Бешбармак жасоонун видеотасмасы Гиннеске жиберилет

Кыргыздын бешбармагын дүйнөлүк рекорддор китебине киргизиш үчүн 1-мартта алардын бардык талаптары сакталып, 1 тонна 464 кг бешбармак жана 117 метр чучук жасалды. Бешбармакты жасоого 40тан ашуун ашпозчулар, жүздөгөн ыктыярчылар катышты. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпысынан бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду. Гиннестин рекорддор ките­бине кыргыздын бешбармагын киргизүү талаптары боюнча бешбармак даярдоонун бадык процесси видеотасмага түшүрүлдү. Эми тасма англис тилине которулуп, Гиннеске жиберилет. Бул процесске он медиа өкүлчүлүгү, Швециядан келген эки ашпозчу күбө бо­луп, алардын катышуусу ме­нен бардык шарт кынтыксыз аткарылган. Буга чейин Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гин­нестин рекорддор китебине киргени кабарланган.

Булак: Фабула 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *