Бишкекте адам итти өлтүргөндүгү үчүн соттолду

Бишкектин Свердлов районунун соту курцхаар породасындагы итти уурдоого жана өлтүрүүгө шектүү адамды жазага тартты. Бул тууралуу иттин ээси Гуля Алмамбетова билдирди.

Сот Темирболот Сатыбалдиевди күнөлүү деп таап аны үч жылга эркиндигин чектеди.

Соттун чечими боюнча эми ал жаза аткаруу инспекциясынын уруксааты жок шаардан чыгып, жашаган жерин өзгөртө албайт. Ал жумушун алмаштырганда дагы органдарды маалыматка коюп, эки ай сайын барып белгиленип туруусу керек. Андан сырткары, сот Темирболот Сатыбалдиевден жабырлануучу тарапка 35 миң сом өлчөмүндөгү каражат өндүрүп берүү чечимин кабыл алды.

Маалыматка караганда, Спайс аттуу ит 23-июнь күнү сейилдөө маалында жоголуп кеткен. Иттин ээси аны бошотуп койгон, ошол кезде белгисиз унаа келип, итти салып кеткен. Аны издөө 3 аптадан ашык убакытка уланып, акырында иттин жансыз денеси табылган.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *