Бийлик Бабановдун кайтып келиши үчүн коомду даярдап жатат

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев 11-октябрда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып президентке кайрылып, партиялашы Өмүрбек Бабановдун ишин калыс карап берүүнү өтүнгөндөн бери, “жел болбосо чөптүн башы кыймылдабай” турганын эксперттер каңкуулашууда. Эл арасында кайрылуу жөн жерден жасалбай турганы кызуу талкууланып, бийлик Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишине коомду даярдап жатканы сөз болууда. Айтор, жакынкы аралыкта Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып, саясатка кайрадан баш бакканын жар салса, таң калбай эле койсок жарашат.

Булак: «Фабула»

2 comments

  • Эми бул Фабула ар нерсени жаза береби Бабанов келсе эмне Кыргызстанга зыяны тиеби.Келип иштесин Элге пайдасы тийсинда!
    Бир тыйын пайда алып келбеген байлар,
    депутаттар журбойбу?

  • Иштей турган кишилерди кодулаганды токтотушса жакшы болот эле.Же өздөрү жарытылуу иш кылбайт же иштеген кишини жөн коюшпайт.Келгени жакшы Бабановдун .Келсин күтөбүз .

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *