Бегалы Наргозуев, коомдук ишмер: «Атамбаев 2010-жылдан бери тапкан байлыгын адалдай албай эле убара болуп келатат»

— Бегалы Молдогозуевич, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнө таандык болгон “Апрель” телеканалына берген маегин көргөн соң, мурунку Атамбаев менен азыркы Атамбаевдин айырмасын байкай алдыңызбы?

— Баягы эле «Мага асмандан аян түшкөн кишимин, мен президент болом» деп жүргөн бойдон калыптыр. Эгер Кыргызстанда регионализмдин орто кылымдардагы деңгээли болбосо бул киши эч качан президент болбойт эле. Бул жолу түз эфирден чоочулашып, өзүнүн“Апрель” телеканалына бир күн эрте маек берип, аны эртеси кечке тазалап жатып чыгаргандагысы ушул болду, көрдүңөр. Ыза менен кекке толгон таарынычтардан башка эч нерсе жок.

— Атамбаев учурунда сиз менен Мелис Эшимкановду үйүнө чакырып, меймандаганын уктук эле. Акыркы маегинде “Мен Дубайдан, Босфордун жээгинен вилла сатып алганга кудуретим жете турган баймын” деп айтты. Сиз барган учурда Атамбаев олигархтар жашаган үйдө турчу беле?

— Атамбаевдин 2010-жылга чейинки бизнеси эсил кайран СССРден калган заводдорду прихватташтыруу жана анын тонналаган темирлери менен гектарлаган жерлерин сатуу гана болгон. Алгачкы капиталын кайдан тапканын Чыңгыз Айтматов менен Аскар Акаев айтып беришкен. Андан түшкөн акча өзүнүн үй-бүлөсүн жана бир ууч оппозиционерлерди бакканга гана жеткен. Эч кандай ашык дүйнөсү болгон эмес. Муну блогер Искен Афиджанов жарыялаган Атамбаевдин үйүнүн 2010-жылга чейинки көрүнүшү жана азыркы көрүнүшү далилдеп турат. Атамбаев байлыгынын баарын 2010-жылдагы революциядан кийин тапты. Ошондуктан ал Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын экономика боюнча орун басары кызматын алып, дароо эле “Дастан” сыяктуу мамлекеттик заводдорго өзүнүн кишилерин коё баштаган. Анын маекте айткан “2002-жылы бир жылда 26 млн доллар иштеп тапкам” деген калпын блогер Эдил Байсалов жарым саатта төгүн экенин далилдеп берди. Эгер Атамбаев бир жылда 26 млн доллар дивиденд-киреше тапса Кыргызстандын жараны Алмаз Атамбаев ошол жылы Кыргызстанга канча салык төлөдү эле? Журналисттер силер Атамбаевдин маалымат жыйындарынын архивин көтөрүп көрсөңөр, мындан 3–4 жыл мурун эле ал журналисттерге “байлыгымдын баардык суммасы 10 млн долларга эле жетет” деп билдирүү жасаган, андан кийин бир жыл өтпөй эле “мультимиллионермин, 36 млн долларга “Интермед” заводумду саткамын” дей баштады. Аны Байсалов калп экенин далилдеп берген. Атамбаев 2010-жылдан бери тапкан байлыгын адалдай албай эле убара болуп келатат.

— Сапар Исаков, Кубан Кулматов, Икрам Илмияновду таза иштегендер деп аябай актаганга аракет кылып сүйлөдү. Булар тергөөдө баарын айтып ийсе абал башка жакка өзгөрүп, өзүнүн абалы кыйындап калаарын билген экс-президент айласы жоктон ушундай пикирди айтып жаткан жокпу?

— Ооба, азыр Атамбаев алардын алдында өзүн күнөөлүү сезип жатат, аларды коргомуш этип, өзү актанууда. Чынында абакта олтургандардын көбүнүн убалына Атамбаев калды. Көбү “жебеген самсыга пул төлөп” ошол жакка түшүштү, бирок аз да болсо табакташ болуп калышкан.

— Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабы коротту деген тактала элек документти Икрам Илмиянов чыгарды дегендей пикирге токтолду. Муну менен ал камакта жаткан өзүнүн эң жакын адамы саналган Илмияновду сатып койгон жокпу?

— “Башка түшсө байтал жорго” дегендей эми башына күч келгенде баары чындыкты айтып бериши мүмкүн. Азырынча абактагылар “Атамбаев бизди Путин атасын ортого салып, куткарып алат” деген кыялда шүк олтурушу мүмкүн. Бирок качан Атамбаев эч нерсе кылалбашын түшүнгөндө чындыкты айта башташат.

— Азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түшүп алды, Атамбаевдин жолун улаган жок деп нааразы болду. Бакиев менен Атамбаевдин кимиси өлкө үчүн көп иштерди аткарып кетти?

— Бул боюнча саясат таануучулар Алмаз Акматалиев, Эдил Байсаловдор так жана даана айтышты. “Атамбаев Сооронбай Жээнбековду Бакиевге теңеп жатканы ал элди түштүк-түндүккө бөлүп, ушул идеологиянын негизинде кайрадан бийликке каршы көтөрүлүү аракетин жасап жатат, өзүнүн тарапкерлерине сигнал берип жатат” деп туура билдиришти. Регионалдык саясатка ууккан элдин айрым бөлүгүнүн аң-сезими көтөрүлгөндө гана Атамбаевге окшогондордун орто кылымдар деңгээлиндеги идеологиясы колдоо таппай калат. Ошондо гана Кыргыз бир улутка биригип, өнүгүү жолуна түшөт. Регионалдык өксүк комплексинен кутулуп, улуттук кызыкчылыкты гана аркалап калабыз.

Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *