Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Азыр Жээнбеков айрылыш жолдо турат, же тарыхта калган реформатор президент болот же жетеленме президент катары калат”

— Бегалы Молдогозуевич, көптөн бери ысык жакта сууга түшүп, кумга оонап эс алып эле жүрөсүз. Четте жатып алып саясатка көз кырыңызды салып, анализди катырып берген чыгаарсыз. Азыр саясатчылардын баары Атамбаев өз партиясынын жыйынын өткөрүп, кандай саясий жүрүш жасаарын күтүп жатышат. Экс-ажо партиясынын курултайын өткөзгөндөн кийин саясий айдыңда тиреш күч алып кетпейби?

— Атамбаев тирешүүгө даяр. Ал Жээнбеков менин кадрларымды (Алмазбек Курманалиев, Алмаз Үсөнов, Дүйшөн Чоткараев, Фарид Ниязов ж. б.) бийликтен кетирип жатат, мени укпай жатат, “мен жаңылыпмын, эми бирди көрсөтөм” дегендей ызырынып, “Форум” ишканасындагы офисине кызматсыз калып, бийликке таарынган экс-чиновниктерди, өзүнүн соратниктеринин баарын топтоп жатат. Ал жерде мамлекеттик чечимдерди кабыл алчу көмүскө борбор түзүшүүдө. Анан ал жерден “кнопка баскычтар” жыйналган КСДП аркылуу парламентти көзөмөлдөп, Сапар Исаковдун өкмөтүн колдоп, президент Сооронбай Жээнбековду жалгыз калтырып, саясый оюндардан четтетүүгө аракет жасашканы жатат. Ал эми Алмаз Атамбаев өзү болсо “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында иш кабинет жасатып алып, мурункудай эле министрлерди, депутаттарды бейрасмий кабыл алып жатканы белгилүү. Ал азыр депутаттарды бир-бирден чакырып алып, кабинетинде, Жолдубаеванын, Исраиловдун, Сегизбаевдин көзүнчө “мындан ары Сапар Исаковдун өкмөтүн гана колдойсуңар” деп “такалап” жатканы айтылууда. Бул көп кадамдуу комбинациянын биринчи гана “даярдануу” бөлүгү. Ал эми сиздер айткан партиясынын жыйынынан кийин конкреттүү кадамдар башталат. Ушул шартта президент Сооронбай Жээнбеков бул үчүнчү күч менен саясый күрөшкө чыгууга даярбы? Өз алдынча саясый күч катары тиреше алабы? Бул башка маселе. Эгер күрөшө алса жана кыргыз мамлекетин мыйзам менен жашоого сала алса анда ал тарыхта өз алдынча иш жүргүзгөн реформатор президент катары калат. Антпесе, эч нерсени чечпеген, жетеленме президент катары жаман атка конот.

Бирок, бул жерде дагы бир момент бар, мунун баары эки достун эл көзүнө жасап жаткан оюну эмеспи? Экс-президент Кокон саясый технологияларын мыкты өздөштүргөнү менен белгилүү да. Эгер оюн болсо ушундай калп эле тирешүү кете берет да, президент экинчи планга сүрүлүп, алдыңкы планга өкмөт чыгат.

— Атамбаев саясат майданга аттанып киргенден кийин абалды өзгөртө алабы?

— Эгер эл унчукпаса өзгөртө алат. Анткени аны азыр элден башка эч ким токтото албай калды. Парламент, өкмөт, сот бийлиги, генпрокурор анын чөнтөгүндө. Анан аны ким токтотот? 2013-жылы түзүлгөн генерал Өмүрбек Суваналиев экөөбүздүн “Каршылык көрсөтүү кыймылы” “президент бийликти толук узурпация кылып ала электе токтотуп калалы” деген чакырык менен чыкпады беле. Мына ошондо парламент президентти токтотуп калса болот эле. Бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап калса болот болчу. Андан кийин президенттик бийлик күч алып олтуруп, эми ошол эле бийлик Ак үйдүн сыртынан туруп, парламенттин да, баардык бийлик бутактарынын жүрөгүнүн үшүн алып жатат.

— Атамбаев партияны тазалайм деп айткан. КСДПнын азыркы депутаттарына анын сөзү дагы деле өтүмдүү болобу? Бийликте олтурган кишиге жан тартып, Атамбаевдин сөзүн укпай турган депутаттар КСДПда барбы?

— КСДП бул бир адамдын — ​Атамбаевдин жеке менчик партиясы. Атамбаевдин бийликке таасири кетери менен КСДП да жок болот. КСДПнын ичинде Атамбаевдин сөзүн укпай турган мүчөлөрү жокко эсе. Андайлардан 2–3 киши табылса деле алар эмнени өзгөртө алмак эле? Партиянын составы дээрлик окшош адамдардан түзүлсө, аны кантип тазалайт? Жеке таарынычтарга тушуккан кишилерди гана кетирип, алардын ордуна башкаларын киргизээр. Орун алмаштыруудан сумма өзгөрмөк беле…

— Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде коррупция менен күрөшүү өз максатына жеткен эмес деп, мындан кийин өзү коррупция менен күрөшүүдө жол баштай турганын билдирди. Анын бул сөзү Атамбаевдин дарегине айтылган эскертүү болдубу?

— Ал кишиде деле намыс ойгонсо керек да. Эмесе өкмөт башчы Сапар Исаков деле “президентти эл эмес парламент шайлаш керек “деп кыйыта тийишет. Жээнбековдун тегерегиндеги кишилерди коррупция менен айыпташат. Анан Жээнбеков кимдер чыныгы коррупционер экенин элге кыйыта көрсөтүп койду да.

— Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы А. Курманалиев президенттин сөзүнө каяша айтты. Анын билдирүүсү мурунку команданын азыркы командага “Биз айткандай болбосо, көрөсүңөр” деген ишаараты болдубу?

— Ошондой ишаарат болду. Бирок аны Алмазбек Курманалиев өзү жазган эмес, Фарид Ниязов сыяктуу көзүрлөрү жазып, шефи менен макулдашып анан жарыялашты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди 2017-жылдын октябрында эле Алмаз Атамбаев ушул кызматка дайындаган эле да. Анан ноябрда жаңы президент Жээнбеков аны кызматтан кетирип жатпайбы. Бул туура иш болгон. Коопсуздук кеңештин катчысы деген кызматты силер жазгандай иштин көзүн билбеген бир “ бок мурун” ээлеп алганы уят. Ал жерге татыктуу, профессионал киши барыш керек. Ал кызмат ээси Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууну координациялоого кудурети жете турган авторитети бар адам болуш керек. Анын пикирин Улуттук Коопсуздук комитетинин төрагасы, Коргоо министри, Ички иштер министри, Генпрокурор, ал тургай Президент угуш керек. Биздикилер Коопсуздук кеңешинин катчысынын кызматын кагаз жазып даярдап бере турган аткаруучу катчынын гана деңгээлине түшүрүп жиберишпедиби.

— Көп нерсе парламент аркылуу чечилет да. Бул парламент Атамбаевдин айтканын аткарып, өз алдынча чечим кабыл алганга духу жетпей турганын көрсөттү. Эки дос эки тарапка кете турган болсо парламенттин көпчүлүгү кимисин ээрчиши мүмкүн?

— Күч каякта болсо, ошол жакка ээрчип кетет. Ошондуктан Атамбаев 7-апрелде 10 миң тарапкери менен митингге чыгам, жүрүш жасайм деп жатат да. Ал жүрүш менен парламенттеги олку-солку болуп жаткан депутаттарды сестентип коюш керек. Эгер башка тарапты ээрчип кетсеңер, силерди таркатыш үчүн 10 миң эле киши жетишет деп.

Ошондой эле президент Жээнбековду, анын айланасындагыларды да сестентип коюу максаты турат. Ошондуктан Жээнбеков өзүнүн колундагы аз ресурстарды пайдалануу менен Кыргызстанды мыйзамдуулук талаасына алып келиш керек. Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүүлүгүн орнотушу зарыл. Анткени акыркы референдумдардан кийин президенттин мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү болуп калды. Азыр президент УКМКнын төрагасын гана алмаштыра алат. Бирок УКМКнын төрагасынан кылмыш ишин козгоо функциясын алып коюшкан. Кылмыш ишин прокуратура гана ача алат. Президент Генпрокурорду Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана кызматтан ала алат. Коргоо министрин премьер-министр менен макулдашып гана алмаштырат. Ушул сыяктуу президенттин колу-бутун тушаган бир нече тоскоолдуктардан улам анын ресурстары чектелген. Азыр Жээнбеков орду бошогон Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттик аппараттын жетекчиси сыяктуу кызматтарга эптеп эле бирөөлөрдү коюп койбой, тиги жээктин он эренине бирөөсү тете келе турган, алчы-таасын жеген, духу күчтүү, тигилер менен теңтайлашып, мыйзамдуулук үчүн күрөшө ала турган саясатчылардан коюш керек. Мисалы, азыр аркы жээкке өтө качкан Фарид Ниязовдун ордуна андан он эсе күчтүү президенттик аппараттын жетекчиси келиш керек. Анткени, ал азыр аркы жээктен буларга каршы күрөшөт. Антпесе, Жээнбеков жеңилип калат. Чыныгы профессионал саясатчы жоокерлерди айланасына топтоо менен гана Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында элге берген убадаларын аткарып, 8-февралда Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүнүн өтөсүнө чыгып, жаңы менен эскинин күрөшүндө жеңип, өз алдынча президент боло алат, тарыхта жакшы ат менен калат.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *