Беларусиянын президентинин учагы сатыкка коюлду

Беларусиялык “Белавия” компаниясы  өлкө башчы Александр Лукашенко колдонуп жүргөн Ту-154М учагын сатыкка койду. Бул тууралуу meduza билдирди.

Аукцион 5-декабрга белгиленген. 1985-жылы чыгарылган учактын баштапкы баасы 4 миллион 292 миң 900 беларус рублин түзөт. (2 миллион доллардан бираз көп)

Азыркы учурда “Белавиа” компаниясы президенттин учагы катары Boeing 767-300ER жана Boeing 737 Business Jet үлгүсүндөгү учактарды колдонуп келет.

Сатыкка коюлган Ту-154М Александр Лукашенкодон кийин премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн тейлеп келген.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *