Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: «Максим Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны курууга 190 млн долларга сүйлөшсө, Атамбаев 389 млн доллар кылып баалады»

— Базарбай Эстебесович, сиз аткаруу бийлигинде көп жыл иштеп калдыңыз. Айрыкча суу ресурсу, энергетика, тоо-кен тармагын мыкты билесиз. Азыр сууну коңшу өлкөлөргө сатуу керек деген маселе жаралууда. Бул мезгилдин талабы ошондой болуп жатабы?

— Дүйнөлүк практикада агып жаткан сууну сатуу деген жок. Бир өлкөдөн агып, экинчи өлкөгө кирген суу боюнча суунун төмөнкү агымында жайгашкан өлкөлөр ошол сууну колдонгонго тарыхый укукка ээ. Дарыянын нугу менен агып жаткан сууну эч качан сата албайбыз. Сатабыз деп кыйкырсак, анда дүйнөлүк коомчулук каршы чыгат. Ошол дарыяга өзүбүздүн аймагыбызда суусактагыч салып, сууну топтоп, ылдыйкы өлкөлөргө суу керек дегенде берсек, алар бизге сууну топтоп бергенибиз үчүн акча төлөшү керек. Биздин бийликтегилер ошол даражага жете албай жатпайбы. Бүт эле өлкөлөр ушул маселе менен иш алып барышат. АКШ менен Канаданын, Мексика менен АКШнын мамилелери ушул багытта. Түркиянын Ефрат дарыясы Сирия, Ирак өлкөлөрүнө агып кирет. Түркия бул өлкөлөргө канча суу керек болсо ошону зарыл болгон учурда беришет. Агып жаткан сууну сатабыз деген туура эмес. Аны сатуунун жолу башка. Мюнхен, Хельсинги Конвенцияларына макул болгонбуз, баш ийебиз. Депутаттар маселени алып чыгарда билген кишилер менен акылдашып коюшса болот болчу. Өздөрүнүн билгенин эле былжыраша беришет. Баары эле биздин генийлер. Чындыгында Кыргызстан Орто Азияда суунун башында турган өлкө. Бул суу биздики, силерге сатабыз дегенди билдирбейт. Андай болсо Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен душман болобуз. Суунун айынан согуш чыгат. Ансыз деле И. Каримов убагында “Суу маселеси боюнча силер менен согушка чейин барышыбыз мүмкүн” деп чыккан. Ошондуктан, коңшу өлкөлөр менен суу үчүн акча төлөө боюнча сүйлөшүүгө барышыбыз керек. Өзүбүз да аларга керек болгон сууну топтоп берип жатканыбызды далилдешибиз зарыл.

— Азыркы Өкмөт эл колдонуп жаткан таза суунун тарифин көтөрүүнү демилгелеген. Бул демилге айласы жоктун ишиби?

— Бул айла түгөнгөндөн кылган жумуш да. Ичип жаткан суу үчүн акча төлөп деле бюджетке кыйратып акча түшүрө албайбыз. Биз таза суунун көйгөйүн чече албай олтурабыз го. Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европа банкы келип, айыл жергесиндеги мурунку таза суу түтүктөрүн жаңылап чыгуу үчүн 100 млн доллар беришкен. 2001-жылдан башталып, 2012-жылы бул иш толугу менен бүтүшү керек болчу. Бирок, биздин жеп-жутарлар, коррупционерлер ар бир курулган суу түтүктөрүнөн акчаны жешип, азыр ошол курулгандардын бири да иштебейт. Таза суунун маселесин чечмейинче тарифти көтөрүүнүн зарылчылыгы деле жок. Көтөргөнү менен бюджетке көп каражат түшпөйт.

— Сиз Түркмөнстанда элчи болуп иштеп келбедиңизби. Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султановдун аракети, ал жакта жагымсыз абалга туш болгон министрдин орун басары Зууракан Каденованын чуусу этикадан тыш болбодубу. Биздин жетекчилердин, элчилердин жүрүм-туруму кандай болушу керек?

— Элчи күйгөнүнөн эле айтып берем десе керек. Бирок, Тышкы иштер министрине абал тууралуу айтып, жазып берсе эле токтой турган маселе. Жетекчилер чет өлкөлөргө чыкканда Тышкы иштер министрлиги баарын көзөмөлгө алат. Мен 12 жыл көп делегацияларды чет өлкөлөрдө алып жүрдүм. Баргандар туура эмес аракет кылышса, дароо эле ТИМге билдирчүмүн. Социалдык өнүгүү министринин орун басары З. Каденова Түштүк Кореяга барганда жанында ТИМдин бир өкүлү, элчиликтин кызматкерлери жүргөн экен. Элчи болсо Кыргызстанга келе бериптир. ТИМдин өкүлү “Эжеке, минтип жүргөнүңүз туура эмес, протоколго туура келбейт” деп айтса, Каденова ойлонмок да. Кантип ал аял киши болуп туруп спирт ичимдигин ичкенге жол берди? Бул биз үчүн “позор”! Эми болсо корвалол ичкем деп актанып жатат. Ал билгенимди кылам деп өзүн ханыша сезип алган болсо керек. Экономика министрлигинен баргандар операция кылдырып жүрүшкөнү айтылбадыбы. Алар иштебей эле өздөрүн сулуулап жүрүшүптүр да. Мен 12 жылдын ичинде Ташкентке 5 жолу бардым. Бош убакта Самаркандга бара албадым. Санкт-Петербургда “Мойка” деген дарыянын жээгинде Юсуповдордун сарайы деген бар. Ал Григорий Распутинди өлтүргөн жер болгондуктан атактуу. Акыркы жолу Санкт-Петербургга барганда ошол сарайдын жанындагы мейманканада жайгаштык. Жакын туруп ошол жерге бара албадым. Вице-премьер-министр болуп туруп андайга жол бербегем. Булар министрдин орун басары болуп туруп өздөрү каалагандай жүрүп жатышпайбы. Жарым жыл министрдин орун басары болгон айым үч өлкөгө командировкага чыгыптыр. Окууга барган болсо, ал жактан өлкө үчүн эмне алып келди?

— Элчи мамлекеттин жүзү эмеспи. Өлкөнү башка жерде татыктуу көрсөтө албаган, барган өлкөсүнөн инвестиция тартууну билбеген элчилердин кереги барбы?

— Элчи болгон кишинин мамлекеттин экономикасын түшүнгөн деңгээли болушу керек. Мисалы, Түштүк Кореядагы элчи Султанов ал жактан ГЭСке же жеңил өнөр жайга инвестиция керек экенин билбесе, кантип инвесторду тарта алат? Экономика министрлиги дагы ушул компаниялар менен сүйлөшкүлө, бул тармакка инвестиция салышы мүмкүн деп багытты даярдап беришпейт. Ишенимдүү сунуш түшсө инвесторлор бат эле келишет. Өзүбүздө ошондой шартты түзө элекпиз. 4 жыл мурун Түркмөнстандын президенти Ысык-Көлгө 5 жылдыздуу мейманкана куруп берем деген. Мейманкананы куруу үчүн көлдүн жээгинен жер бере албайбыз. Түркмөнстандагы элчи Ж. Рүстөмбеков келгенде эмне болду десем, “Облус жетекчилери жерди көрсөттү. Архитекторлорду тартып, планын жазагыла деп тапшырма берилген. Кийин “черныйлар” келишип, “Бул жер биздики, силер ала албайсыңар” деп коркутуп кирди” дейт. Элестет, мамлекеттин жерин “черныйлар” келип бердирбей жатканын. Аларды тергөөсү жок эле көлдүн жээгине тизип алып атып салыш керек.

— Сиз энергетика боюнча анализ жүргүзүп келесиз. Кечээ Атамбаев билдирүү жасап, “Датка”, Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны курганын, электр көз карандысыздыгынан өлкөнү чыгарганын айтты. Бул ири долбоорлорду куруу, канча каражат кетери мурунку бийлик учурунда такталбады беле?

— Максим Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны куруу үчүн протокол түзүп, 190 млн долларга сүйлөшүү жүргүзүп келсе, Атамбаев 389 млн доллар кылып баалады. Максимдин протоколунда ушул 3 ири долбоорду куруучу компания 190 млн доллар сурап жатканы жазылыптыр. Так айтканда жалпы баасы 190 млн доллар деп бааланыптыр. Атамбаев ушул эле 3 долбоорду 389 млн доллар кылып баалабадыбы. Бул келишимде негизги маселе акча болгону көрүнүп эле турат да. Атамбаевдин адамдары 389 млн доллардан өздөрүнө тийиштүү үлүшкө ээ болсо керек. Бирок, ушул долбоорлорду дагы ойлонуп кылган жок. “Датка-Кемин” линиясын мурунку Токтогул ГЭС-Фрунзе линиясына параллель кылып, түштүктөн түндүккө электр энергиясын ташуу үчүн кошумча кылып курдук. Түштүктөн түндүккө ташый турган Токтогул каскадында электр энергия жок. Анткени, 2015-жылы Токтогул ГЭСинин эки агрегаты биринчиси 23-декабрда, экинчиси 25-сентябрда иштен чыккан. Адис катары айта турган болсом, биринчи Токтогул ГЭСин толук реконструкциядан өткөрүп, андан кийин линияны куруш керек болчу. Муну билген жок. Атамбаев билсе дагы башка фактор менен иштеди. Ага 389 млн доллардын келиши зарыл болгондой. “Энергетикалык көз карандысыздыктан чыктык. Керек болсо коңшу өлкөлөргө электр энергиясын бербей, өчүрүп коёбуз” деп айтпады беле. Панфиловдон Казакстанга 110 кВт электр энергиясы кеткен жер бар. Менимче ошол жерди өчүрүп коёбуз десе керек. Бул эмне деген келесоолук. Атамбаев өзү жарыялаган 2017-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү стратегиясында энергетикалык көз карандысыздыктан чыгабыз деп жазылып жүрөт. Анда эмне үчүн 2015-жылдан бери Казакстан менен Тажикстандан электр энергиясын сатып алуудабыз? Суу көп болгондуктан Токтогул ГЭСинин иштеп жаткан 2 агрегатын тынбай иштеткендиктен электр энергиясы жетиштүү болуп турду. Эгер кийинки жылы суу аз болуп, Токтогул ГЭСинде сууну топтой албасак, кошуналарга күнүбүз түшөт.

– 2010-жылы бийлик алмашып, Убактылуу бийлик өлкөнү башкарып турганда, Атамбаевдин биринчи жолу Россияга болгон иш сапарында сиз дагы барган экенсиз. Ошол жолугушууда орустардын Сечин, Кудрин баштаган жетекчилери биздин экономиканы колдой турганын билдиришип, алгач 30 млн доллар жардам кылаарын айтса, Атамбаев 30 млн долларыңардын кереги жок, мага Эрдоган 300 млн доллар жардам берем деп жатат дегени чынбы?

— Туура, ошол жолугушууга мен дагы катышкам. Расмий жолугушуу болгон. Ал учурда Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти элем. Россиянын энергетика министри, мурун вице-премьер-министр болгон Виктор Христенко менен мамилем жакшы болчу. 1-апрелде Россиядан бизге келип жаткан күйүүчү майларга орустар бажы төлөмүн киргизген. Биздикилер бажы төлөмү жок күйүүчү май алышып, аны Ооганстанга жөнөтүп жатышыптыр да. Аны орустар билип калгандыктан бажы төлөмүн киргизгенге мажбур болгон. Бир тонна күйүүчү майдын бажы төлөмү 193 доллар болчу. Ошондо биздеги баалар дароо эле 7–8 сомго көтөрүлгөн. Атамбаев мени 10-апрелде түндө чакырат. “Форумда” олтурган экен. Барсам “Сиз Христенко менен сүйлөшүңүз, бажы төлөмүн алсын” дейт. Христенкого чыгып, бийлик алмашканын, жалпы кырдаалды айтып, сүйлөшүүгө баратабыз дедим. Атамбаев экономикага жооп берчү адам эле да. Мени дагы барасың деди. 14-апрель эртең менен саат төрттө 10 адам Канттан учуп чыктык. Кантта Россиянын бажы кызматынын ТУ‑134 үлгүсүндөгү самолёту бар экен. Атамбаевдин досу Бельянинов ошол самолётту бериптир да. Москвага барганда элчиликке барбастан, түз эле саат он бирде Өкмөт үйүнө бардык. Христенко мага “Бул жакка келгенде өзүнүн манерасын көрсөтө бербестен, кыйын абалда турабыз, бажы төлөмүн алып салгыла десе макул болот” деп айткан. Орустардын биринчи вице-премьер-министри Сечин, каржы министри Кудрин, айыл чарба министри Скрынник, энергетика министри Христенко чет өлкөгө кетип, анын орун басары, “Газпромдон” Миллердин орун басары баштаган көп киши кабыл алды. Сечин энергетика министринин орун басарына “Бажы төлөмүн алып сала алабызбы?” деп сураганда, ал “Мен тийиштүү адамдар менен талкууладым. Мамбетов менен да бул темада сүйлөштүк. Бажы төлөмүн алып салсак болот” деди. “Андай болсо бажы төлөмүн алып салып жөнөткүлө” деген тапшырманы Сечин ошол жерден эле берген. Каржы жагынан жардам берүү боюнча сөздү Кудринге берди. Кудрин “Биз сөзсүз жардам беребиз. Бизде азыр нефтини иштеткен завод которгон 30 млн долларды кармап турабыз. Ошол 30 млн долларды бир жолку жардам иретинде беребиз” деди. Атамбаев ордунан тура калып “Бизге силердин 30 млн долларыңардын кереги жок! Силер кечээ эле Бакиевге 300 млн доллар бергенсиңер. Алар бир туугандары менен ошол акчаны бөлүп алышып, чет өлкөгө кетип калды…” деп чыкпадыбы. Сечин ким да Атамбаев ким?! Атамбаев ушуну менен эле токтоп калбастан “Мен бүгүн Эрдоган досума учуп баратам, ал мага 300 млн доллар жардам бергенге убада кылды” деп бакылдады. Биз ой-бай деп баш чайкап олтурдук. Анда Эрдоган премьер-министр эле.

— Орус Өкмөтүнүн жетекчилери Атамбаевдин сөзүнө эч кандай реакция кыла алышпадыбы?

— Кайдан? Орустар Атамбаев менен кошо бизди дагы бетке чапкандай эле кылды. Кудрин “Жолдош Атамбаев, эмне кааласаңар ошону жасагыла! Алгач өзүңөрдүн бийлигиңерди легитимдүү кылып алгыла. Ошондон кийин силер менен сүйлөшөбүз” деди. Анын сөзүнөн кийин бир аз тынчыгандай болдук. Кудрин кайрадан сөз алганда “Жолдош Атамбаев, силер бюджеттиңердин жумалык кирешеси менен чыгашасын айткыла. Биз бир жыл ичинде кандай каржылык жардам көрсөтө аларыбызды эсептеп чыгалы” десе, Атамбаев дагы “Эмне, силер Кыргызстандын бүтүндөй каржы маселесин көзөмөлдөгүңөр келип жатабы?!” деп чыкты. Миллердин орун басары мени карап “Силер акылыңардан кеткенсиңерби?” деген белгини берип олтурду. Бир саат танаписке чыккан учурда Миллердин орун басары мага келип “Бул кишини кайдан таап чыккансыңар?” деп сурап атпайбы. Ал күнү Атамбаев Эрдоганга учуп кеткен жок.

10 күндөн кийин учуп барганда досум деген Эрдоган бир тыйын жардам бербеди. Атамбаев өзүн “улуу адам” катары эсептеген “оорулуу элестетүүсү” менен жашайт тура. Москвага таңга маал учуп бардык да. Күтүүсүздөн баргандыктан элчиликтин машинасын күтүп калдык. Балдар самолёттон чемодандарды түшүрүп, Атамбаев перрондо турат. Мен анын жанына барып, Христенко менен сүйлөшкөнүмдү, жөн эле бажы төлөмүн алып салууну сурансак макул болушарын айтсам, Атамбаев мага “Мен Россиянын жетекчилерине көрсөтөм. Алар Кыргызстанга каржы диверсиясын жасагылары келип жатат” десе болобу. Карасам, ичкен кишидей эмес. Ошону менен барып Кудринге жанагы сөзүн айтып жатпайбы. Бул тууралуу Отунбаевага бир жумадан кийин ушундай болду деп жазгам. Отунбаева президенттик шайлоого Атамбаев чыгып жатканда, анын ички дүйнөсүн билгенден кийин элге кайрылып “Туугандар, Атамбаев президенттикке жарабайт” деп айтышы керек болчу. Отунбаеванын президент катары негизги күнөөсү Атамбаев тууралуу акыйкат сөзүн эл алдында айтпай койгону.

— 2012-жылы Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу үчүн Россия менен келишим түзүлгөн. Келишимге Атамбаев менен Путин кол коюшкан. 2015-жылы Атамбаев Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн президенттери чогулган жыйынга барып келип эле “Россия каржы кризисинен улам ГЭСти кура албайт” деп айтып, келишимди денонсация кылууну парламентке тапшырат. Путин менен тил табыша албаган соң, ачуусу менен келишимди жокко чыгарып жиберген эмеспи?

— 2015-жылы 21-декабрда КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин Москвада жыйыны өтөт. Ошол жерде Атамбаев Путин менен жолугат. Экөөсүнүн ортосунда катуу сөз болгон. Россиянын дипломатия корпусундагы сөздөр боюнча Путин Атамбаевге президенттикти тапшырып кетип калууну сунуштаган. Россиянын телеканалы Путин менен Атамбаев сүйлөшүүдөн кийин Кремлдин Андреев залынан чыгып баратышканда, Атамбаев алдыда кетип бараткан Путинди токтотуп, бир нерсени айтканда, Путин ага “Сиз менен сүйлөшпөдүкпү. Бүттү, мындан ары сүйлөшүү болбойт!” деп айтканын так көрсөткөн. Камбар-Ата‑1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча К. Бакиев 2009-жылы Путин менен келишимге кол койгон. Ал келишимде Россия курулуш үчүн 1,7 млрд доллар которо турганы жазылган. 2012-жылы Атамбаев кол койгон келишимде Россия бере турган сумма жазылган эмес. Россия каржы кризисинен улам долбоорду каржылай албайт дегени туура эмес. Азыр Россияда нефти компаниялардын каражаты жетиштүү. Россиянын маселеси ошол каражаттарды Эл аралык каржы фонддоруна депозит катары жайгаштыра албай жатканы. Бул үчүн АКШ санкцияларды киргизип, таасирин тийгизип жатат. Атамбаев “Мен экономикада суудагы балык сыяктуумун” деп айтып жүрбөдүбү. Бул болбогон былжырак сөз. Көрсө, ал экономиканы такыр түшүнбөйт экен. Мурунку президенттердин, айрыкча Атамбаевдин акылга сыйбаган кылыктарынын жыйынтыгында энергетика тармагыбыз башка өлкөлөрдөн 20 жыл артта калды. Өзүбүзгө жетпеген электр энергияны Казакстандан сатып алуудабыз.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *