Кочкорлук Бейшен Болотбеков Кочкорлук Турдакун Усубалиевдин атын Бишкектин Биринчи май районуна берүү сунушу менен чыкты

6-ноябрь күнү баш калаанын «Ала-Арча» көрүстөнүндө белгилүү инсан, бүтүндөй журтка жетекчиликтин бийик үлгүсүн жараткан маркум Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнө карата эскерүү жараяны болуп өттү. Бул күнү кашкөй инсан 99 жашты багынтмак. Эскерүү иш-чарасына бир катар көрүнүктүү мамлекеттик саясый ишмерлер, маркумдун ага-тууган жакындары катышып, залкар жетекчинин 100 жылдыгына карата даярдыктарды көрүү, маркумдун арбагы ыраазы боло тургандай урунттуу иштерди жасоо демилгеленди. Жердештеринин атынан сөз алган Бейшен Болотбеков 25 жыл хан болгон мындай инсандын ысымын баш калаадагы Биринчи Май районуна берүү керектигин демилгелеп, коомчулукка идеясын жар салып чыкты. Каада-салттан кабары бар, калк ичинде кадыры бийик, ар убак калыс позициясынан тайбаган тажрыйбалуу Бейшен Болотбековдун көкүрөктөгү колдоого алчу идеясын өлкө жетекчилиги да эске алып, тез арада бул ишке көңүл бурушпаса болбойт го?

Булак: «Азия ньюс»

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Бейшен Болотбеков – чындыгында, кыргыздын мыкты жетекчилеринин бири. Анын трайбализм оорусун таптакыр жугузбаганы мени тан калтырат. Болбосо, ал тендуулор… Созу так, акылы тунук, тажрыйбасы мол мындай адамды, мисалы, Жалал-Абад областынын башына алып барса болбой беле. Еще как болот эле, областын бардык маселелерин тез аранын ичинде чечмек. Кап атаааа… убактысы бекер отуп жатпаса эле…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *