Кудайберген Базарбаев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалабы?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунованын иштей албай жатканы ал кызматка келгенден бери айтылып келет. Бирок кресло деген аябай таттуу экен, коомчулуктун сынын чиркей чакканчалык кабыл алган жок. Күнү бүгүнкүгө чейин мурдун балта кеспей, ордунан козголуп койбоду. Иштей албайт экенмин, колумдан келбейт экен деген түшүнүк түк оюна келбеди. Бирок баары бир элдин сыны бийликке таасир тийгиздиби, акыры Исакунованы иштен алганы калыптыр. Ордуна мурдагы министр Кудайберген Базарбаев бараары айтылып жатат. Албетте, бул киши деле аталган тармакты кыйратып жиберген эмес. Жоктон көрө жогору дешкенби, Базарбаевди кайра алып келгени жатышыптыр.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *