Базарларда кооптуу азыктар сатылууда

Кытайдан келген өрдөк, тооктун эти тыюу салынганга карабастан жергиликтүү базарларда сатылып жатат. Бул тууралуу парламентте депутаттар айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү Кыргызстандын базарларында кооптуу делген азыктардын сатылып жатканына жол берген аткаминерлердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты. Негизи эле тамак-аш коопсуздугун  камсыздоо боюнча алгылыктуу чара көрүлбөй жатканы айтылды. Айрым эл өкүлдөрү уулануу жана ар кандай илдеттин алдын алуу үчүн коомдук жайларда тамак-ашты кардарлардын даярдоо ыкмасына өтүү керектигин билдиришүүдө.

Булак: «Азия Ньюс» 

 

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Таможня эшек такалап жатабы? Эмнеге откозуп жатат? Жоопко тарткыла жетекчилерин. Колунан келбесе кетсин ишинен. Ушул олбос Кашей куйгузду! Ансыз да балдарыбыз балалуу боло албай жатышат. Кыргызды жок кылып буто турган болдунар кузгундар.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *