Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала

(Энеси эшиктен кирет)

Э. – Таалай, Таалай, ээ ботом, эшикти ачык таштап каякка кеткен? (Энеси  колуна эки жоолук кармап турат да)

Э. – Ата-бабамдан калган бул жоолукту салсам бекен же мунусунбу? Таалайыма кайсынысы жакса ошонусун салайын. (Таалай кирет)

Э. – Оо, ботом кайда жүрөсүң?

Т. – Кайда жүрмөк элем?

Э. – Муну карачы, кайсынысы сага жагат? Эмне тултуюп калгансың? Үйлөнөөр убагың болду, үйлөнсөң боло?! Мен дагы эл катары келиндин колунан чай ичип, небере жетелеп, той берип…

Т. – Ээ, тойду эмне кыласың?

Э. – Ал эмне дегениң? Тилегим эле ошол, үйлөнсөң, сенин келинчегиңе салам. Сен ооруп калган жоксуңбу балам?

Т. –  Жок.

Э. – Анан эмне болду? Урушуп кеттиңби? Айтчы деги эмне болду? Көптөн бери сүйлөшпөй да калдык, деги сүйлөчү, капа болуп жүрөсүңбү? Айтчы балам, айтсаң?

Т. – Мени… багып алганыңыз чын беле?

Э. – Ким айтты?

Т. – Ким айтканын эмне кыласыз? Ушул чынбы деп сурап жатам мен сизден (кыйкырат).

Э. – Чын… Демек уккан экенсиң да. Эмне эле катуу сүйлөп, акыркы күндөрү орой болуп калды десе уккан экенсиң да. Эх, атаң экөөбүздүн ортобузда бала болбоду. Түшпөгөн доктур, барбаган бакшы калбады же ажырашып кете албадык. Бир күнү чечимге келип балдар үйүнө бардык. Ооо, балдар көп экен. Кээ бирөөсү керебетте, кээ бирөөсү жерде. Бирөөсү ыйлап, бирөөсү сийдигине чыланып тырбалаңдап, бирөөсү оюнчугуна жете албай тыбырчылап… Эээх, ошончо балага бир бакмачынын колу да, алы да жетмек эмес. Башым айланып кетти. Анда  сен бир жарым жашта экенсиң. Бечелдигиңден баспай, эмгектеп жүрүпсүң. Кагылайындар ай, кайсынысына көз токтотоорумду билбей турдум. Көздөрү жайнап, колдорун көтөрүп тырбаңдашат. Ошол учурда алдыбызга эки көзүңдү жайнатып, эмгектеп  сен келип калдың. Мурун ата дечү элең, эми эмне дээриңди да билбейм. Атаң шак көтөрүп ала койсо эле мойнунан кучактап, көкүрөгүнө башыңды катып бышактай кеттиң. Аа, көпкө чейин көкүрөгүнө башыңды коюп…. Эт-жүрөгүбүз эзилип, бир чечимге келдик. Күндө барабыз, документ толтуруш азап болду.

Кетээрге келгенде эле чыркырап ыйлап, бакмачынын да, биздин да айлабызды кетиресиң. Ошентип жүрүп акыры үйгө да алып келдик. Ошондогу кубанычыбызды айтпа. Бассак-турсак  ырыбыз да, жомогубуз да, күлкүбүз да, жыргалыбыз да  жалгыз сен болдуң. Караңгы турмушубузду жарык кылдың. Кантейин, алыбыздын жетишинче, колубуздан келишинче бөпөлөп, жыртык кийим кийгизбей чоңойттук. Көргөн азап менен тозогубуз бизге майрам эле. Биринчи кадам шилтеп басканда, биринчи ата деген сөзүңө, биринчи мектепке барганыңа, биринчи окууга өткөнүңө атаң мал союп, чоң той берип жатып калаар эле. Байкуш атаңдын өмүрү кыска экен…. Бир күнү сен экөөбүз парктан келе жатканбыз. Алдыбыздан мен сыяктуу аял чыга калбаспы. Ал бизди тиктеген боюнча туруп калды. Ошондо эле жүрөгүм зырп этти. Анан калса апаң экөөңөр куюп койгондой окшош экенсиңер. Өмүр бою колумдан жулуп кетпесе экен деп коркчу элем. Жолугушуп калбаса экен, билгендердин оозунан чыгып кетпесе экен деп сарсанаа болчу элем. Жатсам да, турсам да Алладан тилегеним ушул эле. Сен да аялды тиктеп калдың. Дене боюм титиреп, балам бассаңчы, бассаңчы деп шаштыра бердим. Сен бир-эки аттадың да, артыңа жалт карадың. Ошондо тигил аял сени тиктеп туруптур. Мен болсо айлам куруп, жеңиңден тартып шаштырдым. Эмнегедир сенин кадамың жайлап, бир ойго түшө калгандай болуп анан:

Т. – “Апа, жанагы аял бизге тууган эмеспи, мага аябай окшош экен” – дедиң.

Э. – “Эч кандай бизге тууган эмес. Дүйнөдө окшош адамдар боло берет” деп кайсалактадым. Акыры акмалап жүрсө керек. Эшиктин кычыгына кагаз илип кетиптир. Окусам дарегин жазып коюптур. Кандай күнү, кайсы түнү колумдан жулуп кетет деп түнү ыйлап, күнү күлүп жашап келаттым эле. Акыры угупсуң, билипсиң. Кантейин… Болуптур балам, сен бактылуу болсоң болду. Мен азыр.

(Энеси чыгып кетип кайра кирет)

Э. – Кандай болгон күндө да балабыз элең, сен биздин жашообузду көрктөндүрдүң. Сен болбосоң кантет элек? Бул ушул үйдүн документи. Сенден башка кимибиз бар эле, ме гой каралдым. Атаң муну мага аманат кылып тапшырып кеткен. Ме карма, бул энеңдин дареги.

Т. – Кереги жок мага!

Э. – Антпе кубатым, мени кууратпа. Бул үй сеники, ал балам, колумду какпа. Бара гой… Ар ким өз  ата-энесин издебей койбойт.

(Бала кирет)

Т. – Апа, апа кайдасың? Кайда кеткен?! (Ары-бери чуркап издеп жүрөт)

Эми эмне болот? Кандай жашоо болот? Мен бакма экенимди билгенден баштап бооруна сыга кучактаганыңда, бетимден, колумдан өпкүлөп ак дасторконун жайып, тамактардын түрүн жайнатып олтурганда, ооруп калсам ушул күнгө чейин кирпик какпай  жалынып-жалбарганыңда, Алладан ден соолугумду, бактымды, таалайымды тиленип, “Ушул баламды албай, мени ал”, – деп ыйлап отурганыңды көргөнүмдө өз апам ушинтип маңдайымда турса кандай бактылуу болот элем дечү элем. Анан ичиме бугум батпай ыйлап, болоор-болбоско чыр кылып айласын кетирчүмүн. Ошондо апам куурайт эле. Тез эле ушундан кутулсам, өз апамды тапсам деп Алладан суранчумун. Өмүр бою өз апамдын жытына куса болдум. Өз ата-энемди тапсам, бир мүнөткө да калбайм дечүмүн. Өз ата-энемдин мээримин сагынчумун. Мына эми өз ата-энемди таптым.

Байкуш апам: “Үйлөнсөң, неберелүү болсом той берем”, – деп жылыга аппак жоолуктарды алып келе берип, жоолуктары бир сандык болду окшойт. Кандай сонун таттуу кыялдары бар эле. Эми эмне болот? Байкуш апам ай?! Кантип таштап кетем? Апам анда эмне болот? Башым айланып билбей турам… Билбееейм эмне кылаарымды билбееейм! (кыйкырып ыйлайт) Бирок бир гана билгеним бул. Таштанды бала кайсы жашка келбесин, кандай куракка жетпесин, кедейби, байбы өмүр бою өз ата-энесин издээрин, аларды куса болуп сагынаарын билем. Өз эне-атамды ушунчалык күтчүмүн. Атам башымдан сыласа, энем бетимден өпкүлөсө, анан экөөнүн ортосунда жүрсөм кандай бактылуу болот элем дечү элем. Баккан ата-энем мени багышты, окутушту, өздөрүндө болгон мээримин мага беришти. Кандай тентек болсом да, тил албай кежирленсем да, айткандарын аткарбай койсом да бир да жолу мага жаман сөз айтышпады. А мен бакма бала экенимди билгенден баштап кандай гана кыялдарымды көргөзгөн жокмун.

– Апа, апакебай, кантип сени таштап кетем? Уккула, мен жалгыз таштанды болсом, мага окшогон канча таштанды балдар жер үстүндө азбы? Унутпагыла, таштанды балдар ар дайым өз ата-энесин издээрин, куса болуп сагынаарын, жол карап күтөөрүн унутпагыла!

Тынара Абдразаева, КР Эл артисти

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *