Бензиндин арзандыгы боюнча Кыргызстан дүйнө жүзүнүн өлкөлөрү арасында 23-орунду ээледи

Күйүүчү майдын арзандыгы боюнча Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен 23-орунда турат. Өлкөдө бензиндин баасы литри үчүн $0,67 түзөт. Бул тууралуу Америкалык Global Petrol Prices жүргүзгөн рейтингде айтылат

Бензиндин баасы боюнча Кыргызстан АКШ менен Орусияны  артта калтырды, алар  тизменин 25 жана 26-орундарында жайгашып, бензиндин литри  $0,68 бааланган.

2019-жылдын алгачкы аптасынын жыйынтыгы боюнча дүйнө жүзү боюнча эң арзан бензин Венесуэлада табылган – $0,01. Экинчи орунда Судан –($0,13),  үчүнчү орунда Иран – ($0,29).  Алардын артында Кувейт, Алжир  жана Нигерия жайгашкан, ал жерде бензиндин бир литри    $0,34, $0,35 жана $0,41 турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң арзан бензин Түркмөнстанда – $0,43. Ал рейтингде 7-орунда жайгашкан.

Андан сырткары Казакстан 12-орунга ($0,48), Өзбекстан  18-орунга ($0,54), Беларусь 30-орунга ($0,71) жана Грузия 53-орунга ($0,9) илинген.

Ал эми эң кымбат бензин Гонконгдо –  (литри үчүн $0,04). Андан кийин Монако – ($1,98), Уоллис жана Футуна – ($1,9) жана Барбадос – ($1,8) литр үчүн.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *