Баткенде бир үйдөн үч адам “ич келте” оорусуна чалдыкты

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл аймагында 2017-жылдын 28-ноябры күнү Самаркандек айылынын тургуну, 1980-жылы туулган С. М. анализинен “ич келте” оорусу аныкталып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Мындан сырткары 30-ноябрда С. М.нын 2009-жылы туулган кызы жана 3-декабрда 2011-жылы туулган уулу ич келте оорусуна шектелип, ушул эле оорукананын инфекция бөлүмүнө жаткырылган.

Самаркандек айыл аймагынын №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 5 кызматкер тартылып, Самаркандек айыл аймагында курамында медициналык кызматкерден турган штаб түзүлүп, 2017-жылдын 6-декабрына карата Көк-Таш, Самаркандек айылдарында 45 үйдү кыдырышып, жалпы 498 адам, ошондой эле 319 мектеп окуучуларын медициналык кароодон өткөрүштү. Текшерилгендердин арасында дене табы көтөрүлгөндөрү байкалган эмес.

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган балдар менен бирге окуган 50 мектеп окуучусунан жана айылдагы ичүүчү таза суудан анализге суу алынып, райондук жугуштуу оорулардын алдын алуу жана санэпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөтүлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *