Бейшенбек Иманалиев, “Имарат строй” компаниясынын жетекчиси: “Кыргыз байлары тышкы карыздан кутултабы?”

Бейшенбек Иманалиев агабызды атпай-журтубуз жакшы билет. Көп жылдан бери  тынымсыз эмгектенип, өзү түзгөн курулуш компаниясы менен мамлекетте курулуш тармагына жаӊылык киргизип, деги эле курулуш иши кандай деӊгээлде болуш керек экенин иш жүзүндө ташка тамга баскандай көрсөтүп келет. Бейшенбек байкебиз, жеке эле курулуш менен чектелип калбай, кыргыздын каада-салты, эне тилибиздин ыйыктыгы, мамлекеттин  келечеги тууралуу да тереӊ ой жүгүртүп, ал боюнда да өзүнүн омоктуу ойлорун тартынбай ачык айтып жүрөт. Биз бул жолу эл сыймыктанган белгилүү инсан менен саясат, мамлекеттин эртеӊки келечеги тууралуу маектештик.

—Бейшенбек байке, сиз да көпчүлүк менен бирге мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колдоп келдиӊиз. Азыр ал кишини колдогондордун бир тобу терс бурулуп кетишти. Бул боюнча оюӊузду уксак…

—Алмазбек Атамбаев жаӊы президент болуп шайланып келгенде баарыбыз эле колдободукпу. Мен да жакшы колдодум. Ал киши президент болгондон кийин 3 жылдай жакшы иштей алган жок. Себеби, ал учурда мамлекетибизде стабилдүүлүк жетиштүү деӊгээлде орной элек болчу. Улам эле бир жерде митинг, талаш-тартыштар чыгып жатты. Мына ошол маселелерге да көп убактысын коротту. Андан кийин, мамлекетибиз үчүн чоӊ долбоордогу иштерди колго алып, анын бир тобун ишке ашырды. Мисалы: Датка-Кемин көмөк чордонун, “Кыргызгаз” боюнча реформаны айталы. Бишкек-Торугарт баштаган стратегиялык маанидеги бир топ жолдордун жаӊыдан салынышын,  жүздөгөн социалдык мекемелердин курулушу, чек ара маселесиндеги айланма жолдордун ачылышы ж.б. айтсак болот.

Эми иш болгон жерде да айрым учурларда кемчиликтерге жол берилет экен. Атамбаевдин учурунда деле кандай кемчиликтер орун алганын тарых өзү тастыктайт да. Азыр эми ал кишинин санаалаштары, командасында чогуу иштеген мурунку өкмөт башчылар, министрлер ж.б. камалбады. Алардын кандай кылмыш кылганынан менин толук маалыматым жок. Эми ал жагын укук коргоо органдары, сот териштирет да.  Кандай болгон күндө да  коррупциялык иштер менен алектенишкендер  мыйзам алдында жооп беришсин. Эгер биз сыйлап, колдоп келген Атамбаев да ошондой коррупциялык схемаларга жол берип, өзү да аралашкан болсо, анда бул жагы абдан эле өкүнүчтүү болуп калат. Андай боло турган болсо Атамбаев мурунку президенттердин (Отунбаевадан башкасын) жолун жолдогон экен деп калабыз да.

—Коррупцияга каршы күрөш жетиштүү болуп жатат деп эсептейсизби?

—Жетиштүү эле болуп жатат. Себеби, баарын эле бир күндө талкалап салууга болбойт да. Бул маселеде элдин, адамдардын тагдыры турат. Баарын кылдаттык менен иликтеп, анан аныктап чыгышы керек. Андай иш бир топ убакытты талап кылат. Азыр бийликтин бул аракетин  эл абдан колдоп жатат, мен да колдойм. Күрөш саясатташпай ушундай темп менен кете берсе, коррупциянын деӊгээли түп-тамырынан бери жулунуп кетпесе да, бир топ азаят деген чоӊ ишеничим бар. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков да өзүнүн чечкиндүүлүгүн, эрктүүлүгүн көрсөтүп, туура багыт менен баратат. Мындан ары да ушул кадамынан жазбай, элибизге ак кызматын кыла беришине тилектешмин.

—Жаӊы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди жакындан билсеӊиз керек. Анын баштаган ишине кандай баа берип жатасыз?

—Мухаммедкалыйды жердеш иним катары жакшы  билем. Эӊ биринчиден Мукан инибиз абдан жөнөкөй адам. Кандай адам болсо да тил табыша алат. Иш билги, эмгекчилдигин башынан эле баалачу элем. Эми ошол сапатын иш жүзүндө көрсөтө баштады. Азыр иштегенине аз эле убакыт болду, дагы иштесин, өзүн көрсөтсүн.  Чынында өкмөттүн иши, көйгөйү абдан көп эмеспи. Ошонун баарын кылдаттык менен чечүү – бул өтө жооптуу милдет. Менин байкоомдо Мухаммедкалый инибиз баарын салыштырып, талапка ылайык чечим кабыл алып, акырындык менен элдин ишеничин актай баштады. Буга чейин ал бир топ чоӊ кызматтарды аркалап, чоӊ тажырыйба топтоду. Барган жеринде майын чыгарып, так жана таза иштеди. Бизде эӊ биринчиден атка минерлерибиз таза болсо, ал кишини элибиз колдоп, коштоп сүрөп турат. Менимче, Мухаммедкалый Абылгазиев мына ушул мен айткан сөзгө татыктуу адам.

—Тышкы карыз маселеси боюнча бир аз кененирээк сүйлөшсөк. Акыркы учурда тышкы карыздан кутулуу үчүн каалоочулар атайын эсепке акча чогултуу иштерин баштады. Азыр бул иш массалык түрдө болбосо да, аз-аздан башталууда. Бул маселени колдогондор да, колдобогондор да болууда. Бул боюнча оюӊуз кандай? 

—Тышкы карызыбыздын көлөмү 4, 5 миллиард доллар деп жатпайбызбы. Анын 2 миллиардга жакыны Кытайдан алыныптыр. Бул турмушубуздагы чындык да. Мунун жокко чыгара албайбыз.  Анын үстүнө: “ Кытай биздин карызды кечпейт. Жерибизди алып алат” -деген да сөздөр көп айтылып жатпайбы. Биз эми кандай болгон күндө да алган карызыбыздан кутулушубуз зарыл. “Битке өчөшүп, көйнөгүӊдү отко салба”- деген жакшы нуска кеп бар. Бул боюнча айтарым мындай: биринчиден азыр президентибиздин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшү ийгиликтүү уланышы керек. Канча коррупционер кармалат? Мамлекетке кимиси канча төлөйт? Кылганына жараша кимиси канча  жылга кесилет? Жыйынтыгы кандай болот? Анын баарын көрөлү да, анан жаӊыча көз караш менен тышкы карызыбыздан кутулуунун жолун издешибиз керек.

Экинчиден: бир топ жылдан бери Кыргызстанда формалдуу түрдө 100 байдын тизмесин түзүп коюшпадыбы. Эми алардын баары 1 миллион доллардан бере турган болсо 100 эле миллион болот да. Бирок  4, 5 миллиардды чапчыган тышкы карызыбыз үчүн  бул 100 миллион дегенибиз деңизге куйган тамчыдай эле болуп калат.

—Кептин баары, ошол чоӊ байлар 1 миллион доллардан  беришпейт да…

—Эми мен мындай эле мисал катары айттым. 1 миллион доллар чоӊ акча. Ошон үчүн тышкы карызды төлөө маселеси элге милдеттүү түрдө коюлбашы керек. Ар ким өз каалоосуна, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша беришсин. Мисалы, элибиздин 30 пайызы жакырлар. Алардан бир сом да сурабашыбыз керек. Алардан тышкары кичине бай, орточо бай, чоӊ байларга түшүндүрүп, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тышкы карызыбыздан кутулууга салым кошууга чакырса болот. Мисалы, иши бар, тапканы өзүнө жеткен карапайымдар жок деген 100 доллардан берсе. Чоӊ байлар  болсо бери жагы 20-30 миллион сом мамлекет үчүн беришсе эч нерсе болбойт. Берсе душманга берип жатты беле, мамлекет үчүн, өз мекени үчүн, өз эли үчүн, балдарынын, укум-тукумунун келечеги үчүн  берип жатат да. Мына ушундай түшүнүк менен бериши керек да.

Же болбосо берген акчасын кайтарып алгысы келгендерге  15-20 жылда кайра кайтарып берүү боюнча да шарттарды карап көрүшсө. Негизи бул маселенин концепциясы абдан ыӊгайлуу шартта иштелип чыгышы керек. Баса белгилеп айта кетчү сөз: атайын эсепке чогулган акчанын бир тыйынына чейин укмуш так болушу зарыл. Негизи кыргыз эли  кыйынчылыкта укмуш биригет. Бул жагын баарыбыз эле иш жүзүндө көрүп келатпайбызбы. Керек болсо акыркы малына чейин да бериши мүмкүн. Буга мен ишенем. Кыскасы, көӊүл менен берүү башталса, бул акырындык менен массага айланып, колдоого алынып кетет.

—Сиз жогоруда абдан жакшы сунуштарды айтып жатасыз. Өзүӊүз дагы  мүмкүнчүлүгүӊүзгө жараша өз салымыӊызда кошуп, башкаларга үлгү көрсөтөсүз да…

—Мен өтө чоӊ байлардын катарына кирбейм. Кудайга шүгүр, десем болот. Мисалы, кээ бир саясатчылар миллион сом беребиз дешкенде, мен аларга “Бул акча аз эле, долларга которсоӊ 15 миӊ доллар экен. Уят болот”- деген мааниде айттым. Чынында азыр арабызда 15 миӊ долларлык машинени мектепке, университеттерге минип жүргөн балдар-кыздар бар. Эми аны көрүп эле жатпайбызбы. Мен азыр суммасын айтпай турайын. Бирок мүмкүнчүлүккө жараша беребиз. Элимден, мамлекетимден эмнени аяйын. Элим болсо, мамлекетим болсо, биз да болобуз да. Мамлекет минтип каржалып турса, биздин иш кайдан алдыга жылат эле. Мамлекеттин иши алдыга жылып турса, биздин бизнес да ийгиликтүү болот. Ошон үчүн бул маселе биринчи кезекте мекенчилдик сезим менен коштолушу зарыл деп эсептейм.

—Сиз айткан бул кепти ар бир адам аӊ-сезиминен өткөрүшү керек да…

—Туура. Аӊ-сезимден өткөрүп, туура чечим кабыл алып, мамлекетке өз салымын кошошу керек. Укмуштай сонун айтылган: “Мамлекет мага эмне кылып койду дебей, мамлекетке мен эмне кылдым?”- деген мааниде. Чын эле, ар бирибиз мамлекет үчүн  аз да болсо өз салымыбызды кошушубуз зарыл.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

Булак: “Багыт” 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *