Бишкек шаардык милиция кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына шаарыбыздын тургуну арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 26-сентябрь күнү белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнө киришип 20 000 сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыш изи сууй электе шаарыбыздын 23 жаштагы жашоочусу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *