Бишкек милициясынын журналисттерден качканында кандай сыр бар?

Бу менттерге өзү табиятынан жакшылык деле жарашпайт. Жумуш боюнча алдыларынан өтүп, иштешүү, маектешүү боюнча сунуш киргизсең, бой көтөрүп, керсейип чыга келишет да, качан ишиндеги итчиликтерин тизмектеп, чучугуна жеткире сын жазсаң, дароо туш-туштан кесиптештерибизге тааныш салып, чуркай башташат. Маселен, ушул күндөрү Бишкек ШИИББ башчысы, полковник Сталбек Рахманов маектешүү боюнча бир канча ирет сунуш киргизгенибизге карабай кол алдындагы басма сөз катчысы аркылуу ар кайсы жоопторду айтып, жаа бою качканында кандай сыр бар? Бу МЕНТтер өзү адамча сунушка татыктуу жооп бере алышпаса, булар жөнүндө анан кантип жакшы пикир жазууга болсун? Маселен, министр Улан Исраилов кол алдындагы бардык милиция жетекчилерин журналисттерге карата ачык болуусун буюрганын кулагыбыз чалган. А мындай шартта Бишкек ШИИББ башчысы Сталбек Рахманов министрдин да буйругун тоготпогондой түс бербейби? Жакында баш калаанын прокурору Абдибакыт Халмурзаев эч кимден коркпой-үркпөй эле биздин кесиптештерге маек берүүгө батынса, Бишкектин башкы МЕНТинин журналисттерден корккону эмнеси? Же кол алдындагы басма сөз катчысы шефине биздин кайрылуубузду жеткирбей жатабы? Азырынча жылуу-жумшак сунушубузду айта туралы. Калган кепти алдыңкы күндөрү дагы да ачыктаарбыз.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *