Бегиш Ааматов, “Легендарлуу парламенттин” депутаты: “Азыр да ошол Акаев берген үйдө жашап атам.

– Бегиш аке, «Кыргызстандын эгемендиги жарыяланышына менин да салымым бар» дедиңиз эле. Ал кандайча болгон?

– 1991-жылы 30-августта кошуна Өзбекстан республикасы эгемендигин жарыялаганы жатканын угуп, спикер Медеткен Шеримкуловдон «бизде да ошондой аракеттер болуп атабы?» деп сурасам, Жогорку Кеңештин күн тартибинде андай маселе жок экен. Акаевден да эч кандай ишара болбоптур. Эртеси күнү сессия башталмак. Пишпек мейманканасына барып, «СССРдин Конституциясынын негизинде ар бир союздук республика союзга өз эрки менен кошулат, өз эрки менен чыгат, Кыргызстан да өз эгемендигин жарыялайт» деп кыскача текст жаздым да парламенттин күн тартибине сунуш кылдым. Ошентип, маселе күн тартибине кирди. Түшкө чейин биринчи маселе кылып карадык, депутаттардын баары колдоду. Акаев пешенебизде үндөбөй отурду. Комиссия түзүлүп, мен да ага мүчө болдум. Текстти даярдап, юрист катары Чолпон Баековга бердик. Ал окуп берди. Аябай талкуулаган соң «ОртоАзияда биринчи болуп, биз эгемендик тууралуу чечим кабыл алдык» деп баарыбыз ордубуздан туруп, кол чаптык. Бир маалда мага бирөө басып келип (президенттин администрациясында иштеген аксакал киши экен), «Аскар Акаевич обед убагында сизди күтөт» деди. Төлөгөн Касымбековго жолугуп, «мени Акаев чакырып атыптыр» десем, «бар, ал карыз болуп калды, Акаев айта турган сөздү сен айтып салдың» деди. Түшкү тыныгуу маалында Акаевге бардым. Чоң кабинет экен, ордунан туруп мени көздөй басты, мен аны көздөй бастым. Бири-бирибизди куттуктап, «эгемендикти жарыялаганыбыз аябай жакшы болду» дедик. Эмне иш кылып атканымды сурады. Мен ал кезде Ош обкомунда элем. «Обком жабылат окшойт» десем, «бирге иштейли. Жалил Садыков улуттук ээлик кылуучулардын фондусун ачкан, ошого орун басар болуп иштеп бериңиз» деди. Үй-жайымды сурады. Борбордо үйүм жок экенин айтсам, «БКнын бир үйү бүтүп атат, сиз да ошол жерден квартира аласыз» деди. Келип, президент экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү Төлөгөн Касымбековго» айтып берсем, «жайлапсың, бир кириште ишти да, квартираны да чечипсиң» деди. Азыр да ошол Акаев берген үйдө жашап атам.

– Ошондо сизге «Миң түркүн» дүкөнүн да бергенби?

– Жок. Ал мындай болгон. 1994-жылы эле. Биз уже Акаевге оппозиция болуп калганбыз. Ар ким ар нерсени прихватташтырып атат. Бир күнү Юнус Дунларов «сен деле бирдеке сурабайсыңбы» деди. «Пулум жок болсо, сурагандан эмне пайда» десем, «акчаны мен таап берем, «Миң түркүндү» сура» деди. Барып сурасам, дүкөндү бүт чоңдордун катындары ээлеп алышыптыр. Маммүлк фондусунун төрагасы Эсенгул Өмүралиев «эгер кааласаңар жарымын алгыла» деди. Ошентип, мен акчасы жок эле кошулуп калдым. «15 пайызын төлөп турабыз, пул тапсаң аласың» дешти. Оппозицияга асмандагы бааны айтат экен. Менде андай пул жок да. Дунларовдун балдарына (бу кезде ал өзү кайтыш болуп кеткен) өткөрүп бердим, анан эмне кылайын?..

-Дунларов менен кандайча мамилелеш болуп калдыңыз?

– Билсеңер керек, мен Базар-Коргондо экинчи катчы экенде өрдөк баккам. Эки айдын ичинде 18 тонна эт тапшыргам- Москванын «Время» программасынан бери көрсөтүшкөн. Ким 5 тонна эт тапшырса «Волга», же УАЗ алат экен. Мага бир «Волга», бир УАЗ беришмек. УАЗды беришти, анан «Волганы» алыш үчүн өнөр жай жана соода министри Андрей Иорданга кайрылсам, ал «азыр «Волга» жок. Депутат Юнус Дунларовдо «Жигулилер» бар. Ошондон ал» деди. Дунларов менен ошентип таанышып калгам. Эки «Жигули» бере турган болду. Бирок, аны ала турган пулум жок да. УАЗды да тууган-уруктан карыз болуп алгам. Ошондуктан «эки «Жигулинин» бирин өзүң ал да бирөөнү мага бекер бер» десем макул болду.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *