Бийлик бутактары жана кош бийликтүүлүк

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши, биздин өлкөдөгү бийлик бутактарынын өз ара бөлүнүү системасындагы түп-тамырынан, кардиналдуу өзгөрүүлөр менен коштолуусуна дал келүүдө…

Өткөн жылы Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр (ал эми жогорудагы бийлик системасы боюнча караганда — ​дээрлик толук жаңыланган Конституция!) дал ушул учурда — ​жаңы президенттин инаугурациясынан бир жума өтүп-өтө электе (!) иш-аракетке кирип жатканына күбө болуудабыз.

1-декабрдан баштап өкмөт чоң ыйгарым укуктарга ээ болуп, премьер-министр бардык министрлерди өзү кызматка дайындап, өзү кетире турган болуп калды. Ал эми президент “беш күн ичинде унчукпай койсо”, же “бир жуманын ичинде өзүнүн Жарлыгын чыгарбай турган болсо”, премьер-министрдин чечими автоматтык түрдө күчүнө кирет деген сыяктуу процедуралардын жыйынтыгы, — ​демек, мындан ары, бул сыяктуу жол-жоболор “президентке бул жаңы дайындоолор жөнүндө өз учурунда маалымат берип коюу керек” деген деңгээлде гана жүргүзүлгөн формалдуу гана көрүнүшкө айланып кала берерин каңкуулап турат!..

Албетте, жаңы шайланган президент тарабынан, жогорудагыдай түзүлө турган кырдаалдарга каршы эч кандай чечкиндүү аракеттер жасалбай турган болсо гана!..

Арийне, Сооронбай Жээнбеков деле бийликке тек гана четтен көз кырын салып турган, пассивдүү байкоочу-статист болуу үчүн гана келген эместир?! Демейде, ар бир Адамдын жашоосу жана ишмердиги, — ​инсан, саясатчы жана мамлекеттик ишмер катары сөзсүз боло турган жекече, эч алмашылгыс, принципиалдуу көз караштардан сырткары дагы, — ​жеке амбиция, ар-намыс, бийик максат жана  башка  ушу сымал көптөгөн түшүнүктөрдөн чырмалышып, куралып турат эмеспи.

Ал эми өлкөдөгү эң биринчи Адам болуу демекчи, жалпы элдик президенттик шайлоодо мандат алып, — ​өлкөдөгү эң күчтүү жана чечүүчү кызматты ээлеп олтуруп калууга чейин жетүү, — ​ал түшүнүктөрдүн ого бетер курчушун жана ачыкталышын шарттай тургандыгы талашсыз чындык.

Бул жагынан алып караганда, өткөн жылкы конституциялык өзгөртүүлөр, алардын чыныгы түпкү мааниси боюнча алып карай турган болсок, эбактан берки калыптанып, көнүмүш болуп калган бийлик бутактарын бөлүштүрүү системасынын пайдубалына коюлуп калган, шашпай, акырындап барып гана, бирок, абдан катуу жарыла турган минаны эске салат. Ал “миналар” кимдир бирөөлөр тарабынан атайылап ошондой максатта коюлду беле? — ​деген шектүү ойлор жаралышы да мүмкүн эмес.

Анткени, биздин өлкөдө парламенттик системага өтүү этабы башталууда жана 2040-жылы толук парламенттик системага айланышыбыз керек экендигин экс-президент Алмазбек Атамбаев эң соңку ирет дал ошол жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы маалында сүйлөгөн сөзүндө дагы бир ирет тастыктаган.

Этап-этабы менен, улам ар кайсы пункттары ишке кирип жаткан конституциялык өзгөртүүлөрдүн жоболоруна ылайык, ушул жылдын 1-декабрынан баштап премьер-министр өкмөттү толук бойдон өзү жетектеп, парламентке да, президентке да дээрлик көз каранды болбой калса, 2020-жылдагы соңку түзөтүүлөрдүн иштей башташы менен, — ​президенттик система толук бойдон алсызданып, азыркы таасирин гана эмес, дегеле бийлик системасындагы өз ордунан да артка чегинип, бул эң жогорку бийлик формалдуу түрдө эң жогорку кызматтык орун катары саналгандыгына карабастан, бийлик системасындагы окуяларга четтен гана, эч кандай кийлигишпей карап турган, статисттик-арбитрдик мүнөзгө биротоло өтө баштайт…

Башкача айтканда, азыркы бийлик бутактарынын системасындагы кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн башталып жатышы — ​толук бойдон экс-президентке тиешелүү идея болуп эсептелет. Бул түзөтүү-өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн башкы демилгечиси да, эң күчтүү сүрөөнчүсү да ал өзү болуп келгендиги белгилүү.

Ошону менен бирге эле, экс-президенттин бул аталган конституциялык өзгөртүүлөрдү өзү бийликтен биротоло кеткен соң гана киргизип, өзү мурдагы күчтүү президенттик система учурунда иштеп туруп, эми өзүнөн кийинки келген президенттин бийлигин, ыйгарым укуктарын чектеп, аны кыйла эле “алсыздандырып салууга” түздөн-түз салым кошуп койгону — ​ар кандай карама-каршылыктуу, парадоксалдуу ойлорду жаратпай койбойт.

Бул системалык өзгөртүүлөрдү киргизүүдөгү экс-президент Атамбаевдин эң башкы аргументи, — ​дүйнөдөгү эң өнүккөн 53 өлкөнүн экөө гана президенттик системада, ал эми калгандарынын баары тең — ​өңчөй парламенттик системада жашашкан өлкөлөр экен! Баракелде, “өтө олуттуу аргумент” болбосоң кое кал!

Асыресе, ошол “өнүккөн өлкөлөр” парламенттик системага качан жана кантип, кандай этаптардан өткөн соң гана келишкен? Мурдагы кандайдыр бир авторитардык-диктатордук режим ошол өлкөдөгү башаламандыкты калыбына келтирип, тартипке салып, өнүгүү жолуна биротоло кайра чыга алгыс кылып түшүргөндөн кийин өтүшкөн беле? Же системдик, хаостук кризистен чыга албай жатышып, эң акырында, башка эч айлаларын такыр таппай калышкандан кийин, парламенттик системага өтүшкөн соң гана, дароо эле өнүгүп кетишти беле?

Эмнегедир, азыркы кезде биздин коомчулукта, бул тууралуу эң жогорку бийлик бутактарын жетектешкен адамдар тарабынан тереңирээк талдоо жүргүзүп көргөндү мындай эле кой, тек гана, тынчсыздануу менен ойлонуп койгон да жан жоктой сезилет. Тим эле, баягы жомоктогу сыйкырдуу таякчадан бешбетер, парламенттик системага өтүп алсак эле, даңгыр жолго түшүп алып, өзүнөн өзү эле баары өнүгүп кете тургансып!..

Иш жүзүндө болсо, бийлик системасынын биринен экинчисине өтүү абдан татаал жана да сөзсүз түрдө орун алуучу өтө олуттуу карама-каршылыктар менен коштоло турган, узак мөөнөттүү процесс. А биз болсок, ошол жагдайга жеткире маани бербей, “сууну кечип өтпөстөн”, эки аттап өтүп эле, аркы жээкке жетип калууга кам уруп жаткансыйбыз. Ал эми мындай аракет кырдаалды ого бетер курчутары белгилүү.

Себеби, кичирээк арыкты оңой эле аттап өтүп кетүүгө болот, андан бир аз чоңураагын, — ​алыстан чуркап келип, күүлөнүп алуу менен гана аттап өтүп кете аласың, ал эми чама-чаркыңды так, калыс баалай албай калсаң, дароо секирип өтүп кетем деп ойлоп алып, ойлонбой туруп, же жеңил ойлуулук менен андай аракетке баруу, — ​суунун дал ортосуна “чалп” этип жыгылып, кийим-сийимиң менен кошо шөмтүрөп, айланаңда сени карап тургандарга шерменде болууга алып келиши мүмкүн…

Албетте, андан ары суунун шары менен кошо, эч кандай каршылык көрсөтүүгө дараметиң жетпей, жандалбастап, агып жөнөбөсөң!.. Кыскасы, алдыда турган кыйла эле оор, татаал сыноолорду баштан кечирүүгө, бери эле болгондо моралдык-психологиялык жактан даяр туруу зарыл болмок. Анын ордуна, баягы эле декларативдүү-демагогиялуу, куру кыялдарга чулганган, тумандуу көз караштардын үстөмдүгү орун алууда…

Эгерде бийлик системасын эле өзгөртүп коюу — ​дароо өнүгүүгө алып келсе, анда дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөлөрүнүн 95 пайызы (монархиялык жана прокоммунисттик режимдерден башкалары) баары тең эбак эле парламенттик системага өтүп кетишмек. Арийне, алар ошол деңгээлге даяр болуп, өсүп жетиш үчүн кандай жолду басып өтүп, канчалык сыноолордон татыктуу өтүш керек экендигин жакшы түшүнүп турушат.

Парламенттик системага өтсөк эле, дароо өзүнөн өзү өнүккөн өлкөгө айланабыз дегендердин басымдуу бөлүгү — ​жалаң жылаңач теоретикалык мүнөздө, демагогиячыл стилде ой жүгүрткөн, практикалык иш-тажрыйбалардан өтө алыс турган адамдар. Маселен, кечээ жакында эле “Next” телеканалы аркылуу журналист Сейтек Качкынбаевге узун сабак, баналдуу-демагогоиялуу интервью берген, 2005-жылдын март айындагы элдик революциядан соң куулуп кеткен мурдагы президент Аскар Акаев парламенттик системага өтүүгө Кыргызстандын саясий элитасы али даяр эмес, саясий маданияты өтө төмөн деп айтуу менен бирге, жаңы шайланган президент Конституцияны кыйшаюусуз аткарып, парламенттик системага өтүүгө салым кошушу керек, мурдагы президенттей болуп, башка бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын өзүнө тартып алууга аракет кылбашы керек дегендей мааниде сүйлөдү…

Бул сөздөрдүн тээ түпкүрдөгү чыныгы маанисин тагыраак чечмелей турган болсок, — ​бир жагынан азыркы кыргыз коомчулугу буга даяр эместигин калыс белгилеп, экинчи жагынан жаңы президент С. Жээнбековду ошол хаоско карай үндөп, түртүп сүйлөдү. Бул эми, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, “мага демектен, бириң өлүп бириң калгыла, бийлик бутактары өз ара тытышып жата бергиле, а мен болсом, бул Москва жактан табам канып, адатымча мылжыя жылмайып, силер дал ушуну көрмөксүңөр, эгерде 2005-жылы мени кууп чыкпасаңар, эмгиче менин Осмонакун идеологумдун демагогиясына биротоло көнүп бүтүп, биротоло жакырланып, дүйнөгө тентип, тарап кетсеңер деле, мунун эмнеси жаман экен, бүткүл дүйнө жүзү бизди “демократия аралы” деп мактап жатпайбы?!- деп, сыймыктанып жүрө бермексиңер..” — ​дегени да!..

Өткөн президенттик шайлоодогу эки олуттуу талапкер — ​Өмүрбек Бабанов менен Адахан Мадумаров шайлоо кампаниясында күчтүү президенттик бийликти жактап чыгышканы бекеринен эмес. Ал тургай, алардын биринчи кадамдары — ​бул тууралуу конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өткөрүлчү референдум болуп каларын да ачык айтып чыгышкан.

Бардык бийлик бутактарынын ичинен,  бизде ушул кезге чейин бир гана президенттик бийлик чечүүчү күч болуп, жалпы өлкө саясатын, өнүгүү багытын, стратегиялык программалардын такталышын аныктап келген. Аткаруу бийлиги да, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги да президенттен толук бойдон көз каранды болуп келишкен.

Бир гана легендарлуу парламент учурунда эл өкүлдөрү ушул сөздүн чыныгы маанисиндеги наамга татыктуу болушуп, эл жана өлкө кызыкчылыгы үчүн ачык, коркпой күрөшө алышкан. Кийинки парламенттер кайда айдактаса ошол жакка карай бурулушуп, жогортон көрсөтүлгөн мыйзамдарды дароо (процедура, ЖКтин ички мыйзамы дегенди да карабай) кабыл алып берип жатышканы көндүм адатка айланган. Себеби, жедеп такшалган, билим — ​даярдыгы терең, тажрыйбасы чоң жана жеке инсандык сапаттары да өтө күчтүү Медеткан Шеримкуловдой лидер кийин спикерликке бир да жолу келген жок!..

Колунда жетишерлик бийлиги жана ыйгарым укуктары жок президент социалдык-экономикалык саясаттын кескин өзгөрүшүнө таасир этмек турсун, башка бийлик бутактарынын катардагы, күнүмдүк чечимдерине дагы кирише албай калат. Тилекке каршы, азыр бизде ушундай кырдаал жаралышын шарттаган жагдайлар түзүлө баштады. Кечээ жакындагы премьер-министрдин полномочиялык укуктарынын күчөшүн — ​президенттик бийликтин түздөн-түз алсызданышы катары кабылдай берсек болот.

Ошол эле учурда, Сапар Исаковдун чек ара маселеси боюнча казак премьерине шашып бара коюп, фиаского учурап кайтканы, кийинчерээк эл аралык жолугушууда Нурсултан Назарбаевге жакын барып, эми гана сөз баштайын деп жатканда, ал сүйлөшпөй туруп, акырын гана, сөөмөйү менен казак өкмөтүнүн вице-премьерин көрсөтүп койгону — ​алдыдагы дагы көп маселелерди каңкуулап турат. Бери эле болгондо, — ​экс-президент Атамбаев “тарбиялап-өстүргөн” жаш кадрлар мындай орчундуу, татаал маселелерди чечүүгө келгенде али даяр эместиктерин билдирип, биздин өлкө азырынча күчтүү президенттик бийликсиз, — ​жок дегенде жакынкы беш-алты жыл ичинде, — ​алыска бара албай турганыбызды тастыктап койгонсуду.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *