. Кечээ эле жаш кыз менен баланын батирден чыгып баратканын көрдүм. Эң жаманы, ачык кийинген кыздар келип, ар кандай сакалчан коркунучтуу адамдардын келиши. Сентябрь айында болчу, так ошол учурда экстремисттик группаларды көп кармап жатышкан. Бир убакта Лариса чоң эне кыйкырып жибергенинен тышка чыга калсам, узун көйнөкчөн, сакалчан эки адам чоң-чоң кара сумкаларды көтөрүп баратышыптыр. Сумкалары оор экени байкалды, курал-жарак салынчудай чоңдугу бар экен. Абдан коркуп кеттим. Ал батир менен меникин дубал гана тосуп турат. Жардырып же бирөөнү өлтүрүп кетишсе эмне болот?

Мыйзамды иштетүү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматкерлер керек

Юрист Замир Жоошев мыйзамдын аткарылышында милиция кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгилейт.

-Мыйзам 2017-жылдын 16-январында эле күчүнө кирген. Мыйзамды иш жүзүнө толук ашыруу мүмкүн. Кептин баары мамлекеттик кызматкерлердин каалоосунда жатат. Негизи интернетке же гезиттерге батир тууралуу жарыя жазгандар жоопко тартылбайт. Бирок ошол жарыя менен келип, суткасына ижара берип жаткандагы далил болушу керек. Ошондуктан, милиция кызматкерлери сайтка чыккан жарыялар аркылуу батир алымыш болуп кармай алат. Ошондой эле, турак-жайды арендага берүү коррупциялык схемага чырмалышкан норма деп койсо болот. Себеби, милиция кызматкерлери бул мыйзамды өз пайдасына колдонушу мүмкүн. Мисалы, ижарага берген турак-жай ээси менен “айына сен мага баланча сом бересиң, мен сага тийбейм” деп сүйлөшүп алса болот. Милиция кызматкерлерин Прокуратура көзөмөлдөөсү кажет. Бирок алар дагы милиция менен үлүш алып жүрө беришсе, мыйзам иштебеген бойдон кала берет, — дейт юрист Замир Жоошев.

Батирди саатына, суткасына ижарага бергенге тыюу салынган мыйзамдын кабыл алынганына бир жылдын жүзү болсо дагы иш жүзүндө аткарылбай келет. 3-4 батирин ижарага койгон жеке ишкерлер же патент төлөп жыргатпай, же айып пул төлөбөй бизнесин ишке ашырып жатышат. Өзгөчө, бир канча батирлерди ээлеринен бир жыл алдын-ала акчасын төлөп алып, суткасына ижарага берген юридикалык тараптар четтен чыгат. Ал эми айрым турак-жай ээлери ыктыярдуу патентке таянып, мыйзамдуу иш жүргүзөм деп келет. Бирок азыркы мыйзам боюнча патент же кайсы бир документ эмес, таптакыр ижарага берүүгө тыюу салынганын билишсе да, көз жаздымда калтырып келишет. Милиция кызматкерлери бир жыл мурда чыккан мыйзамды билбегенсип, жаңжал чыккан, сойкулардын үстүнөн арыз түшкөн батирлерге гана көңүл буруп жатышат. Эмнегедир милиция кызматкерлеринин көзөмөлүнөн өткөн көп кабаттуу үйлөрдөгү “мейманканалар” кайрадан ишин улантып жатышат. Ал эми жөнөкөй жарандардын коопсуздугу, тынчтыгы тууралуу ким ойлонот?

Булак: “ПолитКлиника”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *