Бейшен Болотбеков, экс-губернатор: “Раззаков, Усубалиев, Айматов жөнүндө…”

Өлкөдөгү тажрыйбалуу мамлекетчил кадрлардын көрүнүктүүсү, Нарын, Талас облустарынын экс-губернатору Бейшен агабыз менен жолугуп калып, өткөн-кеткенден кеп козгодук. Сөз арасында көкүрөгүндөгү олуттуу идеясын уккан соң, гезит үчүн да сүйлөп берүүсүн өтүнүп, жарыялап турубуз.

— Бейшен ага, соңку убакта маалымат каражаттарына анчейин чыкпай, көзгө чалдыкпай кеттиңиз да, кандай жаңылыктарыңыз бар? Тажрыйбалуу инсан катары сырттагы агымга карата айта турган оюңуз бар болсо керек…

— Айта турган ой албетте, бар. Ири алды кыргыз эли үчүн мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөөдө чоң кызматтарды аркалашып, анын арты менен үлкөн салым кошушкан улуу инсандарыбыздын ысымдарын башкалаадагы райондорго ыйгаруу боюнча көкүрөктөгү идеям менен алпурушуп жүрөм. Улуулаштарып айтканда, өз кезегинде томолой жетим өсүп, балдар үйүндө тарбияланып, кийин Ташкенттен окуп, көтөрүлүп отуруп Өзбекстан мамлекеттик пландоо комитетинин төрагалыгын, андан соң Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштеген Исхак Раззаковдун артындагы салып кеткен чыйыры баарыбызга маалым. Согуштан кийин Кыргызстанга келип, 1945-1950-жылдары министрлер кеңешинин төрагалыгын аркалап, андан соң 1950-1961-жылдары өлкөбүздүн жетекчиси катары кыргыз мамлекетин агрардык индустриалдуу мамлекет болуп өсүп-өнүгүшүнө дал ушул инсандын чоң эмгектери бар. Башкасын айтпаганда да Төрткүл, Орто-Токой, Үч-Коргон ГЭСтерин курууда, улуттук кадрларды өстүрүү боюнча кылган эмгектери абдан зор. Ал убакта улуттук кадрлар жетишпегендиктен, тың, жакшы окуган балдарды Раззаков өзү тандап, Россиянын борбордук ЖОЖдоруна жиберип, аларды кайра өлкөбүзгө алып келип, иш берип, кадрдык потенциалды өстүрүүгө чоң салым кошкон. Өзгөчө өлкөбүздөгү мектеп окуучуларына катуу кам көрүп, 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак бердиртүү боюнча саамалыкты Раззаков баштаган. Мындай инсандын ушул сыяктуу өлкөбүзгө кылган эмгектеринин баарысын гезит бетине сыйдырууга мүмкүн эмес. Башкысы элибиз билет.

Экинчи сөз кыла турган улуу инсаныбыз Турдакун Усубалиев экендиги талашсыз. Бул кашкөй инсан да өз кезегинде партиянын пропаганда бөлүмүн жетектеп, Фрунзе шаарынын 1-катчысы, 1961-1986-жылдары дээрлик чейрек кылым өлкөбүздүн жетекчиси болуп эң татыктуу иштеп кеткендиги менен айырмалана алды. Республикабыздын өсүп-өнүгүшүнө, агрардык, индустриалдык өлкө болушуна Усубалиевдин салымы өтө зор. Канчалаган завод-фабрикалар бул кишинин башкаруу доорунда салынды. Айыл чарбасын өнүктүрүү, ГЭСтердин курулуштары, айыл чарба техникаларын чыгарчу Фрунзе атындагы завод, комволдук нооту комбинаттары баштаган иштердин баарысын, деги койчу, айта берсе гезит бети түт келбейт.

— Булардын тышкары Турдакун Усубалиев атабыздын андагы Фрунзе шаарына салып кеткен мамлекеттик имараттары андан кийинки келген бийликтегилер тарабынан уланган деле жок да, туурабы? Ошондуктанбы, Усубалиевдин тушунда борбор калаабыз “мрамордук калаа” атка консо керек ээ?

— Аныңда калет жок. Андагы Фрунзе шаарына курулган азыркы Акүй-Көкүй баштаган агропромдун имараттары, Тарых музейи, Ленин атындагы китепкана, борбордук көчөлөр Турдакун Усубалиевдин доорунда бүткөндүгү талашсыз. Шаарыбыздын “архитектору” катары ал киши башкалаабызга опол тоодой эмгегин сиңирди. Усубалиевдин эмгегин борбор калаа тургундары менен жалпы элибиз жакшы билишет. Кийин бийликтен кеткенде да коомдук, саясый турмуштан четте калбай, өлкөбүз эгемендүүлүктү алганда да кыргыз парламентинин бир канча ирет чакырылышына депутат болуп, республикабыздын социалдык, экономикалык жагынан өнүгүшүнө өз салымын кошуп турду. Турдакун атабыздын эмдиги жылы өтө турган 100 жылдык мааракесине карата азыртадан камылгалар көрүлүүдө. Көрүнүктүү коомдук, саясый ишмер Жумагул Сааданбеков учурда Турдакун Усубалиевдин баскан изин, кылган эмгегин камтыган чыгарма жазып жатканынан кабардар болдум.

Мына ушул эки инсанга удаа атактуу ойчул, дүйнөнү калеми менен багындырып, чыгармалары 162 мамлекеттин тилине которулуп, Кыргызстанды жана жалпы түрк дүйнөсүн төгөрөктүн төрт бурчуна тааныткан Чыңгыз Айтматовду да кеп кылгым келип турат. Алдыда Чыкебиздин 90 жылдыгына карата кызуу камылгалар башталды. Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча указы чыгып, эл аралык коомчулук да алп инсаныбыздын мааракесин өткөрүүгө шымаланып киришишти. Жогорудагыдай жагдайларды эске алуу менен өлкөбүз үчүн ат көтөргүс эмгектери бар Исхак Раззаковго, Турдакун Усубалиевге, Чыңгыз Айтматовго башкасын коё туруп, куру дегенде Бишкек шаарындагы Биринчи Май, Свердлов, Октябрь райондоруна ысымдарын бергенге эмнеге болбосун? Ушундай сунушумду эл назарына, тиешелүү бийлик бутактарына жолдоп чыкканы турам. Жаңылык сурасаң ушундай, иним. Азыр көкүрөктөгү ушул идеяны ишке ашыруу менен алек болуп жүрөм.

— Жогорудагы үч залкардын ичинен Турдакун Усубалиев атабыз менен өз кезегинде жердеши катары үзөңгүлөш иштешип да калдыңыз да ээ? Элде башта Усубалиев боюнча саамалыктарга жердештери да батыл киришиши керек го? Кандай дейсиз?  

— Аның да бир эсе туура. Турдакун атабыздын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча коомчулук, анын ичинде кочкорлук жердештери көп нерселерди жасашы керек. Мындай инсан боюнча бир эле китеп жазуу менен чектелбей, атайын тасмалар тартылып, бир топ урунттуу иш-чараларды уюштуруу керек деймин. Ошондой иш-чаралардын алкагында жогоруда сөзүмдө айткандай Бишкек шаарындагы төрт райондун бирине Усубалиевдин ысымын ыйгаруу зарыл. Жакын арада бул боюнча бир катар аттуу-баштуу инсандар Бишкек шаардык кеңешине кайрылганы турабыз.

— Башкаруу бийлик бутактарыбызда кызганыч, интрига аралап турган азыркыдай шартта Турдакун атабыздын ысымын башкалаадагы районго берүү идеяңар ишке ашпай калсачы?

— Баардык эле идеянын ишке ашып кетишине эч ким кепилдик бере албайт. Бирок, аракет кылуубуз керек. Бул иш Раззаков, Усубалиев же Айтматов үчүн керек эмес. Мындай саамалык болгону келечек муунга туура тарбия берүү максатындагы гана изги тилектерден. Андыктан, мындай маселеге келгенде көрпендечиликтен өйдө болуп, аталган үч алп инсаныбыздын ысымдарын райондорго беришибиз зарыл. Жеке эле бул үчөөнүн аттарын эмес, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошушкан Ж.Абдрахманов, А.Сыдыков, Б.Исакеев, Т.Кулатов, А.Масалиевдердин кылган иштери эл тарабынан бааланып, кийинки муунга артына салган чыйыр издери өрнөк, тарбия катары кетиши керек. Ошондуктан, мындай иштерге келгенде бийликтеги тиешелүү жетекчилер көрпендечиликтен, кызганычтан өйдө болуулары кажет.

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *