Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Канат Исаев парламенттеги башка “төө куштардан” айрымаланып, балдарынын, неберелеринин алдында жүзү жарык болот”

Ошентип, буга чейин коррупция боюнча айыпталып келген парламент депутаты Канатбек Исаев 4-январь күнү сот аны сааттын жебеси түнкү 12ни чамалаганына карабастан 12 жылдык жаза мөөнөт ыйгарып, мойнундагы жазасын күчөтүлгөн режимдеги жайдан өтөөгө өкүм чыгарды. Муну менен эле чектелбей, судья өзүнүн алсыз чечими менен Исаевди үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салды. Коомчулук эл өкүлүнө карата чыккан чечим саясый негизде токулганын бир ооздон белгилешүүдө. Барган сайын көпчүлүк катмар Канатбек Исаевге карата “ойдон токулган” иштин жалган экенине ынангандыктарын төмөндөгү пикирлерден эле толук билүүгө болот.

— Канат Исаевди мен акыркы жылдарда сыйлап калдым. Анткени, ал дагы парламентте отурган 120 депутатка окшоп, өлкөнүн өнүгүшүн 50 жылдай артка тарткан бийликтен коркуп, башын кумга тыккан төө куштай үн чыгара албай, көчүгүн тескери нукка каратып туруп алганда эмне болмок? Дегинкиси Канат Исаев менен Өмүрбек Текебаев гана системанын ичинен бул бийликтин кылмыштуу экенин ачык айтып, үн ката алышты. Эмесе, калган 115 депутатка окшоп, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деп отуруп, Атамбаевге кошомат кыла берсе, алигиче Атамбаев Канат Исаевди парламенттин спикери кызматына көтөрмөк. Азыркы парламент бул олигархиялык парламент. Мындай парламентти Атамбаевдик режим атайын түздү. 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Атамбаев, шопур жана Фарид Ниязов баштаган компания биринчиден, парламентке өтчү партиялардын тизмесин жең ичинен өздөрү бекитишти. Экинчиден, ал партиялардын ар бирине шарттарды коюп, 10-15тен өздөрүнүн кишилерин кошту, үчүнчүдөн, КСДПга клон партияларды түзүп, аларды башка ат менен партиялардын катарына кошушту. Төртүнчүдөн, ар бир парламентке өтө турган партияларга Өмүрбек Суваналиев, Равшан Жээнбеков, Улугбек Кочкоров сыяктуу бийлик менен келишпес оппозициялык көз караштагы саясатчылардын тизмесин берип, аларды тизмеге албоону буюрушту. Бешинчиден, жер-жерлердеги байлыкка эптүү, тың, “кичинекей олигархтарды” тизмелерге күргүштөтүп кошууну сунушташты. Анткени, мындай балдар каржы ресурстары менен жер-жерлерде добуш ала алышат, бирок, бийликке каршы баш көтөрө алышпайт. Анча-мынча үн чыгарганы болсо башка чаап, бат эле ордуна коюп койсо болот. Бийлик пландагандай эле 2015-жылы октябрда парламентке ошондой балдар көп келишти. “Токочтуу бала сүймөнчүк” дегендей, акчасын таратып, добушун алышып, депутат болушканы менен биринин да Канат Исаевдей, Текебаевдей духтары жок. Атамбаев бир айкырса ыштандарына суулап коюшат. Эми ошолор “мамлекет башкарып жатабыз” деп кыйын сүйлөп жүрүшөт. Чындыгында президенттик аппараттын “кол балдарына” эле айланышты. Бийлик “тур” десе турат, “жат” десе жатат. Алардын коллегасы болгон экс-депутат Чолпон Жакупова аларга жакшы сүрөттөмө берген: “Азыр парламентте эркек деле калбады, баары Атамбаевге жатып берди” деп. Мына ушундай системанын ичинен коркпой баш көтөрүп чыккандарга тан бериш керек. Алардын бири Канат Исаев болду. Албетте, парламенттеги “төөкуштар” азыр абакта жатышкан Текебаев менен Канат Исаевге күлүп жатышкандыр. Бирок, Канат менен Текебаев элинин, балдары менен неберелеринин алдында жүзү жарык калышты. Ал эми азыркы “төөкуш” депутаттардын балдары, неберелери келечекте аталарынын “эрдигине” сыймыктана алышабы?

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *