Баткенде район, шаардын баш имамдарына отчет берүүнүн жаңы формасы үйрөтүлдү

Баткен облусунун мусулмандар казыятынын жамааты казыяттын жыйындар залында аймактагы район, шаардын имамдарынын жана медресе мүдүрлөрүнүн катышуусунда  катышуусунда жыйын өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынга Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошов, район, шаарлардын баш имамдары, медресе мүдүрлөрү, казыят кызматкерлери катышышты. Жыйында облус Муса ажы Жолдошов  Имам аль-Матуридий акыйдасын, Ханафий мазхабын бекемдөө жана экстремизм, радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Муфтияттын тапшырмасына ылайык имамдарга отчет берүү  жаңы формаларынын ыкмалары боюнча атайын түшүндүрдү. Үйрөтүлгөн ыкмалардын негизинде имамдар берилген отчеттун формасын ай  сайын толтуруп, ай ичинде аткарган иштери боюнча казыятка отчет берип тураары милдеттендирилди. Катышуучулардын айтымында бул иш аракет имамдардын өз алдынча өнүгүүсүнө өбөлгө болуп, өз аймагында диний идеологияны жайылтуусуна чоң мүмкүнчулүк болоору айтылды. Анткени, мындан ары имамдар өз айылындагы мечитке келбеген жарандар менен да жекече иштешип, динди толук жана туура ыкмада жеткирүүгө аракет кылышмакчы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *