Бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык эмгек акы өлчөмү 80%га көтөрүлдү

Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна маданият мекемелеринин кызматкерлеринин маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилди:

– Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;

– Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;

– С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин;

– Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;

– «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.

Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80%га көбөйтүлдү:

– Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;

– М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;

– С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;

– Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *