Бишкекке дүйнөгө атагы чыккан джаз аткаруучу Рональд Бейкер келет

10-ноябрда Бишкектин Easy Pub эс алуучу жайында дүйнөгө атагы чыккан, уникалдуу труба артисти аталган Рональд Бейкердин келүүсү күтүлүүдө.

Ырчынын артында 7 альбому бар, ал эми анын ырлары дүйнөлүк чарттарда “Заманбап джаздын мыкты альбомдору” наамдарын  ээлеп келет.

Ал Монреалда, Нью-Джерсиде, Марчиак, Монтрьё шаарларында өткөн джаз фестивалдарында алдынкы орундарды ээлеген. Көптөгөн джаз сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн татыктуу орун алган.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *