Базарбаев да саясаттын курмандыгы болду

Министрлердин арасында өз ишин мыкты билген, бирөөгө жамандыгы жок тың чыкма Кудайберген Базарбаев эле. Эки дөө кагылышса ортосундагы чымын өлөт болуп, Атамбаев менен Текебаевдин тиреши Базарбаевдин кызматтан кетишине негизги себеп болду. Дипломатиялык жөндөмү күч Кудайберген өзүнүн кызматтан кетишин “өз каалоом менен” деп эки дөөгө сөз тийгизбегени менен, көшөгө артында калган негизги себеп элге эбак эле маалым болгон. Сыйынан чыры көп соцминистрлигине Базарбаев баргандан бери кыйла алдыга жылуу болгонун эч ким тана албаса керек. Качан болсун карапайым эл менен камыр-жумур болуп тыгыз иштешкен министрди саясаттын курмандыгы кылбай, жайына койсо мыкты болмок. Ансыз да кадр маселеси кыйрап, иш билгилердин ордуна, эл менен жолукмак турсун эки ооз сөздү эптей айталбаган, өмүрү аппаратта иштебеген, базарда соода-сатык менен алектенгендер жетекчи болуп чыга келгендери чындык эмей эмине?! Базарбаевдин жасап жаткан иштерине жумурай журт жогору баа бергени, ишинин жыйынтыгы эмеспи. Мындай кадрды кызматтан алуу менен бийлик өзүнө дагы бир чекилик иш жасады.

Булак: Жаңы Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *