Бекболот Талгарбеков: Акүйдө соттордун “жаңы кудайы” пайда болгон

– Бекболот мырза, сиз өткөнкү маегиңизде «Жогорку сотко арыз жазбай турам» деп айттыңыз эле. Бирок, ишиңиз каралмай болгонунан кабардар болдук. Бул жагын өзүңүздөн уксак?

– Бизди, «Элдик парламент» бирикмесинин беш мүчөсүн өткөн жылы ноябрда Атамбаевдин «мөөнөтүм бүткүчө соттоп салгыла» деген буйругун аткарышып, Бишкек шаардык сотунда шашып соттошуп, абакка айдашкан. Акыры «акыйкат заман келээр» деп отуруп калганбыз. Анан эле быйыл 8-февралда жаңы президент Сооронбай Жээнбеков сот жана укук коргоо органдары коррупция сазына терең батканын, аларда адилетсиздик эбегейсиз кулач жайганын жар салды. «Кыргыздын Ататүркү келген экен» деп кубандык. Биздей эле сезимге жетеленгенби, айтор, академик Абдыганы Эркебаев да Жээнбековго кайрылуу жолдоп, саясый туткундардын ишин кайра карап чыгуу боюнча комиссия түзүүнү сунуштаган. «Соттордун «кудайы» катары таанылган Манас Арабаевдин эпопеясы бүттү го» деген ойдо элек. Бирок, бизге март айында эле сот, прокурорлордун «жаңы кудайы» пайда болгону белгилүү болду. Ал Москвадагы биздин мекендештерге, Бахтияр Алиевге жана запастагы генерал-полковникке байланышка чыгып: «Эгер сиздер Алмазбек Атамбаевдин Путинге жолугушуусун уюштуруп берсеңер, анда биз Талгарбеков, Колубаев, Султановду эки-үч жумада Жогорку соттон актатып, бошотуп беребиз» деген сунушун айткан. Алар андай ишке кийлигишпесин билдиришкен. Демек, март айында эле саясый туткундардын иштерин соттор эмес, «жаңы кудай» чечип калганы айкын болду. Ал алгач өзү ачыкка чыкпай Арабаевди колдонгон. Бирок, коомчулук «эски кудайды» эки-үч ай тынбай сындап турган соң, ага сөгүш бердиртип, аргасыз кетирген. «Жаңы кудай» Эркебаевдин кайрылуусун таштанды чакага ыргыткан. Анын апрелдеги «фокусунан» кийин сот адилеттиги келбесин түшүнгөнбүз. Ал Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песковго байланышып: «Мага УКМКдан айтышты, Төрөбай Колубаев Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр, эмне жөнүндө сөз болду?» деп анын оозун ачырган. Ал суроого суроо узаткан: «Силерде абактагылар башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен ээн-эркин сүйлөшө береби?» деп. «Жаңы кудайдын» амири менен Жогорку сотто Аида Саляновага жана Садыр Жапаровго мурда чыккан өкүмдөр күчүндө калтырылган. Ал эми Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбековдорго «мээримдүүлүк» жасалып, алардын жаза мөөнөттөрү анча-мынча кыскартылды. Өмүрбек Текебаев «жаңы кудайдан» жакшылык күтпөй эле койсо болот, ал абакта кала берет. «Жаңы кудай» Канат Исаевдин агасы, генерал Талант Исаев менен жеке сүйлөшүп, макулдашкан. Ага ылайык, Канат мырза үй камагына чыкты. Жакында толук акталат. Жогорку сотто коллегабыз Марат Султановдун арызы каралганда, биздин (менин жана Колубаевдин) ишибизди да кошо карап, экөөбүздүн он төрт жылдык жаза мөөнөттү төрт жылдан кыскартып, он жылдан мөөнһт калтыруу боюнча «жаңы кудай» сотторго буйрук берген. Бирок, биздин адвокаттар каршылык көрсөтүшүп, ошол буйрук үзгүлтүккө учурады. Көксөөсү канбай калып, ал учурда Колубаев экөөбүзгө Жогорку сот аркылуу биздин акыркы мүмкүнчүлүктү жок кылып, «соттолушкан» деген каамытты илип койгонго айла-амал жасоодо. Мен эки ай мурда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачык кат менен «Жогорку сотко ишенич жок, өзүңүз акыйкаттык көрсөтүп, коомдук комиссия түзүп, соттук ишибизди ачык териштирип берсеңиз» деп кайрылгам. Бир айдан соң башкы прокуратуранын жетекчилеринин бири «териштирдик, ак жерден соттолупсуңар, бирок, Акүй силерге «Кызыл флажок» коюп койду» деди.

«Кызыл флажок» менин эмес, анын сөзү. «Жаңы кудай» Өткүрбек мырзага «Талгарбековдун кайрылуусун Жогорку сотко жөнөтүп сал» деп жаңы тапшырманы судья Арзыбек Акыевге жүктөптүр. Менин адвокатым Тимур Жанаев протест жазып, эгер Жогорку сотто процесс өтө турган болсо, анда ага катышпасын эскертти. Эми Арзыбек мырза мени «заочно» соттоп, мойнума Атамбаев «белек кылган» он төрт жылдык же кийинкиче айтканда, он жылдык жаза мөөнөттү калтырабы же мыйзамсыз жолго баргандан жалтанабы, көрө жатабыз. Президент Жээнбековдун сот тармагы боюнча ачуу чындык сездөрүн талаага калтырып, «жаңы кудай» саясый туткундарды соттошкон коррупционер сот, прокуратура кызматкерлерин орундарында толугу менен сактап турат. Анткени, алар саясый буюртмаларды кыйшаюусуз аткарган «азаматтар». Табылгыс, өтө керектүү «киллерлер». Атамбаевдин башкаруусу «жаңы кудайга» өткөн. Алгач президенттин сөзүнөн чочулап жүргөн Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева «батасын алса керек, кийин башын бийик көтөрүп, сот тармагына сонун жетишкендик болгонун, дагы укмуштай реформалар жасаларын байма-бай саймедиреп келүүдө. Биз алты айдан бери «соттордун «жаңы кудайы» эсине келээр деген үмүттө жакшы эле күттүк. Бирок, ал акыл-эсине келээр түрү жок. Сот, прокуратура тармагында «эч ким билбейт» деген таризде чалмакейди каалашынча чалып келе жатат. Тажрыйбасы азбы, же интриганын чебери Фарид Ниязовдой кеңешчиси жокпу, айтор ал өткөн мезгилде бир нече «прокол» да жасап алды. Олигарх Аскар Шадиевге эртелеп эскертип анын байлыгын саттыртып, өзүн АКШга качырып жибергени коомчулукта нааразылык жаратты Анын артынан дагы бир шумпай көпөстүн – Икрамжан Илмияновдун куйругун түйдүргөнү да уу-дуу кеп болду. Бакиевдин көздөй кадры Молдомуса Конгантиевди актата коюп, С.Жээнбековду ыңгайсыз абалга калтырды. Шашып кетип эски «кудай» М.Арабаевди «апакай экен» деп актата салып, дагы чууга кабылды.

– Соттордун «жаңы кудайынын» аты-жөнү ким? Кайпактатпай ачык айта аласызбы? Ал эмне себептен саясый туткундарды актабоого кызыкдар болууда?

– Алдыда бир олуттуу иш бар. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча фактылар менен аты-жөнүн айтабыз. Июлда депутат Исхак Масалиев саясый туткундарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. «Азыр жетишпей калдык, күзүндө ишке ашат» деген. Биз билгенден долбоордун демилгечиси Масалиев эмес. Ал балким өзү билбей, «жаңы кудайдын» планын аткарып жатат. Эгер ал мыйзам кабыл алынса, анда биздин (менин, Колубаевдин, Султановдун) бир күн да жаза мөөнөтүбүз азайбайт. Анткени, Сегизбаев «көрөгөчтүк» кылып, үчөөбүздүн мойнубузга КР Кылмыш-жаза кодексине киргизген 299-беренени илип койгон. Анын мөөнөтү беш жыл, бирок, ал «куйту» берене илинген адамга калган оор беренелер боюнча да мунапыс берилбейт. Бул берене «жаңы кудайга» майдай жагып, анын да сүйүктүү куралына айланган. Ал эми айрым саясый туткундардын мөөнөтү бештен бири гана кыскарат. Бирок, абактардан болжолу 3-4 миң адам бошотулат. Алар кимдер? Аларга өткөн жылы ноябрда президенттик шайлоодо азыркы соттордун «жаңы кудайы» убада берип, алардын урук-туугандарынын добушун С.Жээнбековго алып берген. Эгер ал убада аткарылбай, мунапыс мыйзамы ишке кирбей калса, анда кеч күздө абактарда бунт болушу мүмкүн. Демек, мунапыс мыйзамы «саясый туткундар үчүн» деген бул ширма, негизги максат – шайлоодо берилген убаданы ишке ашыруу. Биз үчөөбүз «террорист», «экстремист» деп соттолушкан токсондой адамдар менен бир имаратта турабыз. Териштирсек, алардын кеминде 70%ы мыйзамсыз камалып, соттолушуптур. Алар «бошоп чыксак Атамбаев, Сегизбаев, Жолдубаеваларды жазалайбыз» деп, мунапысты күтүп жатышат. «Жаңы кудайдын» тар чөйрөдө айтканына караганда, эгер саясый туткундар толук акталып чыгышса, анда алар конкурент болушуп, президент С.Жээнбековдон бийлик талашат имиш. Бул эми абсурд да. Президент эски бийликтин жексур, шылуун жан-жөкөрлөрүн кызматтан кууду, каматты. Анан кантип биз андан бийлик талашабыз? Соттордун «жаңы кудайы» арам жолго түшүп, көп ыплас, бузуку иштерди жасады. Өткөндөн сабак албай, курган мансап үчүн акыйкаттын, чындыктын жолун тороду. Коомчулуктун саясый туткундарды актоо, бошотуу боюнча суроо-талаптарына жалгыз өзү түкүрүп салды. Сегизбаев, Жолдубаевалардын «киллерлерин» мамлекеттин денесиндеги рак клеткаларды калкалап, бапестеп келүүдө. Ал президент С.Жээнбековдун жалындуу сөздөрүнө, эл үмүтүнө муздак суу септи, кара көө сүйкөдү. Эгер саясый туткундарды мыйзамсыз камоо, соттоо иштери мурда Атамбаевдин жоопкерчилигинде болсо, быйылкы жылдагы Жогорку соттогу акыйкатсыз, буюртма чечимдер толугу менен «жаңы кудайдын» мойнунда. Ал эртели-кеч жасаган кылмыштуу иштерине сөзсүз жооп берерин эсине эмитен бекем түйүп алганы оң.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *