Бир үй-бүлөөдөн үч чемпион болгон эмес

Өткөн жума этегинде эл аралык «Ала-Too» университетинде шахмат боюнча балдар арасында Кыргызстандын чемпионаты аяктады. 14 комплект сыйлык үчүн 500дөн ашык акыл-эс чеберлери күч сынашып, мыкты шахматчылар аныкталып, жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. Бу жолку чемпионатта кыргыз шахматынын тарыхында болуп көрбөгөн жакшы жаңылык катталды. Съездбек Таштекеевдин үй-бүлөсүнөн алтоо аламанга аттанып, анын үчөө Арзыбек, Руслан жана Айжан өз курак чендеринде өлкө чемпиону болушту. Бир үй-бүлөдө үчөө катары менен чемпион болгонун буга чейин укпаптырмын. Кыргыз спортунун тарыхында менимче биринчи жолу болсо керек. Мындай жакшы жышаан кадыресе көрүнүш болбогондон кийин үч шахматчынын атасы Съездбекти ажо кабыл алып, жок дегенде далыга таптап жакшы сөзүн айтып койсо ашыкча болбойт беле… Же өкмөт башчы сөзсүз эле «бирөөнүн үйү качан өрттөнүп кетет?» деп күтпөй эле «Үлгүлүү үй-бүлө» катары баалап бир жолку 100 миң сомун берип койсо болбойбу. Сом демекчи, спортчуларга деген стипендия бар эмеспи.

«Эмнеге Азияны багынтып жүргөн Руслан Съездбековго стипендия жагы каралбайт?» деген суроону спорт жетекчилерге жакынкы күндөрү узатам. Жоопту издегенге аракет кылабыз. Тиешелүү адистерге кайрылып көрөбүз, айтабыз, дейбиз. Кыргызда «Бала ыйлабаса эмчек кайда?» деген кеп бар. Анын сыңарындай, барчу жерлерге барып, акырына чыкканга аракет кылабыз…

Албууттанган бойдон «Ала-Тоодогу» чемпиондорду атабай кете жаздапмын. Асад Аманов, Анандэмей Даулет (6 жаш), Чыңгыз Султай, Айжан Съездбекова (8 жаш), Алихан Алишеров, Нуржамал Пазылбекова (10 жаш), Эржан Жакшылыков, Арина Асанова (12 жаш) Азиз Дегенбаев, Мирлан кызы Азалия (14 жаш). Руслан Съездбеков, Дарья Ли (16 жаш), Арзыбек Съездбеков, Шахнази Мусаева (18 жаш).

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *