Бегалы Наргозуев, экс-депутат: «Бул бийлик убадасына туруп, бийликтен тынч кетип калса, кыргыз элине ошол олжо»

— Бегалы Молдогозуевич, алдыда боло турган шайлоо мурункулардан кандай өзгөчөлүгү менен өтөт?

— Азыр сыртынан тынч көрүнгөнү менен жакынкы аралыкта, 10-сентябрдан баштап кеткиси келбеген бийлик менен бийлик талашкан оппозициянын ортосундагы күрөш кескин курчуйт. Себеби, азыр орустар айткандай “же сен баарын утасың, же сен баарын уттуруп, жылаңач каласың” деген сыяктуу ситуация түзүлдү. Негизги күрөш Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбеков менен парламенттик оппозициянын лидери Өмүрбек Бабановдун ортосунда болот. Жээнбековго КСДПчылардын жарым-жартылайы, административдик ресурс, каржы ресурсу, түштүкчүл регионалчылар, бийликтин арзымат ММКлары жана Атамбаев жардам берет. Ал эми Бабановго “Республика-АтаЖуртчулар”, каржылык чоң ресурс, массалык түрдө түндүкчүл регионалчылар, көз карандысыз ММКлар, жаштар жана протесттик электорат жардамга келет. Эгер Атамбаев “компьютерин иштетип” эле жибербесе Бабанов утчудай болуп турат. Адахан Мадумаров президенттик шайлоо кампаниясын 1 жыл мурун баштап, каржылык ресурсун чечип, түштүк региондон жалгыз талапкер (майда талапкерлерди эске албаганда) катары чыкканда, анын жеңишке жетүү шансы өтө чоң болмок. Бирок азыр ал шайлоого аз каржы, өзүнүн таза аты менен баратат. Анын атына акаарат сөздөрдү жетесинен бери регионалчылыкка ууккан жарандар гана айтып келатат, бирок фактылары жок.

Дегеле бүгүнкү кыргыз коомчулугун аксатып жаткан регионалчылык оорусу бул улуттук идеологиянын жоктугунан болуп жатат. Эгерде жалпы кыргыз эли ээрчип кеткен бир улуттук идеология болгондо минтип эл бөлүнбөйт эле. Көз карандысыздыктын 26 жыл ичинде мамлекет башкарган президенттердин бири да улуттук лидер боло алышкан жок. Жалпы улутту бириктирген идеологияны сунуштай албады. Натыйжада, 21-кылымда да элдин бир бөлүгү регионалдык идеологиядан жогору көтөрүлө албай жатат. Президенттик шайлоо да ушул идеологияга аралашып өтөт.

Темир Сариев өз убагында регионалчыл идеологияга ууланбаганда шайлоодо шансы чоң болмок. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ага азыр түштүктөгү катуу иштеп беребиз деп чамданып алган айрым штабдары шайлоого бөлүнгөн каражаттарын кайрып берип жатышат “акчаңызды кайра алыңыз, жеп кетишти деп кийин айтпаңыз, биз тарапта сиздин шансыңыз жок болуп жатат” дешип. Сариевдин шансынын азайышына регионалчылык жана каржылык ресурстардын чектелүү болгондугу себеп болду.

Бакыт Төрөбаевге чечкиндүүлүк жетишпей жатат, бир аз жаштык кылып жатабы айтор шайлоонун көмүскө оюндар графигинен кечигип баратат. Бирок бийликтин негизги талапкеринин нервин жакшы эле “ойнотот”. Жалал-Абад облусунда позициясы күчтүү, башка региондордо аракети жакшы. Келечеги бар саясатчы.

Негизги талапкерлер ушулар болуп калды: Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев жана Темир Сариев. Калган талапкерлерди бийлик ар түрдүү шылтоолор менен шайлоодон четтетти. Ахматбек Келдибеков далайдын жүрөгүнүн үшүн алмак, бирок БШК аны талапкер катары каттабай койду.

2011-жылдагы президенттик шайлоодон азыркы 2017-жылдагы шайлоонун өзгөчөлүгү чоң. 2011-жылы төңкөрүшчүлөрдүн таасири күч болчу. Элдин төңкөрүшчүлөргө болгон үмүтү бар эле. Азыр төңкөрүшчүлөрдү эл тургай өздөрү бири-бирин аферист деп атап жатышат. Төңкөрүштөн кийин 7 жыл өтсө да бир ууч төңкөрүшчүлөрдөн башка эч ким байыган жок. Кошумча жумушчу орундар түзүлбөй, элдин чет жерлерге эмгек миграциясы 7 жыл ичинде тынбай өсүп турду. Тышкы карыз 4 миллиард доллардан ашып, ИДПнын 60%ынан эбак ашып кеткен. Бюждеттин тартыштыгы өнөкөт ооруга айланды. Ошондуктан азыр эл төңкөрүшчүлөрдүн бал тилине ишенип эле добуш бере бербейт. Бийликтин ишенгени эле административдик ресурс менен компьютердик эсептөө. Бирок, шайлоочулар менен атаандаштар ушул эки ресурсту жакшы көзөмөлдөсө эле бийлик жеңилет.

— Бизде Кремль кимди колдосо, ошол адам президент болот деген түшүнүк бар эмеспи. Бул жолку шайлоодо Кремль өз кишисин алып келе алабы? Орустар кимге “ставка” коюшу мүмкүн болуп турат?

— Орустар 2017-жылдагы президенттик шайлоого 2011-жылдагыдай өзгөчө кийлигишпейт. Мунун бир нече себептери бар. Биринчиден, негизги талапкерлердин баары Россиянын тилинен чыкпай турган саясатчылар. Кимиси жеңип чыкса дагы Россиянын кызыкчылыгы менен эсептешип саясат жүргүзөт. Россия менен эсептешпей өз алдынча саясат жүргүзөм деген Бакиевдин 2010-жылдагы тагдырынан кийин президент болом деген дымагы барлардын баарынын Россиядан жүрөгү түшүп калган. Экинчиден, Россиянын талабы боюнча Кыргызстан АКШнын аскердик базасын өз аймагынан чыгарган. Ошондон тартып Кыргызстан АКШ менен Россиянын ортосундагы геосаясый кызыкчылык катары өз баасын жоготту. Ушул себептүү Россия АКШнын аскердик базасын чыгарсаңар куруп беребиз деген “Камбар-Ата‑1”, Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын да курбай койду. Кыскасы, мурун бизди көз карандысыз мамлекет катары эсептешишсе, эми өздөрүнүн бир губерниясындай эле сезип калышты. Демек, шайлоого аралашып, жаман көрүнүп эмне кылышат? Анын үстүнө колдогон кишисине каржы жагынан да жардам берүү керек болот. Ошол эле учурда Россия дүйнөлүк санкциялардан улам өзү каржы жагынан каржалып турат. Демек чыгым болуп жаман көрүнгөндүн ордуна алар шайлоого аралашпай шайлоону үстүнөн гана көзөмөлдөп туралы деген чечимге келишсе керек. Эгер кокустан Россия менен эсептешпей улуттук кызыкчылыкта аракет кыла турган саясатчы чыга калса, анда аны чаап салууга анын атаандаштарына жардам бериши мүмкүн. Ошондуктан Россия азыр эч кимге ставка койбой “кимиңер жеңсеңер ошол жеңүүчү менен иштешебиз” деп карап турат.

— Жаңыдан Өкмөт башчылыгына келген Сапар Исаков өлкөнү «40 кадамы» менен өнүктүрөм деп күпүлдөдү. Ал узак мөөнөттөгү премьер-министр болуп иштей алабы?

— Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен түзүлгөн Сапар Исаковдун өкмөтүн карап туруп, бул кандайча деген ойго келесиң. Атамбаев 7 жыл өзүнүн кадрларын мамлекеттик кызматтарга дайындап келди. Атамбаев алардын колунан эч нерсе келбегенден кийин аргасы кеткенинен эң жогорку мамлекеттик кызматтарга Максимдин кадрларын чакырууга муктаж болду. Сапар Исаков өзү 2010-жылы Максимдин ЦАРИсинде иштеген, 7-апрель күнү Максим менен кошо АКШда жүргөн. Калган өкмөт мүчөлөрү Жумакадыров, Абдыгулов, Новиков жана башкалары, баары Максимдин кол алдында иштегендер. Элдин баарына Максимдин ЦАРИсин жамандап жүрүп, эми анын кадрларына күнү түшкөнүнө жол болсун. Эми булары Максимди туурап “Жаңы 40 кадам” деген программа жазышыптыр. Бирок тигини кылабыз, муну кылабыз деп жөнөкөй эле нерселердин баарын сандык технологияларга жармаштырып, кооздоого аракет кылышканы менен аларды кантип ишке ашыруу механизмдери жок. Каржылоо булактары жок. Үмүт эткени эле Эл аралык уюмдардын гранттары. Чет элдик гранттарды эң көп жеген Атамбаевдин бийлиги укук коргоочуларды грант жейсиңер деп бет тырмагандай эле, дагы да өздөрү “Таза коомуна” грант издеп жүрүшөт. Буга чейинки “2013-2017-жылдардагы Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясы” 35%га аткарылганы Жогорку Кеңеште айтылды. Анын ичиндеги электр көз карандысыздыгын камсыз кылган “Датка-Кемин” электр чордонун да Максим баштап кеткен эле, ошону бүтүрүп алышып, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп жатышат. 5 жылдык стратегияны аткаралбай жатышып эми 23 жылдык, 2040-жылга чейин стратегияны жазып жатышат. Баягы күнү бирөө жакшы айтты: “Коопсуз шаар” программасын Тажикстан, Азербайжан, Өзбекстан 7 айда ишке ашырыптыр, биздин кыргыз бийлиги бир эле шаар, Бишкекти камтыган “Коопсуз шаар” программасын 7 жылда да ишке ашыра албай жатат” деп. Эми ошол 7 жылдык эски “Коопсуз шаар” программасын жаңы сандык технологияга киргизишип, “Таза коомго” байлап жатышат. Саясат таануучу Элмира Ногойбаева “Сапар Исаковдун программасына караганда Максим Бакиевдин программасы алда канча күчтүү жана реалдуу болчу” деген ойду жазып жарыялады. Эми айта берсе сөз түгөнбөйт. Бирок “сууну сиңген жерге куй, сөздү уккан жерге айт” дегендей дээринде жок болгондон кийин буларга сөз айтуунун кажети барбы? Андан көрө убадасында туруп, бийликтен тынч кетип калышса, кыргыз элине ошол олжо.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *