Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Атамбаевди түрмө күтүп жатат”

Биз учурда Молдовановка айылындагы абакта жаза өтөп жаткан саясий туткун Б. Талгарбеков менен адвокаты аркылуу маек курдук.

— Бекболот мырза, 24-ноябрда саясий күчтөрдүн Элдик курултайы болуп өттү. Анда каралган маселелерге көз карашыңыз кандай?

— Алгач Курултайдын делегаттарына бизди, саясий туткундарды колдоп, акталышыбызды талап кылышканы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биз, «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, эки жыл мурда өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыкканбыз. Анын башкысы – ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин отчету жана анын өз ыктыяры менен отставкага кетүүсү болгон. Бирок элге кыянат саясаты, өзүнүн жана жан-жөкөрлөрүнүн былык иштери ачыкка чыгаарына көзү
жеткен Атамбаев бизди каматып, соттоткон. Биз ошондо жетпей калган максатты азыркы делегаттар ишке ашырышты. Курултайдагы Атамбаевдин экс-президент макамын алуу, анын сансыз байлыгынын булагын тактоо, саясий репрессиясын, коррупциялык долбоорлорун изилдөө сунуштары жалпы кыргыз элинин мүдөө- талабы.

— Курултайда Атамбаевди камоо сунуштары көп болду. Сиздин да пикирди уксак?

— Абдан туура сунуш. Нариман Түлеев деле айтпадыбы: «ал өзү деле камалууга даяр экен» деп. Курултай Атамбаевди сот жообуна тартуу үчүн бийликке жолдомо кабыл алды. Мен Атамбаевдин бузуку-ыплас иштерин көп билген адам катары аны камоо негиздерин башкы прокуратурага сунуш кылам.

1. Апрель (2010-ж.) төңкөрүшүн уюштуруу. Ал окуядан кийин дароо ОДКБнын жыйыны өтүп, ага мүчө өлкөлөрдүн президенттери «Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болуп өттү» деп расмий документ кабыл алышкан. Атамбаевдин ал төңкөрүшкө атайын даярдык көргөнүн кийин генералдар Феликс Кулов жана Өмүрбек Суваналиевдер тастыктап беришкен. Куловдун айтымында Атамбаев: «Мы захватим Белый дом и народ вышвырнет вас оттуда. Пусть погибнет тысяча человек с нашей стороны, но победа будет
за нами!» деп башкы максатын ачыкка чыгарган. Бекен Назаралиевдин сөзүн да келтирели: «Атамбаевге окшогон эки жүздүү, ууру саясатчылар үчүн жаштар алардын жалган сөздөрүнө, айткан жомокторуна ишенип көкүрөктөрүн окко тосушкан. Эртедир- кечтир Конституциялык түзүлүштү, мыйзамдуу бийликти кандуу жол менен басып алганы үчүн Атамбаев мыйзам алдында жооп берет» («Жаңы Ордо», 26.10.18.). Атамбаев 5-апрелде Нарында, 6-апрелде Таласта болгон чыныгы элдик толкундоолорго көө сүйкөп,
алардын тарыхый маанисине доо келтирди.

2. Июнь (2010-ж.) кандуу согушун уюштуруу. Эки жыл мурда «Элдик парламент» бирикмеси Нидерландынын Гаага шаарындагы эл аралык кылмыштар боюнча сотуна 2010-жылдагы согуштун күнөөлүүлөрүнүн жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылуу даярдоо үчүн Комиссия түзгөн. Анын тең төрагасы, белгилүү тарыхчы жана жазуучу Токтобай Мүлкүбатовдо бул маселе боюнча олуттуу материалдар болгон. Мисалы, журналист Ырысбек Өмүрзаков терең изилдеген китебинде каргашалуу июнь согушу
агездеги убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри А. Атамбаев жана өзбек сепаратисттери (К. Батыров ж. б.) тарабынан биргеликте алдын-ала даярдалып, ал согушту: «беш-алты кыргыз идиоттору өлсө эч нерсе болбойт, жардам көрсөтүп туугандарынын ооздорун жабабыз» деп Атамбаев өзү баштатканын айныксыз далилдеген фактылар бар.

3. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо. Атамбаев «парламенттик системаны түзүү» идеясын дисскредитация кылды. Мамлекеттин башкаруу системасын кыйратты. Өлкөдө кландык-мафиялык жана кылмыштык формадагы башкаруу түздү. Кыргызстан олигархтар, коррупционерлер, базаркомдор, бажыбарондор, бандиттер үчүн бейишке айланды. Атайын кызмат, сот, прокуратура органдары Атамбаевдин оюнчугуна айланды. Өзү жана анын достору, шоопурлары, жансакчылары, техкызматкерлери өз
кызыкчылыктары үчүн бийликти зомбулук менен пайдаланышты. Өлкөдө эч ким, эч нерсе үчүн жооп бербеген абал түзүлдү.

4. Саясий куугунтук жүргүзүү. Атамбаев жакындагы маегинде «саясий куугунтук кылган эмесмин» деп жанын жеди. Анын 2013–17-жылдагы репрессиясы 1937–38-жылдардай эле кылымдар бою тарыхта калат. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилигине агроном билими бар, бирок журналист болуп иштеген Абдил Сегизбаевди алып келген. Ал Акаевдин пресс-катчысы кезинде маянага жашаган жигит болчу.
Атамбаевдин бийлигинде «мультимиллионерге» айланды. Саясий куугунтук жүргүзүүдө Атамбаевдин «оң колу» болгон. «Сол колу» – башкы прокурор. Прокуратура тармагында бир күн да иштебеген Индира Жолдубаева мыйзам боюнча эмес, Атамбаевдин көрсөтмө- буйругу менен гана иш алып барган. Сот, прокурорлордун кураторлору — ​Манас Арабаев, Алмаз Маткасымовдор саясий туткундардын соттук процесстерин толук көзөмөлдөп турушкан. Атамбаев «сот реформасын баштадым» деп чү дегенде сотторду
тандоо кеңешин колго алган. Анын ишенимдүү соратниги, КСДПдан депутат болгон Галина Скрипкина ошогезде эле ал «реформанын» маңызын ачып салган: «сотторду таңдоо кеңешиндеги 35 орундун ар бири 35 миң доллардан сатылды» деп. Элдик курултайында адвокат Нурбек Токтакунов таамай белгилегендей, Атамбаев күч-сот органдарынын кызматкерлеринен турган уюштурулган кылмыштуу топ түзгөн. Биз андан
мурда эле аларды Атамбаевдин мафиялык бандасы деп ачыктаганбыз. Ага Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Манас Арабаев, Алмаз Маткасымов, УКМК башкармалык жетекчиси Нурлан Мусаканов, судьялар Мирлан Термечиков, Адис Момуналиев, Талант Аккозуев, Аида Манжиева, прокурорлор Элмира Жумашева, Замир Калиев, Чойбек Сыдыков, Тамара Тилекеева жана дагы ондогон кызматкерлер киришкен десек болот. Токтакунов айткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү –мамлекеттин денесиндеги «рак клеткалар». Саясий туткундарга жалган жалаа токушуп, зулум өкүм чыгарышкан, алардын он миңдеген үй-бүлө, урук-туугандарынын түбөлүк каргышына калышкан жексурлар. Курултайдын алардын кылмыштуу иш-аракеттерин териштирүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүү сунушун тарыхый чечим катары кароого болот. Курултайда сүйлөгөн «легендарлуу парламенттин» төрагасы Медеткан Шеримкулов Атамбаевди сталиндик режимдин башкы прокурору Вышинскийге теңеп, анын саясий куугунтугу 1937–38-жылдардагы репрессиянын көчүрмөсү экенин далилдегени делегаттардын кубаттоосуна ээ болду.

5. Өлкөнү туташ коррупциялаштыруу. Атамбаев «коррупцияга каршы күрөшөм» деген терини жамынып алып, тескерисинче, аны гүлдөткөнү жалпыга маалым. Ал өзгөчө эки тармакты — ​бажы жана энергетиканы — ​өзүнүн сүймөнчүк кадрлары, уулдары менен толук көзөмөлдөп, мамлекеттин канын соруп келгени ачыкталды. Коррупцияга каршы ишкерлик кеңешинин генералдык секретары Нурипа Муканованын докладына ылайык, Атамбаевдин башкаруусунда коррупциянын деңгээли беш эсеге өскөн. Элдик
курултайдын Атамбаевдин ири ууру долбоорлорун (Бишкек ЖЭБин оңдоо, экинчи «Бишкек-Ош» автожолу, «Датка-Кемин» электр чубалгысы ж. б.) тыкыр текшерип, саясий, укуктук баа берүү боюнча Жогорку Кеңешке сунушу — ​учур талабы.

6. Кыргыз элин маңкуртташтыруу. Атамбаев өзүнүн бул жашоодогу башкы миссиясын элге өзү ачып берген. Көрсө, ал кыргыз эли маңкуртка айланышын абдан самап келиптир. Ал президенттикке талапкер болуп жаткан учурда (2011-ж.) кыргыздарды өз улутунан баш тартууга үгүттөп, «кыргыз» деген аталыштан баш тартып, «кыргызстандык» гана болууга үндөп жатты. Улуттун көп кылымдык тарыхында ал кыргыздардын ичинен жалгыз жана алгачкы болуп кыргыз улутун жок кылууга жан үрөгөн. Атамбаев кийин, президент кезинде, паспорттон «улуту» деген графаны алдыртып, өмүр бою көздөгөн мүдөөсүнө жетти. Атамбаев соккусун Манас атабызга да урду. Аны далай маскаралап, аягында «Манасты кыргыздар өздөрү өлтүргөн» деп кыргыз элинин жүрөгүнө канжар урду. Арамза Атамбаевди түрмө чыдамсыздык менен күтүп
жатат.

— Курултайда кандай маселелер айтылбай калды?

— Биз, саясий туткундар, кийинки жылы өтчү жыйынга бир орчундуу маселени өзүнчө киргизебиз. Ал – быйылкы, 2018-жылдагы, Атамбаевдин 2013–17-жылдардагы репрессиясынан тышкаркы, саясий куугунтук. Эске салсам, жыл башында, 8-февралда, президент Сооронбай Жээнбеков күч-сот органдарындагы терең тамырлаган коррупцияны, четине жеткен адилетсиздикти курч көтөргөн. Андан бери коррупция
күрөшүндө биртоп иштер жасалды. Бирок сот, прокуратура тармагында Атамбаевден калган уюшулган кылмыштуу топ Жээнбековдун тазалануу саясатына тымызын саботаж жасап, көнгөн зулум, ыплас иштерин жүзөгө ашырып келди. Саясий туткундардын, айтсак Садыр Жапаров, Аида Салянова, Тойгонбек Калматов, Марат Султанов, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбековдордун Жогорку сотко быйыл, май-октябрь айларында жазган арыздары мыйзамдуу чечилбей, мурдагы өкүмдөр өзгөрүлбөдү же анча-мынча гана жеңилдетилди. Буга байланыштуу, Жээнбеков жакында жаңы жыйын өткөрүп, «сот, прокуратура тармактарында коррупция азайбаганын, мыйзамдуулук орнобогонун, мындан ары соттук-укуктук реформаны жеке өзү көзөмөлдөй турганын» билдирди. Өткөн жумадагы Садыр Жапаровдун ишин кайра карап чыгуу чечими — ​бул президенттин саясий эркине жасалган алгачкы реакция деп түшүнсөк болот. Демек, быйыл жүргүзүлгөн саясий куугунтуктун авторлорун аныктайбыз жана келечекте алардын жоопкерчилигин өзүнчө карайбыз.

«Демократиялык өлкө» деп аталган Кыргызстандагы, XXI кылымдагы, саясий репрессия 2013–18-жылдарды камтыйт. Биз, саясий туткундар, келечекте 8-ноябрь күнүн «Кыргызстандагы 1938- жылдагы жана 2013–18-жылдардагы саясий куугунтуктун курмандыктарын жана жапа чеккендерди Эскерүү күнү» деп өзгөртүүгө аракет жасайбыз.

Маектешкен Н. Аркабаев

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *