Бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт кетти

Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Күлдү айылында жол кырсыктан 4 адам каза болуп, 1 адам оор абалда ооруканага түштү. Кырсык 9-сентябрда саат 19:00 чамасында болгон. Анда “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус менен “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. Анын кесепетинен жеңил машинедеги 5 адамдын төртөө оор жаратынан улам кырсык болгон жерде көз жумган. Оор абалдагы жабырлануучуга Кадамжай аймактык ооруканасында жардам көрсөтүлгөн. “Мерседес Бенцтеги” 4 адам ооруканага кайрылып, биринчи жардам алып кетишкен. Алар Оштогу Ноокат шаары менен Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын тургундары болгон. Кичи автобус жүргүнчүлөрдү Айдаркен шаарындагы базардан алып келе жаткан. Каза болгон жарандар Орозбеков айыл аймагынын тургундары — бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени аныкталды. Каза болгон жарандар: 1973-жылы тулган Э.Н. (үйдүн кожоюну); 1974-жылы тулган Д.Н. (жубайы); 2002-жылы туулган Н.У. (жубайлардын уулу); 2016-жылы туулган М.У. (жубайлардын кичүү уулу). Ооруканада дарыланып жаткан жабырлануучу — бул үй-бүлөнүн 2004-жылы туулган уулу К.У. Учурда бул кырсыкка себепкер болгондор кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *