Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак орнотулду

Бишкекете Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак коюлду. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мэрия аталган көчөлөрдүн кесилишине жол чырак орнотууга тендер жарыялаган. Баялинов көчөсүндөгү 3,5 чакырымдык жол Кытай Эл Республикасынан келген гранттын эсебинен оңдоо-түзөөдөн өттү.

Тендерди  Vekko ишканасы утуп, аны менен келишим түзүлгөн. 20-декабрда курулуш иштери башталган. Жол чырак үчүн мэрия 500 миң сом короткон.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *