Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун атасы дүйнө салды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун атасы дүйнө салды. Бул маалыматты өкмөттөн тастыкташты.

Берилген маалымат боюнча, биринчи вице-премьердин атасы Айылчы Боронов бүгүн 3-ноябрда, эртең менен көз жумган. Ал 83 жашта болчу, буга чейин ооруп жүргөн.

Кошумчалай кетсек, маркумдун сөөгү эртең Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу айылында жерге берилет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *