«Бишкек жылуулук тармагынын» 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКсынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Ушу тапта «Бишкек жылуулук тармагынын» карамагында жалпы узундугу 430 чакырым келген жылуулук кубурлары бар, анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. «Аларды алмаштыруу үчүн 200 млн доллар көлөмүндө каражат табуу кажет. Ошондон улам, Дүйнөлүк банктык каражаты тартылууда», – дейт ААК баш директорунун орун басары Уран Раимбердиев.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *