Бишкек – Ош унаажолунда автокырсык катталып, эки адам каза болду

Токтогул районунда 2017-жылдын 11-сентябрь күнү саат 00:07 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 267-чакырымында “Фольксфаген-Гольф 2″ үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учураган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, айдоочу жабыркаган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *