“Баурдастардын бактысы Ала-Таудай…” же Нурсултан Назарбаевдин саясий бейнесине штрихтер

Орто Азиядагы түрк тилдүү элдердин тарыхында жаңы доорго карай чоң секирик жасаган учур болуп калган ХХ кылымда — ​кечээги жарым көчмөнчүлүк, феодалдык доордон дароо эле социалисттик, өнүккөн доорго аттап өткөн заманда, — ​өздөрүнүн табигый дараметтери, өз күч-аракеттери менен катардагы шахтерлуктан жалпы элди башкарган президенттикке чейин жетип, бул бийиктикте 30 жылдан ашуун кармалган эки гана адам бар: алардын биринчиси — ​кыргыз Төрөбай Кулатов, ал эми экинчиси — ​казак улутунун уулу, азыр жалпы дүйнөдө салмактуу саясатчы катары, бараандуу өз орду бар Нурсултан Назарбаев…

Бул жалпы окшоштуктар алардын алгачкы кесиби жана бийликте турган мөөнөтү менен гана чектелгени кызык. Калгандарынын баары такыр башкача… Туура, тереңирээк үңүлө карай турган болсок, аларды жалпы кесиби гана окшоштуруп турбаса, алар эки башка доордун бири-биринен кескин айрымаланып турган адамдарынан болушкан. Бири дээрлик сабатсыз кара жумушчу шахтер болсо, экинчиси — ​жаңы замандын билимдүү жана адис-шахтеру… Арийне, жогорку бийликтеги мөөнөттүн өзү да азыр кескин айрымаланууда, анткени, Нурсултан Назарбаев Кулатовдун “рекорддук-көрсөткүчүн” бузуп, андан аркы чектерге карай өтө баштады…

Кайра куруу деп аталган, өнүккөн социализм доорунда өтүп жаткан кескин бурулуштарды, же 1985-жылдын апрелин, Казакстан ССРинин министрлер советинин төрагасы (же азыркыча айтканда, премьер-министр) катары тосуп алган Нурсултан Абишевич Назарбаев али 45 жашка да толо элек кези болчу. Советтик-компартиялык чен-өлчөмдөр менен алып караганда, бул абдан эле жаш деп эсептелген курак болчу жана да ошол кездеги жазылбаган эрежелерге ылайык, республиканын жетекчилигине даярдалып жаткан бирден-бир татыктуу “резервдик кадр” экендиги ачыктала баштаган. Ал бул “республиканын экинчи адамы”, ал эми саясаттан тышкары болгон чарбалык-экономикалык маселелерге келгенде, — “биринчи адамы” сапатында бар болгону экинчи жылы иштеп жаткан.

…1986-жылдын декабрь айында бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн “Алма-Ата окуясы” жалпы эле дүйнөлүк масштабдагы өзгөрүүлөрдүн башталышын каңкуулаган, чагылган жарылар алдындагы күндүн күркүрөшү сымал туюлганы маалым. Ошондой “оодарылган дүнүйөнүн”, заман илебинин демин ичкертен туя билген, ага жараша ийкемдүү жана татыктуу, өз учурунда реакция жасай алышкан Нурсултан Назарбаев сымал сейрек кездешүүчү инсандар гана бир доордон экинчи доорго эч жоготуусуз, табигый турпатында өтө алышкан.

Компартия али күчүнөн тайый элек, ал тургай, тээ тереңдеги пайдубалы чирип, тымызын урай баштаганын али сезе да элек чагында күтүүсүз өзгөрүүлөрдүн боло башташы, абдан катуу карама-каршылыктар менен коштолушу да табигый көрүнүш эле. Декабрдагы окуяларга байланыштуу, жалпы эл “улутчулдук” үчүн айыпталып, бул коомдук-саясий кампания бөрк ал десе баш алгандар тарабынан ачык эле саясий репрессияларга айлана баштаган учур, эң жогорку эшелондогу бийлик өкүлдөрү үчүн дагы оор сыноо болуп калды.

Нурсултан Назарбаев башка жеңил баа, жогорку бийликке эч кандай даярдыксыз, ар кандай жолдор менен кокусунан келип калган жетекчилерден айырмаланып, москвалык жогорку бийликке ачык кошомат кылып, устаты Динмухамед Кунаевди сатып, же ал жүргүзгөн саясатты сындоо аркылуу жагынып, ушундай аракеттерден улам кошумча “очко” топтоп, кандайдыр бир утурумдук максатына жетүүгө умтулбады. Жаңыдан баш көтөрө башташкан, ашкере антисоветчил, антикоммунисттик кыймылга да жан тарткан жок. Аларга өз бийиктигинен туруп, сын көз менен карай алды.

Убактылуу бороон-чапкындуу толкундарды эч тоотпой жиреп өтүп, тээ алыскы көздөгөн мүдөөсүнө, узак сапарынын эң соңку чегине умтулган оор салмактуу, чоң кеме сымал, өкмөт башчылык өз милдетин так, жогорку деңгээлде аткарууну уланта берди. Дээрлик “үй камагы” сыяктуу абалда олтуруп калган Динмухамед Кунаев, бир нече жылдар өткөн соң, демократия, ачык айтуу учуруна туш келген өзүнүн алгачкы интервьюларынын биринде эле: “Нурсултан Назарбаев менин ишеничимди актады, жана актоону улантып жатат”, — ​деп билдирген.

Мурдагы советтик державанын лидери — ​Леонид Ильич Брежневдин эң жакын досу (алар тээ 50-жылдарда, дың жаткан казак чөлдөрүн айдоо жерлерге айландырып, өздөштүрүү учурунда ажырагыс досторго айланышкан!), Орто Азия республикаларынын эле эмес, жалпы союздук республикалардын жетекчилеринин арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон, көсөм инсандын ушундай кыска, жупуну, бирок терең маанидеги жогорку бааны бериши — ​түшүнгөн кишиге, ар кандай сыйлык-ордендерден, баатырдык наамдардан алда канча жогору турары түшүнүктүү!..

Демек, Назарбаевдин эң жогорку бийликке эч кандай из калтырбай, кокусунан эле келип-кете берчү башка көптөгөн жетекчилерден кескин айрымаланып, өзүнүн тарыхый бийик миссиясын сезе билген, өтө масштабдуу деңгээлде ой жүгүрткөн жана ошого жараша кадамдарды таштай алган инсан экендиги ошол кезде эле туюла баштаган. Бул айрыкча союздун соңку жылдарында ачык ашкерелене баштады.

Эбегейсиз Союздун аймагы көөнөргөн чапан сымал, улам бир этек-жеңинен тигиштери сөгүлүп, ыдырай баштаган чакта, шаштысы кете баштап, амалы куруган демагог өлкө жетекчиси Михаил Горбачев Нурсултан Назарбаевди парламентте союздук премьер-министрликке сунуш кылган. Бул маселе олуттуу талкуулана баштаган чакта, али жаш, энергиялуу Назарбаев тээ жогорудагы экинчи ярустагы ордунан атып туруп, микрофонсуз кыйкырып, сөз сурап, андан соң, төмөнгө чуркап түшүп барып, трибунада туруп: “Менин талапкерлигимди алып салууңузду суранамын. Мен Казакстанда президенттикке жаңы эле шайландым. Ал жакта да жасала турган иштер өтө көп болуп жатат!” — ​деп баш тарткан.

Тарых өзү тастыктагандай, союздук масштабда, пролетар жолбашчысы Владимир Ленин менен үзөңгүлөш чыккан Иосиф Сталинден кийин (а балким, ким билет, дал ошонун союзду алдыңкы державага айланткан чыгаан саясатынан уламдыр?!), лидер болгон дегеле бир дагы башка улуттардын өкүлү болгон жок. Экинчи-үчүнчү баскычтагы орундарга келишкен азербайжан Гейдар Алиев (министрлер советинин төрагасынын биринчи орун басары), өзбек Рафик Нишанов (союздук парламенттин улуттар советинин төрагасы) эч кандай из калтырбай кете беришти…

Нурсултан Назарбаевдин инсан, жетекчи катары биротоло бышып, жетилип турган кезинде, эгемендүү болуп калган өлкө жетекчилигине келиши — ​жеке өзүнүн гана эмес, боордош казак элинин дагы тоодой бактысы болуп калды. Территориясы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен тогузунчу орунда турган, жаратылыш ресурстарына өтө бай, жаш эгемендүү өлкөнүн да өзүнө гана тиешелүү болгон өксүк жактары да бар болчу. Алардын эң башкысы — ​ошол эбегейсиз чоң аймакты өздөштүрүүчү адам ресурстарынын чектелүүлүгү болгон. Анан калса, түндүк Казакстанда орус жана башка улуттардын өкүлдөрү басымдуулук кылып, бир бүтүн улут цивилизациялашкан — ​орусташкан казактарга жана “мамбеттерге” (бизде айтылган “мырканын” казакча варианты) бөлүнүп, жумушсуздуктун кескин түрдө көбөйүшүнөн улам, ички социалдык маселелер да өтө тымызын, катуу чыңалып бара жаткан.

Мындай шарттарда өтө чечкиндүү, чапчаң жана терең ой жүгүртө билген жетекчи гана өлкөнү кысталыштан сууруп чыгып, өнүгүү жолуна баштап кете алмак. Оор өнөр-жайдын, өндүрүштүн түрдүү тармактарынын бардык тепкичтерин басып өткөн, өтө тажрыйбалуу, кыраакы жетекчи мурдагыдай Москва тарапка кылчактап, же башка бир күчтүү өлкөдөн жардам күтүп олтурбай, жеке өз күчүңө жана дараметиңе гана үмүт арта турган мезгил келгенин илгиртпей туйду. Бул сөздүн толук маанисиндеги эгемендүү саясатты жүргүзүүгө карай бет алды. 1991-жылдын 19-августундагы мурдагы союздук бийликти калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн ГКЧПны (чукул кырдаалдагы мамлекеттик комитет), Назарбаев эң алгачкы болуп “путчисттер!” (кутумчулар) деп атап чыкканы да дал ошондон улам.

…“Бири кем дүнүйө” демекчи, коңшулаш Өзбекстанда калктын көптүгү (Ислам Каримов бийликке келгенде — ​23 млн болсо, азыр — ​32 миллионго барабар) жер тардыгынан улам татаал маселелер жаралса, Казакстан Германия, Израиль, АКШ, бери эле болгондо Россия аймагына карай агылып кете баштаган жогорку квалификациялуу адистеринин жетишсиздигин жонтериси менен сезе баштады. Чексиз созулуп жаткан казак чөлдөрүндөгү газ, нефть ж. б. ресурстардын жаңыларын ачуу мындай турсун, мурунку ачылгандарды иштетүү үзгүлтүккө учуроо коркунучу жаралды.

Нурсултан Назарбаевдин алысты көрө билген саясатынан улам, тээ 90-жылдардын орто ченинде эле Кытай, Монголия, Турция ж. б. алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн, кылдат иштелип чыккан, социалдык артыкчылыктарды берүү жолу менен, оралман казактарды көчүрүп келүү процесси башталган. Ошонун натыйжасында, кыска мезгилдин ичинде, калктын саны (12 млн.дон 16 млн.го чейин!) дээрлик төрттөн бирге көбөйгөн (өзгөчө белгилей кете турган нерсе, мурда жыл сайын 1 млн.дон 3 млн.го чейин калкын жоготуп, калкы улам азайып бара жаткан РФда мындай саясатты Владимир Путин 2010-жылдардын орто ченинде гана жүргүзө баштады!).

Түндүк тараптагы алыскы провинция сымал, чакан шаар өлкө борборуна айланганда 300 миң калк жашаса, азыркы кезде Астананын калкы 1 млн.ду чапчып, ашканы турат. Ошону менен катар, ички миграция агымдары да дээрлик токтолуп, өлкөнүн бардык региондорунун тең салмактуу өнүгө башташына шарт түзүлдү. Бул демографиялык, социалдык, саясий жактан караганда өтө маанилүү көрсөткүч.

Ошентип, казактын улуу жүзүнүн шапырашты уруусунун өкүлү болгон Нурсултан Назарбаев жалпы улуттук масштабдагы чыныгы элдик лидерге айланды. Албетте, азыр анын апологетине айланып, “культ личности” сыяктуу кылып жүргөндөр да, отуз жылдан ашуун убакыттан бери бийлигин бербей келе жаткан диктатор катары сындагандар да жетиштүү. Бирок, эч ким жана эч кандай күч тана алгыс бир гана обьективдүү көрсөткүч бар — ​ал өлкөнүн өсүп-өнүгүү динамикасы. Назарбаев өлкө потенциалын толук сактап калып гана тим болбостон, аны андан ары заманбап деңгээлде өнүктүрүүнү улантып кете алды. Ал өлкө ичиндеги кен байлыктарды гана өздөштүрүп, жалпы өлкө кызыкчылыгы үчүн иштетип тим болбой, Каспий деңизинин тереңиндеги байлык үчүн да РФ, Азербайжан, Турция, Иран менен теңата күрөшүп, бул беш өлкөнүн ал деңизге секторалдык ээлик кылуучу бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыкканы турат.

Нурсултан Назарбаев азыркы кезде эл аралык масштабда — ​Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин арасында гана эмес — ​жалпы дүйнөлүк масштабда өзүнүн бараандуу орду бар, өтө кадырлуу лидерлердин бири. Дал ошондуктан улам, Владимир Путин Сирия маселесин чечүүгө келгенде, өз алдынча жеке аракеттери ишке ашпай турганын моюнга алып, казак президентинин жардамы менен гана, Астананын түздөн-түз катышуусу менен эзели элдешкис болгон Сириядагы душмандарды бийлик жана оппозициясын кошуп туруп, Турция, Иран өкүлдөрүн бир столго олтургузуп, узакка созулган эл аралык конфликтти чечүүгө жетише алды!..

Ал эми казак президентине ыйгарылган “престарелый диктатор” сымал үстүртөн, ойлонбой айтылган жеңил бааларга көңүл буруунун деле кажети жок. “Мышык акпы, карабы маанилүү эмес, анын чычканды кармаганы маанилүү” деген улуу кытай лидери Дэн Сяопиндин сөздөрүн перефразалап айта турган болсок, өлкө жетекчисинин, лидеринин курагы анча деле маанилүү эмес, ал жүргүзгөн саясат, өлкөнү кандай деңгээлде кабыл алып, аны кандай деңгээлге жеткиргендиги маанилүү.

Азыр Нурсултан Назарбаев бийликтен үч ирет кетип, үч ирет кайра келген, КНРди экономикалык кризистен сууруп чыгып, дүйнөдөгү экинчи экономикага айланткан Дэн Сяопиндин эң жетилген курагына эми гана жакындап келе жатат. Демек, аманчылык болсо, баары али алдыда!..

Нурсултан Абишовичтин саясаттагы көсөмдүгүн, даанышман, данакер экендигин бир гана казак эли эмес, боордош бир тууган кыргыз эли да урматтап айтып келет. Назарбаевдин кыраакы, данакерлигин мурунку кыргыз ажосу Алмазбек Атамбаевдин ал тууралуу ойлонулбай айтылган сөзүнө жасаган аракети ачык көрсөттү. Дүйнөдө кыргыз менен казактай жакын эл жок. Казак эл башчысы коңшу кыргыз элине жамандык каалабагандыгы буга күбө. Нурсултан Назарбаев өзүнө айтылган одоно сөздөрдөн кийин да мурун өзү теле аркылуу “Саясатчы болуу, эл башкаруу үчүн пилдин терисиндей териң болуусу керек. Сөз деген өтүмдүү-кетимдүү. Бирок, башчы болгондон кийин ойлонуп сүйлөө керек. Жакын, тууган, боордош эки элдин арасындагы карым-катнашка ал аркылуу таасир тийгизбейт деп ойлойм…” деп айтканын иш жүзүндө көрсөтүп, пилдин терисиндей калың терилүү журт башчысы экенин далилдеди. Эгер биздин мурунку президентибиздей болуп, эмоцияга алдырган журт башчы болгон болсо, абалыбыз кыйла кыйындамак.

Кечээ жакында эле Минск шаарында болгон мамлекет башчыларынын жолугушуусунда Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков менен накта боордоштук, жылуу маанайда сүйлөшүп, эки айга жакын жалпы элге көйгөй жараткан чекара маселелери дароо оң жагына чечилди. Эгер Нурсултан Назарбаев кыргыз элине кастыгы болгон болсо, Сооронбай Шариповичти сүйлөшүүгө чакырмак эмес. Назарбаев мамилени жөнгө салууга кадам таштагандан кийин чекара көйгөйү жоюлуп, алака калыбына келип олтурат.

Эки бир тууган элдин жана эки өлкөнүн ортосундагы эң жакын мамилелерди эч кандай ойлонулбай айтылган сөздөр буза албай тургандыгын, андай “өөдүк-сөөдүк нерселер” турмушта кээде боло берерин, “андай нерселерге көңүл буруунун да кажети жок” деген маанайдагы Нурсултан Назарбаевдин сөзүнө кошулбаска арга жок.

Автор Ишенбек Муртазаев

Булак: Жаны Ордо

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *