Баялы Төрөбеков, 7-Апрель баатыры: “Анда эмне үчүн биз 7-апрелде ок жедик дагы, бок жедик?”

-УКМК мурдагы ИИМ жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин кыскартып, коомчулукка резонанс жаратып койду. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

– Канкор, кан ичкич Бакиевдерге жан-дили менен кызмат кылган, үй-бүлөлүк, авторитардык «чөөлөрдүн» күчөшүнө опол тоодой салым кошкон, ошол кездеги министр Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарышы, акталышы мени эле эмес, ошол каргашалуу окуяда ок жеп каза болгондордун жакындарын, жетим-жесирлерди, о.э карапайым элди да дүрбөлөңгө салып койду! Ошол кездеги министр Конгантиев жөн эле Таласка бара салып эле токмок жеген эмес, ал бул жактагы шефтерине сөз берип, «Таласты мен бир заматта тынчытам» деп барып, карапайым элдин үнүн укпай, аларды кордоп баштаганда, анан эл өз жообун берген! Кандуу режимге кызмат кылгандар жана түздөн-түз күнөөсү барлар акталып атса, анда улуу революциянын баасы, баркы кайда кетти?! Анда эмне үчүн 90 бала октон-чоктон качпай өз өмүрлөрүн кыйышты? Эмне үчүн анда 500дөн ашык кыргызымдын эр-азаматтары жарадар болушту?! Айланайын, мен сыйлаган урматтуу Сооронбай Шарипович! Эмне мынча арбактарды тебелеп-тепсеп, нааразы кылдыңар?! Мындай акмакчылыкка мен чыдай албайм, мен да ошол Конгантиев баштаган Бакиевдердин башкесерлеринен ок жегем, жабыр тарткам! Анда эмне үчүн биз ок жедик дагы, бок жедик? Биз го биз, жок дегенде өлгөн арбактарды сыйлап койсоңор болмок! Эми ушунча болду, Бакиевдерди баш кылып, калгандарын төш кылып, баарын актап салгыла? Же эмне, шайлоодо колдоп койсо эле актала береби, ошондой беренелер бар беле? Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз дагы ошол кандуу бийликтен жабыр тартып, күрөшүп келгениңизди жакшы билебиз, бирок мындай кемчиликке жол бербесеңиз дурус болмок! Ок жеп, жарадар болгондорго мейли дейли, бирок, «Кыргызстандын адилеттүүлүгү үчүн» деп жан бергендердин арбагын сыйлап койсок жакшы болоор эле. Жок дегенде ошол экс-министрдин сотун кылып, жабыркаган тараптын өкүлдөрүн чакырып, бир ооз сөздөрүн угуп койсоңор дурус болмок, урматтуу бүгүнкү бийликтегилер! Менин өкүнгөнүм эле максатсыз каза болгон баатырлар, жана жетим-жесир калган артындагы бир боорлору…. Арбактардын башына сийип-чычканды качан токтотобуз, улуу урматтуу кыргыз элим?!. Мен күтпөгөн бүгүнкү бийликтин кадамдары, баары түшүнүксүз, баары башаламан… Эх, кырчындай кыйылган кайран гана өмүрлөр! Кайран гана акыйкаттык үчүн суудай аккан жоокер элимдин көз жашы, каны… Баатырларча кеткен баатырлардын арбактары кантти экен? Өрттөнүп турам…

Булак: “Азия Ньюс”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *