“Независимая газета”: Бишкек менен Ташкент чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө киришти

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин алкагында чек аралаш аймактарды алмашууда. Кыргызстандын Барак эксклавы Өзбекстанга өтөт. Өзбекстан Кыргызстанга ага тең көлөмдөгү жер участогун берүүгө убада кылды.

Эгер алмашуу процесси эч кандай татаалдыксыз өтсө, бул Фергана өрөөнүндөгү көп анклавдар үчүн прецедент болуп калышы мүмкүн.

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөсү, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги этабын бүтүшүп, анын жыйынтыгы боюнча тараптар чек аралаш участокторду алмашууну чечишкендерин кабарлады. «Суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак эксклавы Өзбекстанга өтөт, Өзбекстан өз кезегинде Кыргызстанга Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтү менен чектешкен аймактан ошончолук эле көлөмдөгү жер участогун берет» деди Юсупов Интерфакска. Анын айтымында, жергиликтүү эл өкмөттөр аралык комиссиянын мындай чечимине макул болушту, себеби, алар көп жылдар бою чек арадан өтүүдө ыңгайсыздыкты сезип келишкен.

Өкмөттөр аралык комиссиянын өкүлү 2019-жылы демаркация процессине киришүү үчүн кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоону быйыл аяктоо пландаштырылып жатканын белгиледи. «Ачыгын айтайын, процесс өтө кыйын жүрүп жатат, кээ бир жерлерде үйлөр шахматтык абалда жайгашкан, бүгүн бизге он жылдап чогулуп, чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүгө туура келүүдө» деп кошумчалады Юсупов.

Чек ара көйгөйлөрү көз каранды эмес жаңы мамлекеттерге СССРден мураска калган. Үч союздук республиканын: Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын Фергана өрөөнүндөгү административдик чек аралары жердин рельефин жана өрөөндө жашаган калктын кайсы этноско таандык экендигин эске албай белгиленген. Натыйжада бул шарттуу бөлүү мамлекеттик чек ара болуп калды. Региондо сегиз анклавдын болгону абалды ого бетер татаалдантып турат. Чек ара көйгөйлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү дал ушул анклавдар менен байланыштуу, алар өлкөнүн негизги аймагынан алыс болгондуктан, көп проблемаларды жаратып, алар айрым учурларда кандуу кагылышулар, атүгүл адамдардын өлүмү менен бүткөн жагдайлар болгон.

Кыргыз саясат таануучусу Марс Сариев Барак эксклавы 300 үйдөн турган бир айыл экенин белгиледи. «Эки-үч жыл мурда этникалык кыргыздарды Кыргызстандын аймагына көчүрүү процесси башталган. Аларга жер участоктору, атүгүл там курганга субсидиялар да бөлүнүп берилген. Азыр ал жерде аз эле кыргыз үй-бүлөлөрү калды. Андыктан, аймактарды алмашуу көп деле татаалдыкты жаратпайт деп ойлойм. Өзбекстан тарап ага тең өлчөмдөгү жер участогун берет. Эч кандай коллизия пайда болбойт. Президент Жээнбековго оппозициядагы күчтөр бул алмашуудан өздөрүнө саясый упай топтоого аракет эле кылбаса» дейт Сариев. Анын айтымында, бул Ташкент тараптан жасалган жакшы мамиленин бир белгиси. «Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле кыйла жакшырды. Көп маселелер чечилүүдө».

Борбор Азия жана Орто Чыгыш боюнча эксперт Александр Князев талаш участкаларды алмашууга прецедент чек араны демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек практикасында өткөн жылдын аягында түзүлгөнүн айтты. «Азырынча баары ийгиликтүү, эч кандай чыр-чатаксыз жүрүп келатат, себеби кеп чарбалык пландан алганда анчалык маанилүү эмес, калк жашабаган участкалар жөнүндө болуп жатат. Азыр макулдашууга жетишилген Барак аянты 230 гектарды түзгөн айыл, анда болжол менен Кыргызстандын 75 жараны жашайт. Эми алар өз тагдырын өздөрү чечип, же Өзбекстандын жарандыгын алууга арыз берүүлөрү, же Кыргызстанга көчүүлөрү керек. Эгер көчүшсө мамлекет аларга мурдагы жериндегидей жашоо шартын түзүп берүүгө милдеттүү» деп белгиледи эксперт. Бирок, анын пикири боюнча, экинчи вариант шек туудурат. «Жакында эле өзүнүн тарыхый мекенине көчүп келишкен ооган кыргыздарынын чоң тобу Ооганстанга кайра кетүүнү чечишти, анткени, кыргыз өкмөтү аларга убада кылган жардамын жана колдоосун көрсөтө алган жок» дейт Князев.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Сох, Шахимардан, Джангайл (өзбекче аталышы Халмион), кыргыз айылдары менен курчалган Чоң-Гара-Галча, Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегиндеги жерлер сыяктуу дагы 30дан ашуун талаштуу участок бар. Эксперттин пикири боюнча, бул участоктордун башын ачуу кыйыныраак болот Сохто 50 миң, Шахимарданда 5 миң киши жашайт. «Өзбекстанга таандык экенине карабастан, бул анклавдардын негизги калкын этникалык тажиктер түзөт, алар Кыргызстанда калууну каалары өтө күмөн. Кандай болгон күндө да Сох менен Шахимардан Кыргыстандын курамына кирип калышы күмөн» деп белгиледи Князев.

Кыргыз эксперти Кубат Рахимовдун ою боюнча, алмашуунун оң жана терс жактарын баа бериш үчүн аймактарды алмашуу маселесин ачык, эксперттерди жана коомчулукту тартуу менен талкуулоо керек. Ачыктык болбосо экспертиза да болбойт. Бул болсо чек арада жаңы чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Мына ошондуктан Барак эксклавын алмашуу процесси канчалык адилет чечилсе, башка көйгөйлөр да ошондой эле адилет чечилет.

Виктория Панфилова

«Независимая газета»

Кыргызчалаган “Азия ньюс”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *