Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Атамбаевдин мафиялык бандасы утурумдук жеңишке жетти”

Жакында Жогорку сотто “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин арызы каралып, чечим чыкты. Биз абакта отурган Бекболот Талгарбековго адвокаты аркылуу байланышып, ал чечимдин чоо-жайын сурадык.

— Бекболот мырза, сиздер эки жыл мурда күч органдарыбыз тарабынан жалган жалаа менен камалып, андан соң райондук жана шаардык соттор аркылуу мыйзамсыз узак мөөнөттөргө соттолгонуңар жалпыга маалым. Жакында Жогорку соттон кандай чечим болду?

— Менимче, биз, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз элине кас иштерин, өлкөнү талап-тоногонун ашкерелеп, анын айынан куугунтукка кабылып, соттолгон саясый туткундар акыркы үч-төрт айда тактикалык ката кетирдик. Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун Атамбаевдин ири ууруларына чоң сокку урганын көрүп, “өлкөгө адилет, чындык заман келди” деп жаңылып алдык. Аныгында, Атамбаевдин коррупциялык бандасы камалып, качып жатканы менен анын мафиялык бандасы ордунан козголгон жок. Сиздердин гезитке берген маегинде белгилүү коомдук, саясый ишмер Султан Урманаев белгилегендей, сот жана прокуратурада Атамбаев орноткон мафиялык система дале күжүлдөп иштеп жатат. Үзүндү келтирели: “Кийинки учурда коррупция айрыкча сот системасында, укук коргоо органдарында гүлдөдү. Бийлик “сот системасын реформа кылам” деп, аны таза өлтүрдү. Адилет, таза соттор өлкөдө дээрлик калбай калды”.

Бул таамай диагноз – эки жума мурда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын пресс-конференция өткөрүп, анда “сот тармагында ырааттуу реформа уланууда, баары сонун” деген беттырмарлык, алдамчылык позициясына элдин жообу. Биз, саясатчылар, эксперттер менен байланышып турабыз. Алар да бизге апрель айында эле өлкөдө жылыш коррупция майданында болуп жатканын, ал эми сот, прокуратурада абал өзгөрбөгөнүн айтышкан. Аларды уксак, сот тармагында жүзүкаралыкты мыкты өздөштүрүп алган Айнаш Токбаева Атамбаевдин бузуку саясатын эч кыйшаюусуз, ийгиликтүү жүргүзүп, ал эми прокуратурада Индира Жолдубаева, Икрамжан Илмияновдун кадрлары кыныккан былык иштерин улантып жатышыптыр. Саясый туткундарды арамза Атамбаевдин амири менен соттошкон, түбөлүк каргышка калышкан, тозокко орунду эмитен “брондоп” алышкан сот, прокуратура кызматкерлеринин бири да ордунан козголбоптур. Эксперттер бизге Аида Салянова, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубан Кадыров, Садыр Жапаровдор Жогорку сотко жазган арыздары, Өмүрбек Текебаевдин башкы прокуратурага кайрылуусу оң жакка чечилбей турганын эскертишкен. Биз Саляновага айта албадык. Анын арызы акыйкатсыз чечилгени белгилүү. Ал эми Асанов, Кадыров, Жапаровдорго эскерткенбиз. Бирок, алар “адилеттик болот” деп ишенишип, арыздарын кайрып албай, ак жерден күйүп кетишти. Атамбаевден тарбия алган соттор көнгөн зомбулугун, акмакчылыгын дагы жасашты. Албетте, эртедир-кечтир Ө.Текебаев, Д.Сарыгулов, Т.Калматов, С.Жапаров, А.Келдибеков, Н.Түлеев, М.Султанов, Т.Колубаев, Б.Асанов, Э.Карыбеков, К.Кадыров, К.Исаев, А.Салянова, Д.Чотонов, А.Гусевдер толук акталышат. Эгемен Кыргызстанда саясый туткундар бара-бара сөзсүз акталарын тарых далилдеп келе жатат (Т.Тургуналиев, Ф.Кулов, И.Исаков, А.Жекшенкулов ж.б.). Бирок, учурда Атамбаевдин мафиялык бандасы утурумдук жеңишке ээ болуп отурат. Биз, саясый туткундар, тактикалык катабыздан сабак алышыбыз керек. Жогорку сотто баардык чечимдердин тескери чыгышына президент Сооронбай Жээнбековду күнөөлөгөн туура эмес. Анын эки майданда бир катар күрөш алып баруусу өтө опурталдуу болчу. Мына бир майданда эле коррупция күрөшүндө кандай каршылык болуп жатат?! Атамбаев, Албек Ибраимовдор “жаңы төңкөрүш болот”, “Сокени алып түшөбүз” деген маанайдагы пикир таратып, коркутуп жатышканы жалганбы? Ошол себептен, Жээнбековдун “сот реформасын 2019-жылы баштайм” деген билдирүүсүн “Атамбаевдин мафиялык бандасына сокку экинчи этапта, кийинки жылы урулат” деп түшүнгөнүбүз туура.

— Ал жагдайды билип туруп, сиздер эмне үчүн Жогорку сотко арыз жаздыңар?

— Биз, Төрөбай Колубаев экөөбүз арыз жазган жокпуз. Учурдагы Атамбаевдин мафиялык сот системасына ишенич жок. Жээнбековдун сот реформасын күткөнүбүз оң. Ал эми коллегабыз Марат Султановдун жазганга себеби бар эле. Ага Жогорку соттогу тааныштары “сени мыйзамсыз соттошкон, арыз жаз, толук акталасың” дешкен. Чечим кандай болду? Мурда Султанов он жылга кесилген, аны актабай, мөөнөттү беш жылга кыскартышты. Адилетсиз, саясый чечим болду. Эгер Колубаев экөөбүз да Жогорку сотко арыз жазсак, анда Атамбаевдин мафиялык бандасы “боорукерлик” көрсөтүп, биздин он төрт жылдык жаза мөөнөттү төрт жылдан кыскартып, бизди 2025-жылга чейин абакта калтырмак экен.

— Башыңарга түшкөн азыркыдай оор шарттарда сиздерге коомчулуктан кандай колдоо болуп жатат?

— Коомчулукка абдан ыраазыбыз. Сурооңдон пайдаланып, рахмат айтып алайын. Өткөн жылы КР Эл баатырлары Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, академик Турар Койчуев, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана башка атактуу адамдар биздин актыгыбызды айтып, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Бирок, агезде президент Атамбаев депутаттардын жүрөгүнүн үшүн алып, акаарат көрсөткөндөрдү (Текебаев, Исаев) каматып тургандыктан Жогорку Кеңеш ал кайрылууну карагандан да корккон. Ал эми Феликс Кулов жетектеген коомдук ишмерлер тобу бизге жана башка саясый туткундарга чапталган “бийликти күч менен басып алуу” айыптары Атамбаевдик жүзүкара бийликтин фантазиясы экенин далилдешкен. Бизди эки жылдан бери белгилүү коомдук жана саясый ишмерлер маалымат талаасында ачык колдоп келе жатышат. Алар – М.Шеримкулов, Ж.Сааданбеков, Н.Касиев, А.Эркебаев, А.Муралиев, Ж.Жоробеков, М.Чолпонбаев, А.Бекназаров, Ж.Жолдошова, А.Сасыкбаева, Ж.Жээнбеков, О.Ибраимов, К.Дүйшөбаев, К.Осмонов, С.Аргымбаев, З.Эсенаманов, М.Иманкулов, Б.Наргозуев, М.Абылов, С.Муканбетов, А.Мадумаров, Б.Болотбеков, Т.Бакир уулу, К.Ташиев, Р.Сабиров, Р.Жээнбеков, А.Келдибеков, Э.Исаков, А.Турдукулов, А.Акматалиев, Ж.Акаев, Р.Казакбаев, К.Иманалиев, Э.Токтошев, Б.Сулейманов, Ө.Суваналиев, А.Маматалиев, А.Жекшенкулов, О.Молдалиев, Б.Бөрүбашев, Э.Булекбаев, Т.Акун, К.Раманов, Э.Байсалов, К.Шаршекеева, С.Четинбаев, Кайып Шер, А.Мырзаев, К.Булатов, Б.Аманбаев, Р.Үмбөталиев, Р.Карасартова, А.Айтикеев, Т.Саралаев ж.б. Биз бул урматтуу инсандарга таазим кылабыз. Алар “Элдик парламент” бирикмесинин мүчөлөрүнүн элге, мекенге ак дилден, чын жүрөктөн кызмат өтөгөнүнө көздөрү жетип, ишеним көрсөтүштү. Алар экс-президент Атамбаевдин коррупциялык мафиялык мамлекеттик башкаруу системасын түзүп, өлкөнү сазга батырганын биз убагында ашкерелегенибизди баалашты. Алар чексиз көпкөн Атамбаевдин зөөкүрлүгү менен биздин мыйзамсыз соттолгонубузду белгилешип, толук акталышыбызды талап кылып келе жатышат. Атамбаевдин зомбу кысымынан кутулган Жогорку Кеңеш да бизге көңүл бура баштады. Депутат Исхак Масалиев саясый туткундарды бошотуу демилгесин көтөрүп, күзүндө аны ишке ашырарын билдирди. Ошондой эле коомчулуктун күздөн баштап Атамбаевдин мафиялык бандасына чабуул баштаары күтүлүүдө. Айта кетсек, бизди камоодо Атамбаевдин кылычтарын айга жанган алты жасоолу өзгөчө жан үрөшкөн. Акылман кыргыз элибизде “таба эмес, тобо” деген накыл сөз бар. Тагдырдын буйругу менен алардын үчөө (Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева) кызматтарынан куулуп, учурда “качан камалаар экенбиз” дешип миң санаада. Калган үчөөнүн бирөө кырсыктан каза таап, экинчиси инсульт болуп, тилден калып, үчүнчүсү машинасын башкара албай аласалып, башы-көзү жарылып, кылган кара иштери үчүн Кудайдын жазасын алып жатышат.

— Алдыдагы кадамдарыңыздар кандай болот?

— “Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевге кайрылганы жатканбыз. Аны Атамбаевдин “коррупциялык бандасы” өлтүрүп кеткенде өз атабыз өлгөндөй эле кайгырдык. Көрсө, чагылгандай болгон Уланбек инибиз биздин эле эмес, жалпы кыргыз элинин акыйкаттыкка, чындыкка умтулуусундагы башкы үмүтүнө айланган турбайбы. Жетимсиреп отуруп калдык. Уланбек инибиздин ата-энесине, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Эми сентябрда Евразия биримдигине кирген Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения өлкөлөрүнүн парламенттерине кайрылып, биздин соттук ишти ачык териштирип, юридикалык корутунду чыгарып берүүсүн өтүнөбүз.

 Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *