Бишкек шаардык милиция кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты

5-сентябрь күнү милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, арызында соода-түйүндөрдүн биринде жайгашкан дүкөнүнүн текчесинен сатыкта турган 32 миң сомдук “Самсунг Галакси” үлгүсүндөгү уюлдук телефонду уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүп берүүсүн билдирген. БУл туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарынын 25 жаштагы К.Б. аттуу жашоочусу кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жеткизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *