Президенттикке талапкер Рита Карасартова шайлоо фондусуна бир жумада 20300 сом чогултту

Президенттикке талапкерлигин койгон алгачкы айым, укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн “Фейсбук” баракчасы аркылуу элден акча сурап кайрылуу жасаган. Анда: “Урматтуу кыргыз элим кичинекей отчет берип коеюн дедим. Шайлоо фондусуна каражатты элден чогултам деген үмүт бар. Банктан счет ачканыма бир жума болуптур. Бир жуманын ичинде 20300 сом элден келиптир. Кийинки отчетторумда кимден түшкөнүн жазып берем”- деп жазылган.

Ошондой эле ал чогулган каражат үгүт иштерине жумшалаарын айткан.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *