Бир жыл эмес, жүз жылдык келечекти болжогон лидер

Өмүрбек Бабанов коомчулуктун дал бутасында турган ар тараптуу инсан.  Ал кыргыздын саясый олимпине чагылгандай тездик менен чыга келди. Аны оболу бизнесмен катары таанып-билсек, кийин мамлекеттик кызматкер болсо, бүгүнкү  күндө Жогорку Кеңештин депутаты. Мындай парасаттуу, андан калса бай адам жөнүндө айтылган ушак-айың,  канда “ойноп” келген көрө албастык  болуп келген, боло бермекчи. Канткен менен  Өмүрбек Токтогулович  турмуштун  “тайгак кечүү, тар жолун” басып өтүп, учурда саясый айдыңдын аба ырайын аныктап койчу деңгээлдеги жигери кайнаган жигиттик куракта турат.

Кыргызстанда Президенттик шайлоо жакындап келе жатканына байланыштуу Өмүрбек Бабановду журт башчысы катары көргүсү келгендер жок эмес. Эгерде Өмүрбек мырзанын өмүр сапарына сарасеп сала турган болсок,  анын Президент болууга бышып-жетилип турганы калетсиз. Анткени, ал бүгүнкү күндүн күрөө-тамырын кармай билген кылдат саясатчы, тепкен жерден тыйын чачыраган бизнесмен, калкка кам көрө билген меценат, эң башкысы билимге карк заманбап адис-жетекчи. Мына ушул өзгөчө сапаттарды  мамлекеттик башкарууда элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну жолго сала алса,  Кыргызстандын тез арада   өнүгүшүнө өбөлгө түзө алары талашсыз.

Анда эмесе жогоруда белгилеген төрт сапатты чечмелөөгө аракет кылалы. Чынында эле Өмүрбек Токтогулович акыркы жылдарда кылдат саясатчыга айланды. Жогорку Кеңеште дагы орундуу маселелерди көтөрүп, партиялык принциптин бекемдигин сактоого, парламентте прогрессивдүү көз карашты калыптандырууга салымын кошуп жатат. Анан дагы ал Жогорку Кеңешке талапкерлерди шайлоо учурунда өзүнүн уюштуруучу-менеджерлик жөнөмдүүлүгү өзгөчө экендигин көрсөтө алды. Дагы бир артыкчылыгы – жоопкерчиликти моюнга ала билгендиги. Демек, анын кунарсыз куру сөздүн кулу эмес,  сөзүнө иши төп келген практик – саясый ишмер экенин айгинелейт.  Мындай сапат өлкө башчысы болууда маанилүү.

Экинчиси, Бабановду бизнесмен катары ар кандай сыпаттагандар бар. Деги эле бизнесмен тууралуу жылуу сөз айтуу кайсыл гана калк болбосун алардын менталитетине  жат көрүнүш экенин далилдөөнүн зарылчылыгы жок. Өмүрбек Токтогуловичтин “кызылын көрсө” жулуп алууга шай   коррупциялык башкаруу системанын башында турган Акаев, Бакиевдин учурунда өзүнүн бизнес империясын сактап, өнүктүрүүгө жетишкендигинин өзү чоң эрдик. Бизнесмен ошол үчүн бизнесмен. Анын бизнести колго алуудагы жөндөмүн ушундан билиңиз, кайсыл бир жылдары Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтанын наркы төмөн түшүп кетип, парламенттин депутаттары катуу талкуулаганы эсимде. Кай бирлери Лондон биржасындагы наркка жараша  сатып алынып жатканын  далил келтирип жатышты. Чынында эле Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтанын көлөмү  дүйнөлүк рынокто эч нерсеге арзыбай турганын эч ким билгиси келген эмес. Бирок, ошол учурдагы жаш ишкер Бабанов кыргыз пахтасын Өзбекстандын өндүргөн пахта продукциясы аркылуу дүйнөлүк рынокко алып чыгып жатканына ыраазы болуш керек эле. Бул чынында анын ишкер катары табышкерлиги десек жаңылышпайбыз. Же болбосо, Россиянын Пенза облусуна курган ири цемент заводу тууралуу дагы кайчы пикирлер айтылып келди. Эмне үчүн биздин ишкерлер чет өлкөгө инвестиция салбашы керек? Ансыз деле Бабановдун бизнес империясы бүгүнкү күндө өлкөдө жүздөгөн адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылып, миллиондогон сом салык төлөп жатпайбы. Эгерде Өмүрбек Токтогуловичтин бийлик сересине келишине шарт түзүлсө, анда ишкер чөйрө муну туура эле кабыл алышы абзел. Анткени, азыр дүйнөдө Трамп  өңдүү ири байлар мамлекетти башкарууга ишеним алышып, өз өлкөсүнүн бардар жашоосуна  өзгөчө көңүл бура баштагынын мезгил ырастап жатат.

Үчүнчүдөн, Бабановдун ак жүрөк-меценаттыгынын бир мисалы катары  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы өзгөчө зээндүү балдар үчүн ачылган Токтогул Бабанов атындагы лицейди алалы. Өмүрбек мырзанын түздөн-түз колдоосу менен ишмердүүлүк жүргүзгөн лицейде 150 бала бекер окуйт экен. Окуучуларга эки маал тамак берилсе, жатаканада жашагандарга күнүгө беш маал тамак берилет. Мугалимдердин айылыгы башка мектептеге салыштырмалуу 15 пайызга көп дешет. Анда окуган окуучулар республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алышып, мыкты окугандар Кытай, Германия, АКШда билимин улантып жатыптыр. Өлкөнүн аймагында балдарга билим берүүнүн деңгээлин өнүктүрүүгө жана көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Өмүрбек Бабанов меценат катары атайын медаль менен сыйланыптыр. Аталган фонддун мүчөсү болбогон адам  The Rotary Foundation of Rotary International  эл аралык уюмунун алышы тарыхта биринчи жолу болуп атыптыр. Чынында мына ушундай жасап жаткан иштери тууралуу Бабановдун жар салып айтканын деле уккан эмеспиз. Бирок, ишкер катары билимге инвестиция салып жатканы бир жыл эмес, жүз жылдык келечекти болжогон көрөсөндүгүнүн бир белгиси десек болот.

Төртүнчүдөн, иш билги жетекчилиги. Мында эң оболу анын кишичилигин байкоого болот. Себеби, Өмүрбек мырза жетекчи болобу, депутаттык кызматты аркалайбы, сындын чордонунда жүрөт. Ошондо дагы токтоо, кызуу кандуулукка алдырбайт. 2007-жылы казак жараны деген шылтоо менен борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлигин алып салганда, ал өзүнүн чындыгын далилдеп туруп, парламенттеги өзү бара турган депутаттык  орунун Роза Отунбаевга өткөрүп берип кеткен мырзачылыгы  көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Ал өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда жакшы демилгени шыр колго алып, бир топ реформаларды баштаган болчу. 2010-жылдан берки Өкмөт башчылыгына келген Премьер-министрлердин ичинен Өмүрбек Токтогуловичтин учурунда гана экономикалык өсүшкө негиз түзүлгөнүн азыркылар моюнга алышы абзел.

Өмүрбек Бабанов башкаруу системасында жат адам эмес. Анын канында бар десек жаңылышпайбыз. “Аккан арыктан суу агат” деп кыргыздар бекеринен айткан эмес. Ошол учурдагы Киров районундагы “Россия” колхозун миллионер чарбага айландырган,  Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты, легендарлуу Токтогул Бабановдун уулу болуп туруп, өз элинин кызыкчылыгы үчүн иштебей коюу мүмкүн эмес. Ал алгач ирет талапкерлигин койгондо, шайлоочулары: “Өмүрбек биз сени анча тааныбайбыз,  али жашсың, бир биз сенин атаңды жакшы тааныйбыз” дешип ишеним артканы бекеринен эмес да.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда Коституциялык өзгөрүүлөр, башкаруу системасы, экономикалык реформалар, мыйзам чыгаруу тажрыйбасына түздүн-түз катышып, кээ бир учурларда жетекчиликти аркалап келди. Ал сынга кабылды, сынган жок. “Таш менен урганды, аш менен уруп” дипломатиялык калыс пикирди карманат. Улууну урматтай  билет. Жакшы демилгенин жардамчысы, таянычы. Ал ар дайым алдыга умтулуу менен мезгилден артта калбай келет. Бабановдун феномени мына ушунда жатат.

Наралы Асанбаев, журналист

Булак: “Жаңы ордо”

1 ой-пикир

  • Эркингуль says:

    Биздин мамлекетибизге ,президенттике эн татыктуусу​ Омурбек Бабанов деп ойлойм.Урматтуу автор сиз Бабановго абдан туура муноздомо бериптирсиз, менин оюмча коп еле Кыргызстандыктар ушундай пикирде деп ойлойм.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *