Бишкекте Ак калпак күнүнө карата бир тонна бешбармак жасалат

Бишкекте 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата бир тон­на бешбармак даярдалат. Иш чараны «Ак элечек», «Ак калпак» жана «Кыргыз тилектештиги» долбоорлору уюштурат. Бул тууралуу «Кыргыз тилектештиги» коомунун жетекчиси Элнура Кулуева билдирди. Анын айтымында, улуттук тамак Ала-Тоо аянтында жасалат. Уюштуруучулар иш-чарага Гиннестин рекорд китебинин өкүлдөрүн чакырышты. «Биз уюмга кайрылдык, азыр анын жол-жобосу талкууланып жатат», – деди Кулуева. Беш бармакты даярдоого меценаттар колдоо көрсөтөт, ал эки күндө жасалат. Уюштуруучулардын максаты – улуттук салт-санааны жайылтуу. 2015-жылы Астанада 736,5 килограмм бешбармак жасалып, Гиннестин рекорд китебине кирген.

Булак: Ачык саясат 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *