Бийлик курамын эл өзү аныкташы керек

Демейде бийлик алмашары менен бийлик курамынын структурасына кескин, же сырттан анча байкалбаганы менен да, орчундуу оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизип, өз алдынча саясатын ишке ашырууну дал ушул жараяндан баштайт. Бул чынын айтканда, зарыл жана маанилүү чаралардын бири. Анткени, бийликтин ой-пландары, келечек максаттары дал ошол бийлик “инструменти” аркылуу ишке ашырылат. Баары ошол бийлик структурасынын канчалык чапчаң, эффективдүү, ийкемдүү жана эл мүдөөсүнө шайкеш экендигинен көз каранды болот.

Бул жагынан алганда, жаш премьер-министр Сапар Исаковдун адегенде эле аткаруу бийлигин баштан-аяк оптимизациялоого бет алгандыгы, үстүрт караганда, баягы эле “эски ырдай” сезилгени менен, түпкү маңызы өтө олуттуу иш-чара болуп эсептелет. Албетте, бул реформалоо канчалык деңгээлде оптималдуу ишке ашырылат — ​баары ошого жараша болот. Болбосо, илгеркидей эле, кезек менен баарын улам бирден кыскартып, кайра кошуп, бирин жоюп, кайра бирин түзүп келгендей эле майнапсыз кала берет. Азыркы биздин сормо сазды элестеткен социалдык-экономикалык кризис да дал ошол реформалардын ийгиликсиз болгондугуна байланыштуу орун алууда. Маселен, Айыл-чарба министрлиги эбак эле — ​колхоз-совхоздор жоюлар замат эле! — ​түп-тамырынан жоюлуп, анын ордуна компакттуу, азыркы рынок шартына туура келген, агрардык саясатты жүргүзүп, прогноз жасап, сунуштама берүүчү (андан ашыкчага — ​95%дан ашыгы менчик колуна өткөн заманда алы да жетпейт) органга айланса болмок…

Асыресе, мамлекеттик органдардын реорганизациясынан да ашып түшкөн, андан ондогон, жүздөгөн эсе көп каражатты эч натыйжасыз кургуйга куйгандай жок кылып келе жаткан дагы бир чоң түзүм бар — ​ал өлкөнүн административдик-территориялык жактан бөлүнүү ыңгайына жараша пайда болгон курамдар. Ар бир облуста, ар бир райондо, ар бир айылдык аймакта, ар бир айыл өкмөтүндө, ар бир айыл башкаруусуна чейин бардык тармактардагы өздөрүнүн “мини-мини… минилери” толтура экендиги маалым. Кудум эле баягы орустун матрешкасы сымал — ​чоңун ачып, ыргытсаң, улам андан кичирээги чыга берет, чыга берет!..

Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун ишке киришүүсү менен бирге, Кыргызстанда кыйладан бери дээрлик айтылбай калган, бирок, тээ союз кулаган мезгилден бери эле кез-кезде курч талаш-тартыштарды жаратып келген бул өтө орчундуу маселе да — ​өлкөнүн административдик-территориялык бөлүнүшү боюнча, кайрадан козголо баштады…

Эми кайрадан, бир топ тыныгуудан кийин, бул маселе кайра күчөп козголуп, өткөн күздөн бери бул маселе басма сөздөн баштап, ар кандай деңгээлде такай көтөрүлүп келе жаткандыгы белгилүү. Андай коомдук маанайдын эң жогорку чеги — ​өлкө парламентинин трибунасына чейин жетип, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан да чала-чарпыт талкууланганы (атайын күнтартибине талкуулоочу маселе катары киргизилбесе да!) жана да биздеги өтө актуалдуу маселелердин бирине айланып бара жаткандыгы — ​эч талашсыз факт.

Бул чынында эле эң көйгөйлүү жана өлкө өнүгүүсүндөгү чечүүчү роль ойной турган маселелердин бири болуп эсептелет. Анткени, мурдагы союздун мезгилиндеги административдик башкарууда калыптанып калган оор жана одоно диспропорциялык (тең салмаксыздык) абал али күнгө чейин орун алып келе жатат. Маалым болгондой, союз учурунда жалпы республика аймагы үч эле областка бөлүнүп (Ош, Нарын жана Ысык-Көл), калган жакынкы аймактар республикага баш ийген административдик түзүлүш катары жашап келген (албетте, Кайра куруунун соңку доорунда гана, ар кандай демагогиячыл “жергиликтүү патриоттордун” демилгеси менен, шашылыш жана терең ойлонулбай туруп ачылып калган Жалал-Абад, Талас, Баткен, Чүй областтарын эске албай турган болсок!).

Арийне, ал кездеги темирдей тартип жана вертикалдык бийликтин таасири, жогорку жактын буйругу кыйшаюусуз аткарылган талаптар ошондой оңтойсуз, жалпы эл үчүн да ыңгайсыз структуранын сакталып турушуна жана керектүү деңгээлде иштеп кетишине шарт түзүп келген.

Бул административдик түзүлүш, адеп караганда эле, ички маани-маңызына жетип, тереңинен талдай электе эле, сырткы оркойгон кемчилиги менен көзгө урунат: республиканын жалпы калкынын жарымынан көбүн түзгөн түштүк региону жалгыз бир область да, — ​калган жарымынан бир аз азыраак (калкы боюнча эле эмес, жалпы территориясы боюнча да!) регион үч областка жана да область статусундагы (борбордук бөлүктөгү) дагы бир регионго ээ болуп келген. Мындай административдик тең салмаксыздык жана, коомдук-маданий жактан алганда, адилетсиз теңсиздик дээрлик союз кыйраганга чейин (жогорудагы кыска убакытка киргизилген “түзөтүүнү” эске албаганда) өкүм сүрүп турган.

Жогорудагы “адилетсиз-теңсиздик” маселесин башкача мааниде, же тескери түшүнүп калышпасы үчүн бир аз чечмелей кетелик. Союз учурунда кандайдыр бир тармактардагы көрсөткүчтөрдү баалоодо кеңири таркаган “калктын адам башына” (на душу населения) деген түшүнүк бар эле (бул параметр азыр деле кээде колдонулуп калат!). Мындайча айтканда, түштүктүн айрым калкы жыш жайгашкан райондорунун көптөгөн колхоздору Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын райондору менен калкынын саны боюнча бирдей (а кээде, жогорку!) абалда болгону менен, республикалык бюджетти бөлүштүрүүгө келгенде өгөй баладай четке түртүлүп калган.

Албетте, республиканын ар бир жеке жараны Конституциялык укуктары боюнча бирдей болуп, советтик-социалдык энчилерин бирдей алышкан…

Маселе кайрадан эле административдик түзүлүшкө барып такалууда. Башка тармактарды (кадрдык, социалдык-экономикалык ж. б.) азырынча айтпай эле коё туралык. Бир эле маданият тармагын айтканда, райондук маданият бөлүмү, Маданият үйү деген (алардын айрымдары Элдик театр статусуна чейин жетишкен!) түндүк региондорунда чын-чынына келгенде, аты райондук болгону менен, алар маңызы боюнча, колхоздордун деңгээлинде гана ачылып калып, жалпы улуттук маданияттын өсүшүнө кедерги болуп, аны объективдүү түрдө артка тартып, төмөн түшүрүп келген. Бул абал аталган региондордун маданиятынын-билимдик деңгээлинин төмөндүгүнөн эмес, калктын потенциалдык мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгүнөн улам орун алып турган. Себеби, талант жана жогортон бериле турган шык деген түшүнүктөр канчалык “штучный товар” экендигине карабастан, кайра айланып келип эле, ошол “калктын саны” деген реалдуу корсөткүч менен дагы түздөн-түз байланышып турат эмеспи.

Ошол эле учурда, түштүк региондорундагы колхоз клубдары (айрыкча, абдан өнүккөн жана бай колхоздор) жогорудагыдай туура эмес калыптанып калган, аталган кенемтени өз алдынча жоюуга аракет кылышып келишкендиги маалым. Алардын айрымдары клуб имаратынын заманбаптыгы боюнча да, ички чыгармачылык потенциалдары боюнча да айрым “райондук” Маданият үйлөрүнөн жана Элдик театрлардан ашса ашып түшүп, а бирок эч кем калышкан эмес. Дал ошондуктан улам, тээ илгертен бери эле, эл арасында “талантты канчалык бассаң да, ал кайра баары бир атырылып чыкпай койбойт, өзүнө жол ача алат” деген ишеним калыптанып калган. Маселен, Рысбай Абдыкадыров сыяктуу тубаса таланттар (самородок!) эч кандай ийрим-кружокторсуз, бала чагынан атайын адистик таалим-тарбия берген устаты жок эле, өз шыгын өздөрү өстүрүп келишкен. Рысбай аке бир жолу “аккордеонду али көрө да элек бала чагымда, кадимки эле ар кайсыл жерде өсүп турган куурайдын сөңгөгүн жети-сегиз жеринен тешип алып, андан өтө мукам үндүү ышкырык — ​музыкалык инструмент жасап алчумун” дегенин угуп, ишенип-ишене албай, абдан күлдүм эле!.. Көрсө, эзелтен эле элдик таланттар ошентип, өз киндигин өздөрү кесишкен жетимдер сымал, өз таланттарын өздөрү өстүргөнгө ар кандай кырдаалдарда, катаал шарттарда да жол таап келишкен тура! Сөз кайрадан эле андай сейрек таланттар жөнүндө эмес, карапайым калктын өкүлдөрү жана тер төгө эмгектенген соң, дайыма маданияттуу эс алууга акылуу болушкан элдик калың катмар жөнүндө бара жаткандыгы түшүнүктүү…

Кыскасы, административдик-территориялык түзүлүш маселеси абдан татаал жана дыкаттык менен иликтеп, бардык тараптардан изилденип чыккан соң гана, жалпы элдик талкууга коюлуп, шашпай (биротоло, мындан ары такыр кайрылбай тургандай кылып, — ​албетте айрым майда түзөтүүлөр кийин да боло берери анык) чече турган маселе экендиги анык.

Айрым демилгечи топтор (маселен, бул идеяны КыДыКычы Топчубек Тургуналиев тээ Акаев доорунан бери сунуштап келе жатат) областтык түзүмдөрдү жоюп, райондорду ирилештирүү керектигин айтышууда. Алар жети областтык администрацияны жоюу менен эле кыйла каражатты үнөмдөп калууга болорун бетке кармашууда. Кечээ жакында эле, өкмөттүн курамын оптимизациялоо боюнча, өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук уюмдардын катышуусу менен өткөн өкмөттүк талкууда журналист Сейтек Качкынбаев да дал ушул эле маселени көтөрүп чыкты.

Эгерде чындап эле ошондой өзгөртүүлөргө бара турган болсок, анда ирилештирилген райондор да калктын санына жараша, пропорциялуу түрдө кайрадан түзүлүп чыгышы зарыл. Ирилештирүү жолу менен, Ош областында төрт, Жалал-Абадга шаар статусун калтыруу жолу менен Сузак ж. б. жакынкы райондор аймагы менен кошуп, үч районго бөлүп, Баткенде эки район (Баткен жана Кызыл-Кыя), Нарынга эки район (Ат-Башы, Нарын), Таласка эки район. Ысык-Көлгө Каракол жана Балыкчы шаарларынын статустарын калтыруу жолу менен, райондордун борбору кылып, ирилештирип, күнгөй тарабына — ​бир, тескей тарабына — ​дагы бир районду — ​жалпы төрт район, Чүйдө борбордон ыраагыраак турган батыш тарабына — ​бир, чыгыш тарабына да — ​бир районду калтырсак болмок. Эми аларды чогуу эсептеп көрөлүк — ​баары биригип 20га жакын гана район болот экен!..

Бул чакан жана ийкемдүү мамлекеттик-административдик түзүлүш бюджеттик каражаттардын үнөмдөлүшүн гана камсыз кылбай, алардын максаттуу, эффективдүү пайдаланылышына да жетишүүгө шарт түзмөк. Ансыз, үч тепкичтүү бюджеттен эки тепкичтүү бюджетке өтөбүз деген аракеттер бир нече жылдан бери толук чечилбей келе жатат. Ансыз да, райондор, областтар “акча жок” деп шылтап койсо, баары тең республикалык казынага келип сурай беришери, эбак эле көндүм ишке айланып калган. Анан дагы, республикалык бюджетке ар бир жаран бирдей салык төлөп жаткан соң, ар бир районго дагы калкынын санына жараша, каражаттар дагы бирдей бөлүнүшүнө жетишүү керек (мурдагы тоолуу шарт, бийик тоолуу ж. б. социалдык өзгөчөлүктөрдү дагы мүмкүн болушунча минималдаштырып).

Ал эми өкмөттүн курамын оптимизациялоо, бир министрликти жоюп, кайра бир түзүмдү (анын ордуна келген агенттикти, же департаментти) түзө берүүдөн эч нерсе өзгөрбөсү анык. Мурдагы далай ирет болгон кыскартуулардын натыйжасы аныктагандай, мындай аракеттер эч кандай орчундуу натыйжа бере албайт. Экономикалык кайтарымы да аз. Кайра эле бир аз убакыт өткөн соң, чиновниктердин саны мурдагыдан да көп болуп кеткени аныкталат. “Койчу көп болсо, кой арам өлөт” деп акылман кыргыз эли бекеринен айткан эмес. Эгерде райондук ирилештирүүлөргө бара турган болсок, анда саны боюнча так жана аткара турган функциялары таасын көрсөтүлгөн кызмат орундарынан ашырууга, райондук жетекчилер үчүн кандайдыр бир жоопкерчилик да кошо каралышы керек. Себеби, бюджеттин (айланып келип эле, элдин акчасы) каражаты максатсыз сарпталып кетишине жол ачып жатпайбы!?

Мындай өзгөртүүлөр азыркы өкмөт курамынын жана жаш өкмөт башчысы Сапар Исаковдун “Таза коом”, “электрондук өкмөт” жана “дистанциялык башкаруу” деген сыяктуу азырынча реалдуу турмуштан абдан алыс болуп жаткан, жарым фантазиялуу идеяларына да дал келмек. Башкача айтканда, азыркы өкмөт курамынын идеяларына бул реформалар даяр полигон болуу менен бирге эле, алардын иш-аракеттерин дагы практикалык багытта тез арада сындан өткөрүүгө мүмкүндүк бермек. Эми мурдагыдай “биз райондун борборунан абдан алыс турабыз” деген шылтоолор суу кечпей калды. Жада калса, телефон байланышы аба-ырайына байланыштуу үзүлүп калды деп айтууга да болбой калды. Мобилдик байланыш, интернет жана жогорку технология заманы ушундай жаңыча иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүп берип жатат.

Кыскасы, эгерде биз административдик-территориялык реформаларга бара турган болсок, чечкиндүү жана кескин өзгөртүүлөрдү жасап, бүгүнкү кырдаалды гана эмес, жакынкы келечек тургай, алыскы перспективаларды да эске алуу менен чечүү абзел.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

 

2 comments

  • Арман says:

    Урматтуу элим.илгерки сьездди.делегаттарды ишке ашырышыбыз керек.

  • Ольга says:

    УВАЖАЕМЫЙ МИНИСТР!

    ПРОЧИТАВ ДАННОЕ РАССЛЕДОВАНИЕ в отношении вашего советника Тилека Жантайбекова В ГАЗЕТЕ ДЕЛО от 24 января 2018 года МЫ ПРОСТО В ШОКЕ, ЕСЛИ ТАКОЙ ЧЕЛОВЕК РАБОТАЕТ В ТЕЧЕНИЕ 8 ЛЕТ В РУКОВОДСТВЕ СИСТЕМЫ ЗДРАВООХРАНЕНИЯ, ТО ПЛОХИ НАШИ ДЕЛА, ВСЕ ПОСЛЕДНИЕ РЕШЕНИЯ МИНИСТЕРСТВА ЗДРАВООХРАНЕНИЯ ИМЕЕТСЯ В ВИДУ КАДРОВЫЕ, ВО МНОГОМ БЫЛИ НЕЗАКОННЫМИ НАВЕРНЯКА, ВЕДЬ КРИМИНАЛ НАПРЯМУЮ ПРАВИЛ НАШЕЙ СИСТЕМОЙ ЗДРАВООХРАНЕНИЯ. И РАССЛЕДОВАНИЕ ДЕПУТАТСКОЙ КОМИССИИ ДОЛЖНО И ОБЯЗАНО ПОСТАВИТЬ ТОЧКИ НАД ВСЕМ «И».

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *