Бекболот Талгарбеков, экс-министр: Атамбаев мурас катары ач көз, коркок, кошоматчы саясий элитаны калтырып кетти

Сиздердин гезитте 04.07.2018 жарык көргөн Жусуп Молдобаевдин “Үзөңгү же бийлик кумары жөнүндө” деген макаласын окуп, пикир кошууну чечтим. Элдик мугалимдин философиялык ой жүгүртүүсү, эл турмушун талдоосу, экс-ажолорго баасы көңүлдү бурду. Өзгөчө аны Алмазбек Атамбаевдин ишмердигин сүрөттөөсү таамай берилиптир. Үзүндү: “Атамбаев – шайтанды да алдоого аракеттенген, бийликти баш айлантма куулук-шумдук, афёралар менен болсо да байлык топтоого умтулган, адилетсиз, чуулгандуу президент болду”. Мен да Атамбаевди жакшы билем, кошчу сөздөрүм бар. Ага-ини катары түз мамиледе болчубуз. Тың жигиттердин бири болчу, агезде аны тубаса аферист экенин эч ким деле билчү эмес. Бирок, кийин ал Чынгыз Айтматовду алдап, жазуучуларга бөлүнгөн мамлекеттин 50 миллион рублин жеке өзү кымырып, ал акчага бир нече завод сатып алганына көзүм жеткенде байланышты үзгөм. Атамбаев кийин март окуясында (2005-ж.) капыстан “революционер” болуп чыга келди. Өнөр жай министрлигин башкарып, 7-8 айдан соң, иштей албай отставкага кеткен.

Кийин, 2007-жылы, оппозицияны сатып, “сиз алтын адам экенсиз” деп, президент Курманбек Бакиевге премьер-министр болду. Андагы афераларын эске салалы. Биринчиси – “Кумтөр” боюнча. Атамбаев канадалык компанияны колдогон мыйзам долбоорун өзү катуу лобби жасап, көтөрүп келгенде андагы 75 депутаттан турган күчтүү Жогорку Кеңеш өткөрбөй шерменде кылган. Экинчиси – жашыруун “Кумтөрдөн” кийинки ири “Иштамберди” алтын кенин кытай ишкерлерине соодалап жиберген. Бул афераны изилдеген СССР КГБсынын запастагы полковниги Имарали Кушматов Атамбаевдин ири суммада пара алганын далилдеген. Бул афера азыркыга чейин жашырылып келе жатат. Айтмакчы, мен өткөн жылы абакта жатып бир окуяга таңкалдым. Теледен Бишкекте милиция кызматкерлери бомждорго Кушматовдун сүрөтүн көрсөтүп издеп жүрүшөт. Ага эмне болгон? Үчүнчүсү – “ Жерүй” алтын кенин иштетүүгө лицензия алган компанияны жактап Таласка барат. Андай аферага каршы жаштар Атамбаевдин машинасын таш бараңга алышат. Ал тоо таяна качып кутулат. Ошондон бери таластыктарга өч. Бийликке жетсе эле кыргыз жигиттерин каматып, соттоткондон ырахат алган Атамбаев Бишкекке келип таластыктарга кылмыш иш козготот. Ошондо төрт таластык жигиттер саясий башпаанек сурап Швецияга качып кетишкен. Премьер-министр Атамбаевдин аферадан колу бошобой, күндө арак ичкенинен тажаган президент Бакиев ага орден тагып, кууп салган. Атамбаев кайра оппозицияга кошулат. Ошогезде Максймдин жоруктарын көрүп, мен да Бакиев бийлигине каршы чыгып, Өмүрбек Текебаев жана Темир Сариевдер менен бирге элем. Бакиев 2009-жылы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрмөй болду. Оппозиция лидерлери кайра-кайра кеңешип жатып, акыры Атамбаевди бирдиктүү талапкер катары колдой турган болушту. Мен Сариевге: “ал аферистти колдосоңуз элге чыккынчылык жасайсыз”,- деп айттым. Ал менин кеңешимди угуп, Атамбаевди колдобой, өзү талапкер болуп күрөшкөн. Текебаевден “эмнеге акылсыз чечимге бардыңар?”- деп сурасам, “бизде акча жок, жалгыз Алмазда бар, аргасыз иш болду” деп кейип- кепчиген. Оппозиция Атамбаевди “бирдиктүү талапкер” деп жарыялаган соң менин “ Гора родила мышь” деген маегим гезитке чыккан. Анда оппозиция катуу жаңылганын, Атамбаев уят кылаарын айткам. Ошондой эле болду. Кантип уят кылганын мага Азимбек Бекназаров айтып берген. Базар-Коргон районунда Атамбаевдин шайлоочулар менен жолугушуусу болмок экен. Эртең менен телефон чалса жооп бербегенден улам Азике Атамбаев түнөгөн үйгө барат. Ал түнү бою өлөрчө ичиптир, төшөктө заарасына, заңына чыланып уктап жатыптыр. Аргасы кеткен Азике Икрамжан Илмияновго досун жуудуруп, тазалатат. Жолугушууга келген Атамбаевдин кебетесин, кызарган көздөрүн көрүп таң калган шайлоочуларга Азике: “Алмаз досумду Бакиевдер уулантыптыр” деп абалды жайгарат. Ал жактан Таласка келишет, Атамбаевди жек көрүшкөн таластыктар жолугушууга келбей коюшат. Ал жинденип: “таластыктар катынсыңар, жоолук салынып алгыла” деп сөгүнөт. Эл колдобосуна көзү жеткен Атамбаев президентти шайлоо күнү түш ченде пресс- конференция өткөрүп, өзүнүн талапкерлигин алып салып, ага ишенген оппозицияны маскара кылган.

Кийин, 2010-жылы, оппозиция Атамбаевди кайрадан лидер кылды. Эки себеби бар экен: 1). Эч ким оппозицияны каржылаганга акча бере албай койгондуктан (алгач К.Байболовго, Т.Сариевге сунушталыптыр), Атамбаев макул болуп, эки миллион доллар бермей болуптур; 2). Атамбаев оппозиция лидерлерин “Бакиев бийликтен өз ыктыяры менен кетпейт, аны согушуп кетиребиз, мен боевиктерди, курал-жаракты камдап жатам” деп көндүрөт. Учурунда муну мага Текебаев айтып берген, анчейин ишенген эмесмин. Кийин бул фактыны генералдар Феликс Кулов жана Өмүрбек Суваналиев тастыктап беришпедиби. Ошентип, 2010- жылы 7-апрелде Атамбаевдин куралчан тобу Ак үйгө чабуул коюшкан. Аларга “элдик революция болуп жатат” деп чын дилден ишенген миңдеген жаштар кошулган. Атамбаевдин куралчандарын Жаныш Бакиевдин куралчандары тосуп алып жаштардын каны төгүлдү. Экс-башкы прокурор Кубатбек Байболовдун маалыматына таянсак, 7-апрель күнү Ала-Too аянтында он жети жигит каза таап, алты жүздөй жаштар жаракат алышкан. Атамбаев 5-апрелде Нарында, 6-апрелде Таласта болгон чыныгы элдик көтөрүлүштөргө көө сүйкөп, алардын тарыхый маанисине доо кетирди.

Атамбаев апрель окуясы менен тынчып калбады. Өзбек сепаратисттери (Кадыржан Батыров ж.б.) менен бирге кандуу июнь (2010-ж.) окуяларын уюштуруп, ал согушту баштоого өзү “добро” бергенин чыгаан журналист Ырысбек Өмүрзаков кашкайган фактылар менен далилдеген. Ооба, азырынча жаңы бийлик Атамбаевди оор жазалардан калкалап турат. Бирок 5-6 жылдан кийин аны Гаага эл аралык сотунун креслосунан көрөөрүбүзгө шек жок.

Атамбаев 2011-жылы кайрадан өкмөттү жетектеди. Балык суусуз жашай албагандай эле, афёрасыз жүрө албаган премьердин иш-аракетинен бир-эки мисал. Президентти шайлоого утурлай, пиар жасап, “Мегаком” компаниясынан жашыруун 700 миллион сом которуп алып, врач, мугалимдердин айлыгын көбөйтөт. Арзыматтары эки-үч ай тынбай макташкан. Ал афёрадан кабары жок УКМК жетекчилиги Атамбаевдин “коррупцияга күрөшүн” даңазалоо үчүн автоматчан он бештей жоокерди жөнөтүп, алар “Мегакомдун” директору Азамат Мурзалиевди кабинетинен колго түшүрүп, итирейген арык жигитти сүйрөп кетишкен. СИЗОдо жатып, аргасы түгөнгөн Мурзалиев 700 миллион сомду Атамбаевдин кысымы менен мыйзамсыз которгонун моюнуна алат. Эстери оогон “коррупция күрөшчүлөрү” ага “оозуңду жаап, тынч отур” деп, кийин тымызын бошотуп жиберишкен. Экинчи – президентти тактыны самаган премьер Атамбаев “2011-жылдын өлкө бюджетин миллиард сом профицит менен жаптым”- деп коомчулукка жар салган. Бирок, үч айдан соң жыйынтык чыгып, КР Улуттук банкынын агездеги төрайымы Зина Асанкожоева өлкө 2011-жылды 16 миллиард сом дефицит менен аяктаганын расмий жарыялап, Атамбаевдин кезектеги калпын ашкерелеген.

Эске салсак, жаңы Башмыйзамга ылайык,  2011 -жылы күзүндө президенттик шайлоо өткөн. Талапкер Атамбаевдин “гүлдөтөм”, “жыргатам” деген сан жеткис убадалардан турган программасын чөп-чардан тазаласак, анда төрт ири убадасын көрүүгө болот эле: 1). Нарында ири ГЭСтерди курдурам; 2). Алты жылда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун бүтүрөм; 3). Назарбаевге чөгөлөп болсо да “Каркыраны “ кайтарам; 4). Кыргыз улутун жоготом. Ал убадалар кандай аткарылды? Нарын ГЭСтерин куруу башталып, токтоп калды. Атамбаев кыргыз элине 37 миллион карызды моюнуна илип койду. Эми орус тарап аны доолап, эл аралык сотко бермей болду. Темир жолду оолугуп, бирде “курдурам”, бирде “анын бизге пайдасы жок” деп элдин башын айлантып келди. “Каркыраны” кайтарууну эстеп да койбоду. Атамбаев төрт ири убадасынын бирине гана бекем туруп, миң айла-амал жасап жатып, акыры Мамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашовдун колу менен паспорттон “улуту” деген графаны алдыртты. Кыргыздарга улутун унутуп, орус, өзбек, дунгандар менен бирге “кыргызстандыкпыз деп жашагыла” деген башкы идеологиясын турмушка ашыра алды.

Атамбаевдин алты жылдык президенттик бийлиги кыргыз улутуна кас иштерге жана түрдүү ыплас жолдор менен байлык топтоого арналды. Анын сан жеткис афёраларынын айрымдарын көрөлү. Ж.Молдобаев белгилегендей: “Элибиздин аянычтуу тагдырына боору оорудубу, Атамбаевдин жана анын командасынын былыктарын ачууга кудайым өзү көмөктөшүп жаткандай (Дача-Суу, ЖЭБ)”. Бишкек ЖЭБин оңдоого карызга алынган 386 миллион доллардын 150 миллиону гана анык сарпталып, калган 236 миллиону уурдалып кеткенин депутат Акылбек Жамангулов жетектеген комиссия аныктады. “Бишкек-Ош” экинчи жолунда уурдалган каражат боюнча жаңы депутаттык комиссия түзүлдү. Анын жетекчиси Кубанычбек Жумалиев принциптүү позицияны карманабы же соодалашабы – азырынча белгисиз. “ Датка-Кемин” ЛЭПти куруу боюнча ири афёраны депутат Каныбек Иманалиев жарыя кылды. Бирок депутаттар комиссия түзбөгөнү түшүнүксүз. Айта кетсек, биз, “Элдик парламент” бирикмесинин мүчөлөрү, эки жыл мурда эле бул долбоор Атамбаевдин куру амбициясы экенин далилдегенбиз. Ооба, Максимдин “Датка” подстанциясынын куруу долбоору пайдалуу. Бирок, “Датка-Кемин” электр чубалгысы 5-10 пайыз кубаттуулукта гана, зор чыгым менен иштеп, өзүн эч качан актабайт. Ал чубалгы Нарын дарыясында ири ГЭСтер курулуп, ишке киргенде гана өзүн актап. киреше берип турмак.

Атамбаев президенттик мөөнөтүндө эки гана тармакка өзгөчө көңүл бөлдү. Биринчиси – бажы тармагы аны Атамбаев 2010-жылы бийликти алган күнү эле колго алганы Бекназаров менен телефондогу сөгүшүүсүндө белгилүү болгон. Тубаса аферист бажыдан зор каражатты элге билгизбей уурдап турса болоорун мыкты билген. Бул максатына жетиш үчүн ал экономикалык диверсия жолуна түшкөн. Далилдейли жеке адам тапкан кирешеси көбөйсө жашоосу жакшырат. Ал эми мамлекет өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте товар экспортун көбөйтүшү зарыл. Өнүккөн өлкөлөрдө абал ошондой (мисалы, Япония, Сингапур, Кытай ж.б.). Эске салсак, эркин Кыргызстан 90-жылдары Союздун дотациясынан айрылып, импорту экспортунан көп болуп, жакыр өлкөгө айланган. Биринчи жолу, 2004-жылы гана, Кыргызстанда экспорт менен импорттун көлөмү теңдешкен. Ал эми Атамбаев алты жылда эмне кылды? Өлкөнүн экономикасын сазга тыгып, импорттун “наркотик ийнесине” отургузду. Орто эсеп менен алты жылда экспорттун көлөмү жылына 1,5 миллиард долларды түзсө, импорттун көлөмү 3,5 миллиарды чапчып турду. Алты жылда өлкөбүз жылына 2 миллиард доллардан кол жууп келди. Импорт көбөйгөн сайын (негизинен кытай ширпотреби жана автомашина) бажы төлөмдөрү эселеп көбөйүп, аны дилетант Атамбаев жетишкендик катары мактанды. Бажы тармагын сүймөнчүк кадры Кубанычбек Кулматовго гана башкартты.

Эгер Акаев, Бакиев бийликтеринин жыйырма жылында болжол менен 50 миң энергоборондор пайда болсо, Атамбаевдин алты жыл бийлигинде 50 миңдей бажыбарондор катмары жаралды. Эми эсептеп көрөлү. Атамбаев импортту көбөйтүп, мигранттар алты жылда өлкөгө 12 миллиард доллар жөнөтүшүп, Атамбаевдин экономикалык диверсиясынын кесепетин нейтралдап келишти. Андан тышкары, “Кумтөр” ошол алты жылда өлкөбүзгө 2 миллиард доллар берген. Демек, Атамбаевдин аракетинен эмес, мигранттардын жана валютабыз – сомдун курсу туруктуу сакталып келди. Ал эми Атамбаевдин эки уулунун (Сейтек, Сеит) энергетика тармагын көмүскө башкарып, оңдогон миллион долларды уурдап турушканын ашкерлей коём деп жаш журналист Дайырбек Орунбеков башкы прокурор И.Жолдубаевадан куугунтук жеп, 2 миллион сом доого жыгылган. Азырынча Атамбаевдин афераларынын чети эле белгилүү болду. Далай ууру иштери дагы ачылат. Кыргыз элинин шорунун жоопко тартылып, түрмөгө түшөөр күнү алыс эмес. Макаласында Ж.Молдобаев калың журттун пикирин да билдирген: “Коррупция менен күрөш токтобой уланып, укурук А.Сегизбаев, И.Жолдубаева, А.Ибраимов, Раим-миллион, И.Илмияновго окшогон жегичтерге чейин жетсе деп үмүттөнөбүз”.

Ошентип, арамза, аферист, мансап үчүн миңдеген адамдардын канын соруп келди. Суроо туулат: “жылан менен арбашкан куу, митаам неме” (Ж.Молдобаев) кандайча президент болуп калды? Оор суроо. Жеке пикирим менен бөлүшүп көрөйүн. Тарыхты барактасак, ар бир элдин гүлдөгөн жана өксүгөн замандарын көрөбүз. Кыргыз эли да миңдеген жылдар бою күрөштө келди. Мына, учурда элибизге таазим кылышыбыз керек. Өз жерибиз, мамлекетибиз, тилибиз бар. Ал эми соңку тагдырга көз чаптырсак, анда элибиз менен анын саясий элитасынын (“каймагынын’) айырмасы зор экенин көрүүгө болот. Акыркы бир жарым кылымда элитабыз көп соккуга дуушар болуптур. Биринчи толкун (Кокон хандыгы жана Үркүн) кыргыздын жакшыларын сындырып. жоготкон.

Экинчи толкун (саясий репрессия, 1937-38-жж.) кыргыздын чыгаан азаматтарынын башын жуткан (Ж.Абдрахманов. Б.Исакеев ж.б.). Үчүнчү толкун (Улуу Ата мекендик согуш, 1941-45 жж.) кыргызды эр жүрөк уулдарынан айрылтты. Төртүнчү толкунда (Совет заманы) элибиз билимдүү, бакубат жашаганы менен элитабыз тоталитардык мамлекеттен жүрөгү түшүп, коркуп жашаган. Кыргыз ССРинде Табалдиев деген окумуштуу жана Усубакунов деген ФПИнин окутуучусу гана кыргыздын таламын ачык талашып, куугунтукка түшүшкөн. Башка бир да адам бийликке баш көтөргөн эмес. Бешинчи толкунда куйту президент Атамбаев кошоматчылардын ири армиясын жана жүзүкара, суу жүрөк саясий элитанын калың катмарын жаратты. Ошентип. Кыргызстан эркиндик алгандан бери жакшы өнүгө албай, жакырчылыктан чыкпай, коррупция сазына терең тыгылганынын башкы себеби – бул кыргыз саясий элитасынын ач көздүк, коркоктук, кошоматчылык сапаттарында. Бул бүтүмдү өткөн жылы Россиялык эксперт Андрей Грозин да тастыктады: “Борбордук Азияда эң артта калган саясий элита – Кыргызстанда. Андагы элита жадагалса Тажикистандын “колхоз элитасынан” да начар”. Ал эми карапайым элибиз соода кылып, жер тытмалап, мал багып, курулушта иштеп үй-бүлөсүн багып келе жатышат. Демек, жыйынтык чыгарсак болот. Ошол саткын, суу жүрөк, кошоматчы кыргыз саясий элитасы дал өзүндөй – арамзалыктын, алдамчылыктын, ач көздүктүн символуна айланган Алмазбек Атамбаевди президент кылып сүрмөлөп чыгарганы – мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ушул өңүттөн карасак, жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбеков жакшы ниет менен баштаган иштерин кыргыздын чирик саясий элитасы менен алдыга жылдыра алабы деген суроо туулат. Салышырсак, Иран өлкөсүндө өткөн кылымдын 70-жылдарында азыркы Кыргызстандагыдай абалды көрүүгө болот. Агезде Иранда да, шахтын режиминде, саясий элита ач көз, саткын, кошоматчы, коркок болуп, элге, мамлекетке зор кедергисин тийгизип турган. Акыры мекенчилдер 1979-жылы революция жасашып, шахтын режимин кулатып, ислам республикасын түзүп, элитасын оң жакка бурган. Мамлекет өнүгүү жолуна түшкөн. Албетте, биз ислам мамлекетин курушубуз келечексиз, бирок Иран мекенчилеринин тажрыйбасы биз үчүн актуалдуу, маанилүү. Атамбаевдин кыргыз элине идеологиясынан, өлкөнү иритип-чириткен “мурастарынан” тезирээк кутулуп, арабызда сейрек кездешкен, өмүр жана эмгек жолдору таза, абийир жана чындыкты туу туткан, биринчи кезекте эл-жерди ойлогон, прогрессивдүү Жанар Акаев, Акылбек Жамангулов, Наталья Никитенко, Кенжебек Бокоев, Алтынай Өмүрбекова, Бодош Мамырова, Жылдызкан Жолдошева, Сагынбек Абдрахманов, Марат Иманкулов, Бакыт Аманбаев, Расул Умбеталиев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Канатбек Исаев, Адил Турдукулов сыяктуу саясий элита өкүлдөрүнүн калың катмарын жаратуу – жаңы бийликтин негизги милдети.

Бекболот Талгарбеков

Булак: Азия Ньюс

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *