Бийликте аялдар азайып кетти деп арман кылган Касымалиева

Кыргызстанда жогорку бийликтен баштап, жергиликтүү башкарууга чейин аялдардын саны кескин азайып кеткенин арман кылып, Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер талкууланып жатканда, КСДП депутаты Аида Касымалиева айтып чыкты. Ал бийликтеги вице-мэр, акимдин орун басары өңдүү орундарда айымдар социалдык блокту тейлеп келген болсо, учурда ал орундарда да аялдар кескин азайганын айтып, парламентте ант бергени келген өкмөт башчысы Сапар Исаковго “Жаңы доорго кырк кадам” программасына бирден-бир алгылыктуу багыт катары гендердик саясат маселесин киргизиш керектигин сунуштады. Албетте, көтөргөн маселесинде жүйө бардыр, бирок кадрларды кесипкөйлүгүнө карап тандабастан, гендердик саясатка карап кызматка коюу керек деген туура эмес болуп калат. Ким өз ишин билсе ал аял, эркектигине карабай артыкчылык берилиш керек. Аял экен деп эч нерсе билбеген бирөөнү кызматкка дайындоого да болбойт…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *