Батукаевдин түрмөдөн аздектеп бошотулушу туурасында анализ

Ташка тамга баскандай бул анализди убагында маркум журналист, публицист Алым ТОКТОМУШЕВ «Жаңы Агым» гезитине (жума, 28/02/14) кемелине келиштире жазган. Детектив чыгармаң биякта калат. Кыргыз журналистикасында «анализ жанрынын атасы»  делген Алыкебиз саясат, экономика темасындагы талуу маселеге келгенде, А.Акаев менен К.Бакиев бийлигинин айласын кетирчү… А.Атамбаевдин бийлиги оң-тетири кете баштаган учурда да сиздер азыр окуй турган береги макаладагы логикасы парламант трибунасында жулкунгандардын жүйөөсүнөн алда канча салмактуу чыккан.

Бирок коомчулук ошол кезде бул анализге анчейин көңүл бурбады көрүнөт, эми кайра көңүл буруп көрсөңүздөр – иттин өлүгү сасыган окуянын чоо-жайына дадил түшүнөсүздөр. Бийликтегилерди колу-буттан тап жылдырбай байлап берер мындай анализди эчким жаза элек дагы…

Микробдор — II

«…акыркы кездерде көп күч жумшалып, канча бир тонна микроб кырылыптыр. Бирок да андан калган азырагы миң эсе коркунучтуу болуп калды».

Пабло НЕРУДА

«Нанай балдары» деп коюшат, эмнеге антип аталарын билбейм, айтору бирөө билинип-билинбеген узун, ичке жип менен манжаларына байланган куурчактарды ойнотуп, көрүүчүлөрдү маашырлантат. Же биздин тактеке. Күүсүн бирөө чертет, бийин башка куурчактар аткарат. Кыргыз мамлекетинин бийлик бутактары ошолорду элестетет. Анын бир мисалын парламент «Кумтөр» боюнча добуш бере келгенде көрдүңөр. Көпчүлүк депутаттар жарым жыл айткан-дегенинен танып-кечип, кимдир бирөөнүн манжасында ойноду, кимдир бирөөнүн күүсүндө бийледи. Өкмөт башы Жантөрө Сатыбалдиев эки күндүн биринде парламентте эзилип отурганы да ошондон.

Эсеби маселең, «кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдашкан кожосу» («вор в законе») Азис Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгаргандарды эмне үчүн кызматтан албайсың дейт. Күүсү башка чертилип атса, ал кайсы бийди бийлемек? Депутаттар комиссиясы түзүп берген узун тизмедегилердин баары «нанай балдары». Аларды кызматтан алуу бүт системаны кыйратууга, образдуу айтканда, беш манжаны кыя чабууга тете. Андай кубаттуу «жел тегирмен» менен жекеме-жекеге чыккыдай Жантөрө Жолдошевич Дон Кихот эмес. Парламент да Дон Кихот эмес. Ошондуктан бул кылым кылмышкери кимдин амири менен акталды деген маселе чыкканда баары тең тилин ичине жутуп ийип атыр. Буйрук сөзсүз жогору жактан болду дешет. Жогору жактын аты барбы, жокпу? Ал «псевдонимдин» артында ким жашырынып турат. Билет, бирок айтпай атат. Күтүп атышат, бири-биринин биринчи айтышын. Же бийлик алмаша турган мезгилди.

«Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» заман. Бийлик адеп-ахлак ориентирлеринен ажырап, моралдык сапаттарды жоготту. Жоготпогондо эмне, бийлик кылмышкерлердин кандуу колун кыса кармап учурашат, соодалашат, келишим түзөт, атүгүл коопсуздугуна, ден соолугуна камкордук көрөт. Андай «гумандуулукту» башка жарандарына да жасаса кана. Антпейт.

Өзүңөр көрүп турдуңар, Батукаевди «родинасына узатуу салтанатын» Кыргыз өкмөтүнө караштуу жаза өтөөчү жайлардын (ГСИН) ошол кездеги жетекчиси, генерал Зарылбек Рысалиев «кортеж эмес, бир машинеге салсак, ал светофорго токтогондо Көлбаевдин балдары атып салса эмне болот?» сыягындагы «айныбас аксиома» менен актады. Күч органдары менен саламаттык сактоо кызматынын кожоюндары ал өтө катуу оорулуу болучу, үйүнө жетпей түрмөдө өлүп калса, биз кантмекпиз айтып кокуйлашты. Алардын «аруу» тилеги аткарылып, Батукаев Токмоктогу үйүнө эле эмес, Россиядагы аксарайына атайын самолет менен аман-эсен жеткирилди, биздин кызыл жакалар «Манас» аэропортунан кылгыра кол булгап кала берди.

Батукаев «кораблден түз эле балга түшүп», жадыраган жаш катын алып, өлбөй-житпей эле жашап атат дешет. Бул жердеги кылмышкерлер «табигый тандоо» мыйзамына ылайык Батукаевдей «алы» жоктугуна байланыштуу түрмөдө эле жан берип жатат. Кечээ «Жеңго» деген жорго ысымы бар кылмыш дүйнөсүнүн дагы бир кырааны Ош мэрин шайлоонун урматына мунапыс алып, борбордогу чайканада чайлап отурат деген кабар жарыяланды.

Кыйгыл сөз кыйгылы менен. Биздин айрым саясатчыларыбыз атактуу башкесер Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда аздектеп бошотулушу өлкөнүн аброюна шек келтирди, коңшулардын бетин карай албай калдык деп айкырып түштү. Анда акыйкат үлүшү жок эмес, бар. Коңшуларда, айрыкча Россия менен Казакстан сыяктуу авторитардык режими күч мамлекеттерде Кыргызстанда эки төңкөрүш тең кылмыш дүйнөсүнүн жардамы менен ишке ашты деген түшүнүк жашайт. Арийне, биздин антип күйүнгөнүбүздө акыйкатка караганда кургак намыс арбын сыяктуу. Кайсы мамлекет эле кайсы кылмышкерди кантип бошотконубузду эрикпей карап, санап отурсун. Батукаев атактуу болсо кылмыш дүйнөсүнө атактуудур.

Менимче, бул окуядан даана байкалган мамлекет үчүн опурталы оңой эмес факт — ашынган кылмышкерди парламенттен башка бийликтин бардык бутактарынын мыкчыгерлери аттап-тондоп узатып чыкканы. Өзүңөр билесиңер, Бакиев бийлиги кылмыш дүйнөсү менен чырмалышып-туташып кетти деп келдик. Ал система өз убагында уратылбаса, мамлекет кайда бет алмак — белгисиз. Азыркы бийликте да андай коркунуч арбындыгы ачык да, жабык да айтылып жүрөт. Күдүктөнүү, күмөнсүрөө күч. Оңдой берди болуп, бул окуянын оңуту аны акыйкат экендигин адырайтып ачыкка чыгарды. Аны ооздуктоого али да кеч эмес деди. Мамлекет ойрон болсо, дал ушундан ойрон болот.

Андыктан бул ишти Президент өз көзөмөлүнө алса болмок. Анткен жок. Мамлекет ичиндеги «кылт» эткен кыймылга ачуу-таттуу билдирүү жасап турууну адатка айланткан Алмазбек Шаршенович бу саам айкөлдүк кылдыбы, айтору көрмөксөн, укмаксан болду. Жок, бир ирет кимдир бирөөнүн суроосуна бул иш Атахановдун кемчилигинен кетти дегендей жооп бергени бар. Өлкөнүн ал вице-премьер-министри «өз каалоосу» менен отставкага узагандан кийин. Окуяга он бешинчи даражада тиешеси бар оозар омбудсмен Турсунбек Акундун «башын» парламент мезгилсиз алып ыргытканы болбосо, бир да бирөө сот тургай, администрация жоопкерчилигине чакырылган жок. Окуянын мындай оңут алышы элеги жок эл оозуна илине баштаган: «Батукаев Атамбаевдин тымызын макулдугу менен бошоптур, арага мурдагы шопуру, азыркы администрация башчысынын орунбасары Икрам Илмиянов түшкөн имиш, анын Батукаев менен башынан эле байланышы бар экен» деген божомол-жоромол казанын боркулдата кайнатып кирди.

Анын ак-көгүн албетте, азырынча эч ким аңтара албайт. Мага окшогон кулпенделер андан бешбетер. Тарых тактайт деп кутулчу эмес белек. Маркум Салижан Жигитович айтар эле, азыркы мезгил тургай элдин оозун совет өкмөтү да кулпулай алган эмес деп. Ошол кулпусуз оозду акыркы күндөрү «Батукаевди чыгарууну Атамбаевден Путин сураныптыр» деген сөз коштоду. Ал албетте, карандай калп. Ак үйдүн идеологиялык ашпоздору бул жорукту өлкө тагдырына байлап, шефинин арбайын көтөрүү үчүн ушундай ушак жайып жибериши ыктымал. Болбосо чечен сепаратисттери тарабынан канча бир миллион долларга башы сайылган Путин, дагы бир башкесер чечен аларга жардам берсин деп суранмак беле!

Өзүңөр билесиңер, анын ортосунда парламент бакылдагы күчөдү. Адаттагыдай өкмөт башы Жантөрө Сатыбалдиевди жарга такап, Башпрокурор Аида Салянованы муунтуп кирди. Мурда «Батукаев мыйзам негизинен тап жылбай бошогон» деп таккесе жооп берип жаткан Башпрокурор кийин негедир мукактана түштү. Парламент учурдан пайдаланып, окуянын оң-солун аныктоо үчүн атайын комиссия түзүп жиберди. Совет учурунда «ишти аягына чыгаргыңар келбесе, комиссия түзгүлө» деген кыйгыл сөз бар эле. Ал биздин парламентке айда-а жарашат. Эки күндүн биринде комиссия түзүлөт, же анысынан эч майнап чыкпайт. Аткаруу бийлиги ага силер үрө бергиле биз жүрө беребиз сыягында мамиле жасайт. Алар, алар дегеним, аткаруу бийлиги — анчалык батылдыкка деле баралмак эмес, тек, күү ошондой чертилип атса, кантмек?

Маселенин тузу анда эмес, мында. Комиссия жетекчиси болуп ар дайым андай иштин майын чыгара аткарган, акыйкаттыкка беттегенин бербеген «атамекенчи» Болот Шер (Шерниязов — А.Т.) шайланат. «Батукаев фронту» комиссияга каршы комиссия түздүрүү менен жооп берет. Тактап айтканда, «легендарлуу» генерал, Жаза өтөөчү жайлардын жетекчиси Зарылбек Рысалиев өлкө Президентине учуп жетип, рапорт сунат. Анда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары 2010-жылдын апрелинде жасаган мародерчулуктун (генералга ушул терминдин жайын жакшылап түшүндүрүп коер жан барбы?) жаңы жагдайларын ачууга ыракым этиңиз делинет. Президент өлкөнүн негизги күч органдары — Башпрокуратура, Ички иштер министрлиги, Улут коопсуздугу комитетинин башчыларына кат жолдойт: З.Рысалиевдин рапортундагы фактыларды өзүнүн катышуусу менен текшергиле!

Бул саам Башпрокуратура табиятында жок ыкчамдыгын көрсөтүп, качкын президент Бакиев менен анын ака-үкаларынын үй-мүлкүн тоноду деп ачылган, бирок эч далил табылбагандыктан өзү жапкан №150-12-210 кылмыш ишин ошол замат кайра ачып, ведомстволор аралык тергөө комиссиясын түзүп жиберди. Башпрокурор Аида Салянова Президенттин «өзүнүн катышуусунда» дегенин түз түшүнбөй калганбы же кайра кирип кеңешип чыкканбы, айтору З.Рысалиевди тергөө комиссиясынын жетекчилигине дайындады. Тергөө ишин ГСИНге өткөргөнү албетте, андан башканы айттырбайт. Ага «легендарлуу» генералдын ошол кездеги кызмат абалы, укук даражасы юридикция эреже-каадасына, мыйзам-заңына туура келеби же келбейби деп бир да бирөө акыл айлантпады. Эртең Жогорку Кеңеш депутаттары «жаза өтөөчү жайлар жетекчисине чакырылып, сурак бергидей биз түрмө эрежесин бузган кылмышкер эмеспиз» деп чатак салса, берер жообубуз кайсы деп эч кими ойлонгон жок. Ойлонсо болмок, кийинки талаш-талкууларда ал маселе көтөрүлүп, айлада жок жүйө катары угулду. Башпрокурор аны баам сыртында калтыргансыды, кудум Президент жаңсап атса, бизде эмне жазык дегендей.

Президенттин «жаңсоосун» генерал Рысалиев жаңылыш түшүнүп, күүлөнгөн күүсү ушунча: тергөө жүргүзүүнүн мыйзам жүзүндөгү эреже-каадаларын эстеп да койгон жок; бир заматта өзү сот, өзү прокурор болуп алды (же болгон иш стили ушундайбы); массалык маалымат каражаттарына удургута маектерди уюштуруп, эки күндүн биринде пресс-конференция чакырып, бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого катышканына байланыштуу сот жообуна тартылып, өзү башкарган мекемелерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Абдулла Юсупов (17 жыл) менен 13 жылга кесилген Дастан Оморовдун айткан-дегенин, кылмыш изин көрсөткөн жерлерин тарттырган кымбат видеотасмаларды кайра-кайра көрсөтүп, интернет сайттарга жайгаштыруу менен алек болду. Атургай өзү адвокат эмес, тергөөчүлүк милдет аткарып атканын унутуп, «Абдулла Юсупов жолдоштору менен бир дагы колдон кармалган далили жок түрмөдө отурат» деп актап жиберди («Фабула» гезити).

Ишин иликтөө милдетин аткарып жаткан депутаттарды сот-моту жок эле ууру-кески атоого өтүп, ар кадам сайын «мародерлер» деп жарыялап турду. Албетте анысы даярдыгы жок аң-сезим түгүл, кыргыз тилиндеги басма сөзгө сот тарабынан аныкталган айныксыз аксиома катары кабыл алынып («кылым кылмышына» тергөө жүргүзүп жаткан генерал айтып атса), ал терминди жапырт колдонду. Ал эми тергөөчү-генерал: «Шер да, Текебаев да армияда кызмат өтөгөн эмес, бирөө «десантмын» дейт, десант болсо десантниктердин өтүгүн тазалап жүрсө керек да», алар менен бирге «аскерде кызмат өтөсөм, «чочкоканадан» чыгармак эмесмин» (ошол эле гезит); «Текебаев акылынан айныган адам, Конституцияны көчүрүп алган. Казак мыйзамдарын уурдаган. Эми мыйзам уурдап атат» («Де-факто» гезити) сыяктуу ажаан аялдардын айтышын эске салган басма жүзүндөгү «полемикасы» коомчулуктун эч бирине эрөөн-терөөн көрүнгөн жок. Эч кими кыргыз юриспруденциясынын ушундай деңгээлине кейип-кепчибеди.

Жок, отставкадагы 3-4 полковник З.Рысалиевдин тергөөчүлүк ишмердигинен шек санаса, «ардагерлер» наамын булгагандар кимге адвокат болуп атасыңар мааниси менен балч эттире башка чапты. Барыдан да сот тарабынан кесилген А.Юсуповдун Искендер Бакиевдин (Ж.Бакиевдин уулу) үйүн тоноп атканда анын сейфинен «Кумтөр» келишими боюнча документ таап, аны «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарына бергенбиз маанисиндеги көрсөтмөсүн негиз тутуп, ал 2007-жылы эмес, 2005-жылы депутаттык комиссиянын жетекчиси болгон Болот Шердин колунан табылганын «иштин жаңы ачылган жагдайына» дагы бир далил катары кармаганы; 2010-жылдагы тополоңду басууга кымындай үлүш кошпой генерал чинин алганы Б.Шердин «шермендечилигинин» бири экендигин жалпыга жарыя кылганы, албетте ардактуу генералдын республиканын коомдук турмушунан кабары аздыгынан башка эч нерсе айтпайт.

Не дегенде Б.Шер 2005-жылы да, 2007-жылы да «Кумтөр» боюнча депутаттар комиссиясын жетектеген, биз өткөн макалада кеп кылган А.Атамбаев баштаган кыргыз өкмөтүнүн 2007-жылдагы калк кызыкчылыгына каршы келишимине Б.Шер баштаган депутаттар корпусу акырына чейин каршы турганы, генералдык чинди 2010-жылы утурумдук өкмөттөн эмес, экс-президент Бакиевдин указы менен алганы карапайым калк катмарына деле дайын.

Кыскасы, өлкө президентинин амири менен кайра ачылган кылмыш ишинен тергөө тобу жарытылуу жаңылык ачкан жок. Бери дегенде, азырынча. З.Рысалиев бир айда эле ал кылмыштын чүмбөтүн сыйрып ыргытып, кылмышкерлерди сот алдына каз катар тизип берем деген. Бир эмес, тогуз ай өттү, тилекке каршы акыйкаттык камын жеген өлкө президенти да, өзгөчө делөөрүп алган коомчулук да, Пушкиндин атактуу жомогунда кемпир терметкен эски тепшини карап туру. «Эски тепши» дегенибиз, бу иш андагы өкмөт башы Ө.Бабанов менен «Ата Мекен» партиясынын парламенттеги фракция жетекчиси Ө.Текебаевдин айыгышкан тирешинен чыкканы белгилүү.

Жалпак тилге салганда, Ө.Текебаев баштаган «атамекенчилер» Ө.Бабановду өкмөт башчылыгынан алып түшүү аракетинде бүксүгөн компроматтарды анын башынан ылдый куюп туруп алды, Бабанов «күчкө каршы күч» катары «Ата Мекен» партиясына ушул «бүксүй элек» компроматын каздырып чыгарды. Салыштырмалуу экөө тең ойлогон оюна жетти: Текебаев Бабановду аттан оодарып түштү (албетте Президент Атамбаевдин макулдугу менен); Бабанов өзүнө караштуу ММК аркылуу «Ата Мекенди» ашаттырды, карапайым аң-сезим ташыган калк арасындагы кадырын түшүрдү. Андан башка юридикалык негиз таптыра алган жок.

Абалы өзү жетектеген өкмөт ведомстволор аралык комиссия түзүп, текшертти. Андан анчалык майнап чыкпадыбы, айтор бат эле өчүп калды. Ара жолдо өлкө президентинин администрациясы аралашып, текшерип-тескеп ийди. Албетте Алмазбек Шаршеновичтин амири менен. Андан УКМК (атактуу КГБнын мураскери), ИИМ, Генпрокуратура четте калмакпы, алардын түздөн-түз милдети да, — үч үлкөн күч органы ал ишти кудум Ысмайыл акын ырга салгандай, «Казып жатса түгөнбөс, Кадамжайдай» казды дешти. Алардан аңсап күткөн майнап чыкпаган соң Бабановдун «Республика» партиясынын парламенттеги фракциясы эл өкүлдөрүнөн утурумдук комиссия түздүрдү. Анын тергөө тобун андагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жетектеген.

Өткөн жылдын февралындагы ЖК жыйынында утурумдук комиссия мародерлук боюнча иштер илигин жыйынтыктап,ал окуяга «ата мекенчилердин» тиешеси жоктугун жарыя кылган. Ал жыйынга катышкан республиканын Башпрокурору Аида Салянова да, коргонуу, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 2010-жылдын апрелиндеги бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого «ата мекенчилер» катышканына байланыштуу козголгон иш эч далил таппаганын расмий билдирген. ГСИН тергөөчүлөрүнүн кийинки жыйынтыгы «эски тепшинин» эске салбаганда, эмнени эскертти дейбиз?

Баса, ЖКнын ал жыйынында Болот Шер андагы Ички иштер министри, генерал З.Рысалиевге ал мародерлукта менин катышым бардыгына көзүңүз жетеби деген суроо салганда ал: «бул суроону мага жыйырманчы жолу берип атасыз. Сиз тууралуу эч нерсе айталбайм. Ал кезде сиздин ден соолугуңуз оор абалда экендигин билем… сиздин анда акчаны да, алтынды да, же кимдир бирөөнүн үй-мүлкү тууралуу ойлонууга чамаңыз жетмек эмес. Мен сиз жөнүндө эч нерсе айткан эмесмин жана айтпайм» деп жооп берген. «Сиздин оорукчан экениңизди…» деп айтам деп, «сиздин жандуу оору (невменяемый) экениңизди эл аралык доктурлар да ырастайт» маанисинде «балп» эттирип, парламент ичин бакыбат кылган.

Суроо туулат: айлап эмес, жылдап изилденип, акыйкаттын аныгына жеттик деген алдагы расмий чечимдер эмне үчүн алеки саатта четке кагылды? Президент Атамбаев өзү кычырата кармаган күч органдарынын, асыресе өзүнүн көрөр көз, угар кулагы санаган Генпрокуратура, УКМК изилдөөлөрү эмне үчүн ишеничтен чыгып, жаза өтөөчү жайлардын кожоюнунун ат үстүнөн айтканы алеки саатта ишеничке илинди?

Анын себеби ошондо эле айтылган. Бул — башкесер Батукаевдин түрмөдөн салтанат-шаң менен мөөнөтүнөн мурда чыгарылышын саясый соода жолу менен бас-бас кылуу аракети дешкен. Аны изилдөө ишин жетектөө айтканга көнбөс, айдаганга жүрбөс «ата мекенчи» Болот Шердин колуна тийип калганы үчүн окуя ушундай оңут алганы байкаган кишиге ошондо эле одурайып көрүнгөн. З.Рысалиев мекемесинин кылмыштын жаңы жагдайын ачуу убадасы, чындыгында жеке Б.Шерди уруп түшүүгө, жыгып ыргытууга багытталды. Кайдагы бир казак ишкеринин айткан-дегенине байланыштырып, ага каршы кылмыш ишин ачтырып жиберди. Анысы кантип ачылса, дал ошентип далил таппай жабылды. Б.Шердин жалган жалаага каршы кылмыш ишин ачуу талабы прокуратура тарабынан ошол замат четке кагылды. З.Рысалиев тергөө жүрүшү тууралуу билдирүү, маалымат-жыйын, интервьюларында кылмыштын «портретин» эмес, Б.Шердин «портретин» тартууга, тартканда да салабаттуу генералдай эмес, алагүү прапорщиктей тартууга ооп туруп алды (айрым «штрихтерин»жогоруда айттык).

Дагы бир «ата мекенчи» депутат, вице-спикер Асия Сасыкбаева алар шымаланып киргенде эле брифинг уюштуруп, З.Рысалиев түз Президентке кайрылып туура эмес кылды, эми а кишинин артынан сөз ээрчитет деген. Айткандай болду, окуя оңуту башкесер Батукаевдин ишине Алмазбек Шаршеновичтин катышы бардыгына дагы бир айгак таап бергенсиди.

Ал оппозициянын ар дайым дүрмөттөлүү куралына айланары шексиз. 2010-жылдагы талап-тоноого катышкандар изилденмек түгүл, тез арада жазаланууга тийиш, бирок оппоненттерге каршы президенттин союлуна айланбаш керек эле.

Алым ТОКТОМУШЕВ

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *