Бишкекте илинген “өзгөчө” жарнакты алып салышты

Кечээ Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде илинген “Кайран элим, кайда баратабыз?!” деген  жазуусу бар жарнак алынды. Бул тууралуу шаар мериясынын басма сөз кызматы билдирди. Бул баннер мурдагы баннерлерден өзгөчө болуп, анда чүмкөнгөн кыздардын ордуна европалык стилде, акык кийинген кыздардын сүрөтү коюлган эле.

Маалыматка караганда, Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарнак илинген жер “Коңурбаев” аттуу жеке ишканага таандык болгон. Текшерүүдөн кийин аталган ишкананын жетекчилиги ал жерди башка адамга ижарага бергенин билдирип, талаштуу жарнакты алып салаарын айткан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *