Бел оорутпаган бизнестин көлөкөсү

Үй ээлери батирин ижарага берип, пайда көрүп жаткандыгы үчүн ыктыярдуу патент алуусу кажет. Мындай талап Салык кодексинде көрсөтүлгөн. Тилекке каршы бул мыйзам ойдогудай аткарылбай жатканын бюджетке түшкөн каражаттын суммасынан эле байкоого болот.

Үйүн ижарага берип, киреше тапкан ар бир жаран эң кеминде айына 1500 сом төлөшү зарыл. Бул маалыматты мамлекеттик салык кызматынын атайын салык боюнча башкы инспектору Мирлан Рахманов тастыктады:

“Салык кодексине ылайык Бишкек шаарында жайгашкан бир бөлмөлүү батир үчүн 1500 сом өлчөмүндө салык төлөнүшү керек. Ал эми ар бир кийинки бөлмөсү үчүн 500 сомдон кошулат. Бул көрсөтүлгөн тарифтер батирдин жайгашкан жеринен да көз каранды. Салыкты жарандар ыктыярдуу турдө төлөшү зарыл. Муну ар бир райондук салык кызматынын инспекторлору көзөмөлдөп турушат.”

Өткөн жылы 9676 ыктыярдуу патент төлөнүп, салыктын бул түрүнөн бюджетке 16 миллион сомдун тегерегинде сумма түшкөнүн салык инспектору Мирлан Рахманов кошумчалады. Бул орто эсеп менен ай сайын 800 киши батирин ижарага берет дегенге барабар.

Салыктын бул түрүн чогултуу иштери оңой эмес. Анткени жарандардын көпчүлүк бөлүгү ыктыярдуу патент албай эле, оозеки келишим түзүп ижарага берет. Же болбосо үйкомитеттерге үй ээсинин тууганы болобуз, ижара төлөбөйбүз деп коюшат. Бул сыяктуу көйгөйлөр бар экенин Биринчи май райондук салык кызматынын инспектору Амантур Молдоташев айтып берди:

“Биз айына 3-4 жолу рейд өткөрүп турабыз. Уруксатыбыз болгонуна карабай үйкомитеттери, кароолчулар үйлөргө киргизбей койгон учурлар көп. Мындан сырткары жарыяга берген квартира ээлерине чалып да көзөмөлдөөгө аракет кылабыз. Аларга патент алуусу керектигин эскертебиз. Эгер ижарага берген үй ээлери бул үчүн ыктыярдуу патент төлөбөсө, алар үчүн административдик жаза каралган.”

Айбек Жакшыбаев – бул милдетин мыйзам чегинде аткарган жарандардын бири. Анын ою боюнча салык төлөө өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот:

“Өнүккөн өлкөлөрдү карасак, ар бир жаран салыктарды убагында төлөп турат. Мен батиримди эрежеге ылайык ижарага берем. Качан ар бирибиз аң-сезимдүү милдеттерибизди аткарсак гана, бизде алга жылуу болот. Ошондуктан мындай бизнес менен алектенгендерди салык төлөөдөн качпаганга үндөйт элем.”

Бирок мындай бизнес кылгандардын катарында бул милдети тууралуу билбеген же төлөгүсү келбеген жарандар да арбын. Алардын бири С.Т. борбордо бир бөлмөлүү батирин ижарага берип, андан түшкөн каражат аркылуу үй-бүлөсүн багып келээрин айтат:

“Өзү бир бөлмөдөн 12-13миң сом тапсак, анын 1500 сомун эле салыкка берип койсок, бизге бул оор болуп калат. Төрттөн, бештен квартиралары барлар бар. Алар эмнеге төлөшпөйт? Баарына бирдей милдеттендирип, салыктан түшкөн каражаттар ортодо жок болуп кетпей, кайра бизге жумшалса, анда баарыбыз төлөмөкпүз.”

Өкмөттүн эң чоң багыты көмүскө экономиканы көзөмөлдөө экенин ЖК депутаты Жанар Акаев белгиледи:

“Кыргызстандыктардын эң чоң көйгөйү бул –  квартира. Көбүнүн квартирасы жок. Канчалаган чет өлкөлүк, аймактан келген студенттер жүрөт. Алардын баары борбордо квартирада турушат. Бишкекте 15тен квартира алып койгондор бар. Алар кирешесин мамлекет менен бөлүшүшпөйт. Буларды ачыкка чыгарса, бюджетте чоң өзгөрүү болот. Адамдардын артынан түшүп, жазаларды катуулатыш керек. Бирок адамдар айласын таап, кутулуп кетип жатышат. Бул боюнча чет өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүп көрүү керек экен.”

Түркияда бул көйгөй колго алынган. Батирди ижарага берүү сөзсүз түрдө нотариус аркылуу бекитилген келишимдин артында ишке ашат. Келишим жазуу түрундө 6 же 12 айга түзүлөт. Бул жөнүндө учурда борбор калаабыздын ЖОЖдорунун биринде билим алып жаткан Фуркан Акчам маалымат берди:

“Бул жакта жарнама аркылуу таап , ээси менен оозеки сүйлөшүп эле квартирага киргенде таң калгам. Анткени бизде мындай оңой эмес. Салык төлөп же төлөбөгөнүн текшерген кишини көрө элекмин.”

 

Автор: Айдана Топчубаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

(ред.автордук орфография жана стилистика сакталууда)

 

1 ой-пикир

  • Гулькыз says:

    А эмнеге толош керек. Мен ага макул эмесмин. Ал уйду уй ээси оз каражатына сатып алды. Окмот бир сом да берген жок. Окмот сатып берген жок налог толо дегидей. Анда окмот уй сатып алган жарандарга жардам берип кандайдыр бир суммасын толошсун, анан налог салсын. Кээ бирлери ипотекага , кээлери кредитке алып атат. Ошонун акчасын токконго жардам болсун деп квартирант киргизип атат. Банктан кутула албай жатса бир дагынан налогу чыкса жетишпей аткансып. Деги биздин мамлекет качан коет озу аран жашап жургон атуулдарын тоногонду.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *